Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:53

Ар бир кыргызстандык 400 доллар карыз


“Мекен инфо” гезити "Ислам мамлекети" уюму шарияттын эч кандай эрежелерине баш ийбеген террордук уюм болуп саналарын билдирген дин аалымы Кадыр Маликовдун маегин басты.

“Мекен инфо” гезити "Ата Мекен” партиясы Ош шаарында 23 жылдыгын катуу белгилегенин, айрымдар алсырап баратат деген “Ата Мекен” партиясынын аброю менен салмагы дагы эле сайдын ташындай экенин, ага аты белгилүү саясатчылар катышып эле тим болбой, атүгүл Москвада жүргөн Оштун мурдагы мэри Мелис Мырзакматов да куттуктаганын, башка депутаттарга караганда саясатчылыгы да, деңгээли да бийик Өмүрбек Текебаев саясат талаасында дагы бир татаал комбинацияларды жасай турганы декабрдын ортосунда ачыкка чыгарын, ал ортодо “атамекенчил” жана бир депутат Болот Шер АКШнын Чикагосундагы Норд-Вест университетинде эми мындан ары алтынды тоо тегинен бөлүп алууга колдоно турган өтө коркунучтуу цианидди эмес, кадимки эле жүгөрүнү колдонууну ойлоп табышкан окумуштуулар менен жолугуп, кубанып кайтканын, Болот Шердин айтымында, эгер цианиддин ордуна жүгөрүнү колдонуу башталса, жүгөрү өстүрүүчүлөргө да пайда түшүп, жаратылышыбыз да зыян жок сакталарын айтканын жазып чыкты.

Ишин жигердүү баштаган генерал Мелис Турганбаев министрликтин эң эле негизги бөлүмүнүн бири деп эсептелген Уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү башкармалыгына таланттуу кызматкер деп саналган Мирлан Каныметовду алып келгенин, ал буга чейин эле кыйынсынган далай кылмышкерлердин түшүнө кире тургандай иштеп келгенин, анан дагы Бакиевдердин доорунда Мелис Турганбаевдин башына кара булут айланганда генералын сатпаган жигиттердин бири экендигин билдирди аталган гезит.

Журналист Олжобай Токтосуновдун Кыргызстандын тышкы карызын талдоого алган макаласы жарык көрдү. Автор такталбаган эсептөөлөргө таянып айтканда, эмгек мигранттарын эсепке албаганда ар бир кыргызстандыкка 400 доллардай карыз туура келерин, айрым экономисттер сырткы карыздан коркпоого чакырык таштап жатканын, анткени Казакстандын сырткы карызы ар бир казакстандык үчүн 1800 долларга барабар экендигин, бирок Казакстандын карызынын көбү биздикине окшоп жегичтердин кулкунуна кетпестен өлкөнүн өндүрүшүн көтөрүүгө жумшалып келатканын, акыры “алгандын бергени бар” дегендей карызды төлөөнүн эң эле оор мезгили 2015-2020-жылдарга туура келерин кеп кылды.

“Мекен инфо” гезитинин бүгүнкү санына “Дин жана укук борборунун” жетекчиси Кадыр Маликов Кыргызстанда диний туруксуздук кайсы учур болбосун жаралып кетиши мүмкүн” деп маек курду. Ал бүгүн дүйнөгө "Илим мамлекети" деген уюмду түзүп алган экстремисттик топ алгач оппозиция болумуш болуп Сирияда түптөлгөнүн, бул уюм Такфризм идеологиясын карманарын, Такфризм деген динсиздерди өлтүрүүгө негизделген террордук топ болуп саналарын, диний аалымдар алардын кадамдары шарияттын бир дагы эрежесине шайкеш келбей тургандыгын эскертип жатышканын, интернет болсо дал ушул уюмдун идеологиясын дүйнөгө кеңири жайылтууга далбастап жатканын, интернет аркылуу айрым кыргыз жаштары аталган уюмдун өкүлдөрүнө ант бергендиги тууралуу маалыматтар да барын, дүйнөнүн картасын өзгөртүп, Жер шарынын дээрлик ири мейкиндигине өз мамлекетин курууну көздөгөн бул кыймылдын аракетин террорчу деп атаган "ал-Каида" уюмунун расмий түрдө сынга алып жатышынын өзү эле көп нерсени айтып турганын белгиледи.

Кадыр Маликов андан ары диний сабатсыздыгынан улам жалган идеологияга ээрчип кеткен жарандар Кыргызстанда да бар экенин, мындай коркунучтан арылуу үчүн түшүндүрүү иштери бүгүн абдан күчтүү болушу керектигин, дүйнө коомчулугу тынчсыздана баштаган бул идеологияга кыргыз өкмөтү же УКМКнын аракети аздык кыларын, жалпы коомчулуктун жардамы зарылдыгын, “Таблиги жамаат” ИЛИМ деп аталган террордук уюмдун идеологиясына каршы туруп келаткан жападан жалгыз күч болуп атканын, террорчулук менен күрөштө идеология гана жеңерин, демек кыргыз өкмөтү Такфризмге каршы турган имамдардын, ислам окумуштууларынын жана серепчилердин коопсуздугун мыйзамдуу деңгээлде бекитип бериши зарылдыгын, анткени реалдуу коркунуч бардыгын айтты.

Ушул эле гезит президент Алмазбек Атамбаев 2014-2020-жылдарга чейин диний жаатындагы саясат боюнча концепцияга кол койгонун, концепцияда диний экстремизмди алдын алуу чаралары каралганын, ага ылайык кыргыз өкмөтүнө 2015-жылдын 1-январына чейин бул тармактагы иштердин планын иштеп чыгуу тапшырылганын, Кыргызстан калкынын маданиятын, тилин жана рухий баалуулуктарын сактоо боюнча чараларды көрүү зарылдыгы белгиленгенин маалымдады.

XS
SM
MD
LG