Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 00:58

Ырыстуу мамлекеттер ынтымак менен курулган


Бүгүн “Жаңы Кыргызстан маданияты” гезитинин 3-саны жарык көрдү. Жарык көргөн гезиттердин көбү парламенттеги “окуялар”, бажы союзу, бийлик, саясат жана экономикалык темадагы макалаларга орун берди.

“Жаңы Кыргызстан маданияты” гезитинин 3-саны жарыкка чыкты. Окурмандар сагынып калган руханий басылманы кайрадан чыгаруу демилгесин колго алган, ага демөөр болгон Аскар Салымбековдун маеги тартууланды.

Ынтымагы жок элде эч качан ырыс болбостугун дагы бир жолу эске салган Аскар Салымбеков:

- Кеп дүйнөнүн картасында өзүнчө мамлекет болуп калабыз же ушул текирең-таскак менен кете берсек жоголобуз, Fнткени биз ушул чекке чейин келип жеттик. Колубуз желек, оозубуз элекке айланды. Ушактан, саясаттан, бири-бирибизди шыбамайдан, пайдасыз иштерден алыс болуп, ар кимибиз өз ишибизди иштегенде гана келечектен үмүт болот, - деди ал.

“Жаңы Кыргызстан маданиятынын” жаңы санында Алмазбек Атамбаевдин жүрөктөн чыккан сөзү, белгилүү журналист Эсенбай Нурушевдин “Курултай” тууралуу макаласы, ЖК депутаты Каныбек Иманалиевдин “Манастын доору келатат” деген маеги, Таабалды Эгембердиевдин “Америка сапары”баяны, Бүбү Мариям Муса кызынын “жолборс жүрөк эркектердин арасындагы жаангер аялмын” деген ой түрмөгү, Нуралы Капаровдун “Бейтааныш” аттуу аңгемеси жана башкалар бар.

“Жаңы агым” гезити “Жаңыш Бакиев Адахан Мадумаровду президенттик шайлоодо финансы жактан колдогону жатыптыр” деп, “Парламенттеги КСДП фракциясынын өкүлү Мамат Орозбаев жакында сот скамейкасына олтуруп калышы мүмкүн, буга спикер Ахматбек Келдибеков аябай кызыкдар” деп, К. Ташиев менен Ө. Текебаев жашыруун жолугушуп, коалицияны кулатуу жөнүндө сүйлөшүптүр” деп, “президенттин уулу Атай Садыбакасовдун майып кыздарга жардам берип жүргөнүн уктук” деп кабар таратты.

“Фабула” гезити “Сулаймановдон кутулуп, Сулейменовго тутулду” деген чакан кабарында Камчыбек Ташиев сабап салып, мээси чайкалып, көгаласын таратам деп ооруканда жаткан Бахадыр Сулейманов кадимки Өмүрбек Субаналиевдин кан кудасы болуп чыкканын кабарлады.

“Тегирменчилерди ким тескейт?” деген макала баскан бул гезит: “Максим Бакиев 2009-жылы сырттан ташылып келүүчү ундун бир килограммына 3 сомдон кошумча бажы төлөмүн киргизгени эсиңерден чыгып кетти болуш керек. Ошондон кийин азык-түлүк баасы асмандап кеткен. Максимдин мындай сүткорлук төлөмүн былтыр келген бийлик түп орду менен жоюп, ун бир аз арзандаган. Эми дал ошол Максимдин схемасы боюнча пайда табууну көздөгөн “кыргыз тегирменчилери” жоюлган кошумча төлөмдү кайрадан киргизүү максатында Акүй менен Көкүйдүн ортосунда 20 миң доллардан ортого таштап, бийликтеги адамды “сатып” алабыз деп чуркап жүрүшкөн имиш” деп жазды.

Макаланын аягында Кыргызстанда ун бизнеси менен алектенгендер саналуу эле экенин, алар “Акун” ишканасынын башчысы Чыныбай Турсунбеков, “Мариана” ишканасынын башчысы Бакыт Төрөбаев, түрк туугандардын “Ашары” жана “Элнур” бар экени эскерилген.

“Кыргыз руху” гезити “Бакиевдердин арам акчаны адалдоо жолу буулду” деген макала басты. Макалада Ички иштер министринин орунбасары, генерал Мелис Турганбаевдин айтуусунда мурдагы президент Курманбек Бакиевдердин жакындарынын арам акчаны адалдоо жолу буулуп, телефон тыңшагыч аппараттары алынган, ушул кылмыш иши боюнча кармалган алты адамдын экөө “Альфа Телекомдо” иштеп туруп, уюкфон компаниясын миллиарддаган сомго зыянга учураткан.

“Алиби” гезитиндеги “Коалициянын үстүнөн кара булут айланууда” макаласында гезит кабарчысы Папан Дүйшөнбаев өлкөдөгү саясый аба ырай да туруксуз болуп атканын белгилеп, Ташиевдин мушташы, Байболов менен Бабановдун чатагы ж.б. тууралуу кеп салды.

Бек Мамашов аттуу автордун макаласы “Бийлик менен оппозиция бири-бирине тап душмандай мамиле кылууну качан токтотот?” деп аталат.

“Кыргыз туусу” гезитиндеги макаласында журналист Мырзакат Тыналиев дүйнөнүн мен деген элдеринде же мамлекеттеринде өздөрү сыймыктанган “энбелгиси” же “бренди” барын, мисалы жапондордо самурайлык рух, кытайларда бардыгын айла-амал менен жеңүү, немистерде сааттан да тактык, сапаттуу товар чыгаруу, “Азия ажыдаарлары” аталган Малайзия менен Сигапурда өз мээнеткечтиктерин Батыштын алдыңкы технологиялары менен жуурулуштуруу мүнөздүү экендигин, ал эми кыргыздар өз энбилгисин табуунун ордуна көрүнгөн талдын башын кармамай адаттан кутула албай келатканын кейиш менен кеп кылган.
XS
SM
MD
LG