Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:02

Жоопкерчилик эч кимде жок...


27-мартта чыккан кыргыз гезиттерине баяндама.

“Мекен инфо” гезити доктор Кубаныч Апастын маегин жарыялады. Көп жылдан бери Москвада жашап турган доктор кыргыз саясатчыларын көргөндө эле күлкүсү келерин, Ташиев, Текебаев, Кулов, Оторбаев, Келдибековдун баары кыргызбайлар экенин, кыргыз эли мурунку эле Мотуев сыяктуу саясатчыларды тандап жаңылышып жатканын, кыскасы, бүгүн доктор Апастын деңгээлине жете турган саясатчы жоктугун белгиледи.

“Баягы, баягы Асаба” гезити депутат Равшан Жээнбековдун “Премьер-министрди президент пешка катарында пайдаланат” деген аталышта депутаттын телефон аркылуу окурмандардын суроолоруна берген жообун эки бет менен толтура басып чыкты. Равшан Жээнбеков премьер болгусу келерин, бирок атаандаштык жогун, болсо дагы президент өзү каалаганын койдуртуп аларын, митинг кылалы деген эч кандай ой жоктугун, оппозицияны жаманатты кылыш үчүн бийлик массалык маалымат каражаттары аркылуу “Митингди оппозиция кылат. Эгер революция болсо Украинанын кейпин кийип калабыз” деген коркунучтуу сөздөр менен элди дүрбөтүп жатканын айтты.

Салима Жакшылык кызынын макаласы “Татарлар” деп аталды.

“Азия ньюс” гезити президент Алмазбек Атамбаев НБТ телеканалынын журналисти Батыр Мамыркуловдун жубайы Наргис Жаманкуловага жардам берип ал бооруна операция жасатканын, кийин оорусу кайрадан күчөп, өтө чоң суммадагы акча керек болуп, ал акчаны да өлкө башчысы өз чөнтөгүнөн берип, Жаманкулова сакайып кеткенин, эми дагы бир белгилүү журналист Кенжебек Арыкбаевдин дарт чалган боорун алмаштыруу керек болуп, ага да президент Алмазбек Атамбаев жардам бергенин, бүгүнкү күндө жалпы чогулган акча 52 миң долларга жеткенин, бирок дагы 50 миңдей доллар керектигин, абалы оордоп баратканын, ошондуктан кайрымдуу адамдар ага жардам берсе сообу тиймегин жазып чыкты.

“Учур” гезитине интервью берген саясатчы Эдил Байсалов өлкөдөгү система аты парламенттик болгон менен заты баягы эле эски бойдон калып калганын, азыр өлкөдө бийлик деген жок деп бардык жерде айтылып атканын, жоопкерчилик кимдин колунда экенин эч ким билбестигин, 2012-жылы Бабановдун өкмөтү таркатылат экен деген сөздү укканда Текебаевге 2-3 жолу кирип, президенттин ал кездеги аппарат жетекчиси Сатыбалдиевге барып: “Кылаар ишиңер жокпу? Кыргыз эли силерге оюнчукпу? Эрмектеп эле ойной бересиңерби?” деп айтканын, анын оюнча президент Атамбаев жаңы өкмөткө катуу шарт койбосо, анын да бийликтеги мөөнөтү бүтүп, элге берген убадалары аткарылбай кала берерин, Атамбаев элдин алдындагы тарыхый милдеттерин эске алса анда азыртадан чечкиндүү чараларга барып, мамлекеттеги жоопкерчиликти колуна алышы керектигин айтып чыкты.

“Асман плюс” гезити бул санын “Оторбаев өкмөт башчы болсо, Текебаев мойнуна минет” деген темасы бар кабар менен ачты.

Гүлкайыр Эшимова макаласын “Паранжы жамынган кыздар момунбу же террористпи?” деген баштема менен айрым адамдардын ойлорун ортого салды.

Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын милициясы Айбек Арзыматов 21-март күнү террордук-экстремисттик топко тиешелүү делген 5 аял кармалганын, бешөө тең кыргыз экенин, булардын максаты тыюу салынган Хизб-ут Тахрир кыймылынын иштерин кыргыз кыздарына жайылтуу болгонун айтса, Кыргызстандын дин иштери боюнча комиссиясынын кызматчысы Бактыбек Осмонов бүгүн каттоодон өткөн 2475 диний уюмдун 2081и ислам багытында экенин, өлкө боюнча тургузулган мечиттин саны 2618 болсо, анын 696сы эч жерде катталбаганын, катталбаган мечиттердин имамы кимдиги, кандай сабак өтөрү да эч кимге белгисиздигин, жаштардын дин дегенди таанып окуп, бири-биринен ажыратып билбегендиктен, билими жоктугунан, караңгылыктын айынан башы айланып баратканын, ошондуктан дин таануу сабагын мектептерге киргизүүнү тезинен колго алуу зарылдыгын белгиледи.

“Айат” гезити “Жоомарт Оторбаев жаңы революциянын жышааныбы?”, “Улуттук каналда уу-дуу кеп”, “Текебаевдин чыныгы жүзүн эми көрөбүз” деген баштемалар менен ачылды. “Мекен шейиттери” коомдук уюмунун жетекчиси Осунбек Жамансариев алдыда келаткан 7-апрель күнүнө карата пландаган эч кандай иш-чара жок экенин билдирди.

Жакында Түркиянын 53 кишиден турган бизнесмендери келип, “Аю” компаниясы чыгарып жаткан арактын төрт түрүн: “Шпилька”, Озон”, “Кыргыз арагы” жана “Виватты” жактырып, Түркиянын дүкөндөрүнө чыгаруу үчүн макулдашып кайтканын, айта кетели, АКШда өткөн дүйнөлүк көргөзмөдө мен деген 500 арактын ичинен “Кыргыз арагы” онунчу орунду алганын кубанып жазды журналист Балбак Түлөбаев.
XS
SM
MD
LG