Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:10

Өрүк гүлдөп турган күнү кеттиңер...


Гезиттер 7-апрелде курман болгон баатырларды эскерген макалаларды, маектерди жарыялай баштады.

“Кыргыз туусу” гезити бүгүнкү санын “Ата Мекен өз баатырларын унутпайт!” деген баштема менен ачып, Кыргыз эл акыны Гүлсайра Момунованын 7-апрелде курман болгондордун жаркын элесине арналган көлөмдүү ырын сунуш кылды.

Муну менен катар эле ”Айлык акылар үч эсе көбөйөт”, “1-майдан баштап пенсия көбөйөт”, “1-июлдан тартып балдар үчүн ай сайын бериле турган пособиенин көлөмү 3 миң сомго жогорулайт” деген кабарларды окууга болот.

7-апрелдин 1 жылдыгына байланыштуу “Кыргыз туусу” гезити “Биз өлүмгө даярданып барганбыз” деген теманын алдында кандуу окуяга катышкандардын айткандарын, Жогорку Кеңештин депутаты Каныбек Иманалиевдин “Даңкыңарды заман балким кеч билер” деген макаласын ыры менен басты.

“Алардын сөөгүн жерге бергенден кийин 87 өрүк тиккен элек. Баары тең бүрдөп өсүп чыкты,

Артыңардан муңдап турду кечки жел,
Даңкыңарды заман балким кеч билер.
Өрүк бышкан таттуу күндү көрбөстөн,
Өрүк гүлдөп турган күнү кеттиңер.

Жазды узатып, жай да келер силерсиз,
Жараткандан жакшылыкты тилербиз.
Эгемендик оңой келди дечү элек,
Эркиндиктин эми баркын билербиз” деп жазды акын Каныбек Иманалиев.

Ушул эле санда Апрель элдик революциясынын 1 жылдыгын өткөрүү боюнча программа жарыяланды.

Дипломатиялык академиянын ректору Жумагул Сааданбековдун сунушу “Кыргызстанда консесустук демократияны колдонууга болобу?” деген ат менен жарык көрдү. Автор бүтүндөй Кыргызстанга таанымал, кадыр-баркы бар элиталардан Ынтымак Комитетин түзүш керек деген ойду окурмандардын ой элегине салат.

“Алиби” гезити “Ачуу да болсо чындык таттуу”, “Калп мактоо, курулай даңазалоо да – кылмыш” деген макалаларды окурмандарга тартуулады.

“Бир жылдык пикир” деген рубрика алдында жарыяланган пикирлерге токтолсок. Жаштар иштери боюнча министр Алиясбек Алымкулов 7-апрелде шейит кеткендердин жакындарына, оор жаракат алгандарга бериле турган квартирадан баш тартканын, анткени анын ага чейин эле жашап турган үйү бар экенин билдирип:

- Тилекке каршы 7-апрель максаттарына жете албай жатат. Өлкөдө мыйзамдын үстөмдүгүн орнотушубуз керек. Бул бир эле кишинин эмес, жалпыбыздын ишибиз,-деп,

Саясый ишмер Топчубек Тургуналиев: - Революциялык ой-максаттар ишке ашкан жок. 1-ден ага убакыт керек. 2-ден, мыйзам чегинде иш алып бара турган кадр жок. Акаевдин, Бакиевдин учурунда элдин канын соргондордун баары парламенттик шайлоодо кайрадан бийликке келип алышты,-деген ойлорун айтты.

“Алиби” басылмасы булардан тышкары Чыңгыз Айтматов атындагы тил жана адабият институтунун деректири Абдылдажан Акматалиев менен маектешти. Билим жагдайын кеп кылган окумуштуу азыр интернеттен көчүрүлүп алынган диссертациялар каптап баратканын, илимге мамиле да жеңил-желпи мүнөзгө өтө баштаганын кейиш менен кеп кылып, өзү жетекчилик кылган институт Махмуд Кашгаринин “Сөздүгүн” чыгарып, учурда Жусуп Баласагындын “Кутбилимин” даярдап жатканын маалымдады. Окумуштуу ошону менен бирге каражат жоктугуна байланыштуу коомчулук суусап турган “Синоним”, “Омоним”, “Антоним”, “Орусча-Кыргызча” жана “Кыргызча-Орусча” сөздүктөрдү чыгара албай келатканын кошумчалады.

“Фабула” гезитиндеги макаласында журналист Баратбай Аракеев: “Кийинки жылдары жаз келгенден баштап тополоң-тоздор башталып, кызыгы, элдин тең жарымы да ошондой абалды күтүп турчу болду. “Жаз келсе, баланча жерди айдап-сээп алсам, кудай жакшылыгын берсе күзүндө түшүмдүү болсо, жакшылап пулдап, кой же уй сатып алсам, тамымдын пайдубалын көтөрсөм, баламды үйлөнтсөм, бак тиксем...” деп тилек кылуунун ордуна, митингди баштап жиберип, баланчаны кызматтан кетириш керек, түкүнчөнү алып келиш керек деген популизм жыттанган, кылмыш жыттанган жоруктарды баштачу болдук. Коомубуздун бузулуп бараткандагы белгиси ушулбу? Болбосо бизде жакшы жашоого бардык шарт бар, кудайга шүгүр элибиз эсен, журтубуз аман, байлыгыбыз турат, эл башкарып берчү азаматтарыбыз жок эмес. Ойлонсок болбойбу, омурткабызды сындыра бербей” деп жазды.

Ушул эле “Фабула” басылмасы “Башкы прокурор стабилдүүлүк үчүн кызматынан алынды” деген маалыматты таратты. Анда аталган гезит президент Роза Отунбаеванын “Башкы прокурор боюнча чечимди өзүм кабыл алдым. Дагы бир жолу айтып коеюн, чындыгында оор чечим болду. Биз көп эле бирге иштедик. Байболов ызаланып турган кези, мен түшүнөм. Ал жарым жыл ичинде министр, башкы прокурор болду. Генералдык погонду алды. Биз бул кишиге көп эле сый-урматты арттык. Аны кызматтан четтеткеним стабилдүүлүк үчүн керек деп ойлойм. Анткени башкы прокурор бир топ каталарды кетирди” деп сүйлөгөнүн мисалга тартып, “коомчулук Отунбаеванын Байболовдун сөздөрүнө жооп бергенин туура деп баалап жаткан учуру, себеби президент чындыкты айтты” деп жазды.

Гезиттин бул санынан булардан тышкары “Ит үрүп атат. “Мегаком” жүрүп атат” деген жана “Чоң муштумдар чогулган ЖКдагы жосунсуз жоруктар” деген макаланы, Жалал-Абаддын губернатору Бектур Асановдун, Нарындын губернатору Канат Муратбековдун маектерин окууга болот.
XS
SM
MD
LG