Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 19:25

Милиция намысын ок менен коргойбу?


Гезиттер ИИМ министри Мелис Турганбаевдин буйругун талкууга алышууда.

“Айбат” гезити баш прокурор Аида Салянова Канжар Кадыралиевди кызматтан алып, Ош шаардык соту ага карата кылмыш ишин козгогонун, Канжар Кадыралиев Жогорку Кеңештин депутаты, КСДП фракциясынын өкүлү Ыргал Кадыралиеванын бир тууган агасы болорун, мына ушунун өзү эле мыйзам бардыгына бирдей экенин, бийликчил партиянын өкүлдөрүнүн өздөрү же жакындары мыйзам бузса, мурдагы эки президенттин тушундагыдай кутуруп жүрө бербей, кылган кылмышына жараша жазага тартыларын жазып чыкты.

Ушул эле “Айбат” гезити Дамир Эсенгуловдун “Бакиевчилерди колдоп, жаштарды бийликти басып алууга чакырган Чолпон Жакупова” деген макала басты.

Макалада “Адилет” укуктук клиникасы деп аталган укук коргоочу мекеменин директору Чолпон Жакупова бир топ жылдан бери кыргыз элине, Кыргызстанга каршы иштеп келаткан адамдын образында жүргөнүн, мындан бир-эки ай мурда “Вечерний Бишкек” гезитинин пресс борборунда Равшан Жээнбековдун долбоору болгон “Жаңы муун” кыймылынын мүчөлөрү уюштурган тегерек үстөлдө жаштарды “силер бийликке шайлоо жолу менен келем десеңер жаңылышасыңар” деп айтканын, бул сөзү менен ал “бийликти басып албасаңар, шайлоодон баары бир жеңилесиңер, андан көрө басып алгыла” деген чакырыкты таштаганын түшүнсө болорун белгилеп: “мамлекеттин бүтүндүгүн, элибиздин тынчтыгын бузган мындай чакырыктарды таштап жүргөн Чолпон Жакупова өзү да эне, бирок кыргыздын энелери эч качан элди башаламандыкка чакырчу эмес эле, Кыргызстанда дайыма ызы-чуу, чаң-тополоң болушун каалап турган бузукулук иштери үчүн Чолпон Жакупованы элибиз өзү ордуна коёр, мындайларга акыры чара көрүү керек го” деп жазды.

“Жаңы агым” гезити журналист Тынчтык Алтымышевдин “Парламенттик шайлоо президенттик үчүн күрөшпү?” деген макаласын тартуулады.

Ушул эле автордун “Турганбаев туура кылат” деген макаласында ички иштер министри Мелис Турганбаев мындан ары “милийсаларга карата куралдуу каршылык көрсөткөн кылмышкерлер эскертүүсүз атылат” деген буйрук чыгарганын, жакында эле кылмышкердин огунан каза болгон Бакай аттуу жигит 31 жолу сыйлык алганын белгилеген Мелис Турганбаев: “эми мындан ары милицияга ким курал көтөрсө, эскертүүсүз атылат. Мен ушундай буйрук бердим. Болбосо кылмышкерлерди улам камасак, соттор улам бошотуп жатат. Милицияларды кылмышкерлерден ушинтип коргобосок, башка арга калбай калды” деп айтканын, чын эле кылмышкерлерди тирүү кармоо аракеттери милициялардын өлүмү менен аяктап жатканын эске алганда бул буйрук учурдун талабы болуп калганын билдирди.

“Де-факто” гезити Бакиевдин убагында Каркыраны сатылбасын деп барган Дооронбек Садырбаев, Болот Шер баштаган депутаттарды жумуртка менен “таш бараңга” алып, кудайдын баласындай кутуруп туруп, Бакиев качары менен Америкага кире качып жок болгон Ысык-Көлдүн губернатору Кыдыкбек Исаев ушул жумада оо дүйнөгө аттанган атасына топурак салганга келбегенин белгилеп: “Ушундай учурда өз атасы көз жумган соң адамдык милдетинен кутула албагандан кийин элдин ырыскысын оозу-мурдунан чыкканча жеп-жутуп алганыңташка тийсин. Таба эмес, тобо дейли” деп жазды.

“Алиби” гезити ИИМ министри Мелис Турганбаевдин “Кылмышкер милицияга куралдуу каршылык көрсөтсө эскертүүсүз атылат” деген буйругун колдойсузбу?” деген суроо менен ушул тармакты билген эки адиске кайрылды

Генерал Артур Медетбеков: Министрдин бул буйругун колдойм. Анткени анын бул сөзүн канча жылдан бери мазакталып келген күч органдарын “башыңарды, духуңарды көтөргүлө” дегендей кабыл алдым,-деп;

Саясат иликтөөчү Токтогул Какчекеев: Аталган буйрук мыйзамда бар. Эми бул буйруктун арты менен министр кылмышкерлерди ооздукташ керек. Антпесе милициялардын колунда жок куралдар түрмөлөрдөн чыгып жатат. Демократиянын туу чокусу деп аталган ошол эле Американын өзүндө полициянын өмүрүнө, аброюна шек келтирген адамды эскертүүсүз атып салганга уруксат берилген. Ошон үчүн АКШда полицияга урмат-сый менен мамиле жасайт. Бизде болсо адам укугу, демократия деген шылтоо менен милицияны ур-тепкиге алганга көнүп алган. Маселен Келдибековдун жактоочулары жол бууганда “Жолду ачкыла! Мыйзамды сыйлагыла!” деп барган милициянын майорун “көкбөрү” кылып кеткен. Бакиев доорунда УКМКнын башчысы Суталинов “22 наркобаронду кармасак, баары соттон бошоп кетти” деп айткан эле. Тилекке каршы, мындай фактылар азыр да жүздөп саналат. Анткени соттор, президенттин же мыйзамдын эмес, акчалуулардын сөзүн угуп калган, ошон үчүн коомдо нааразылык күч,-деп жооп берди.

“Фабула” гезити “ак ийилет, бирок сынбайт” дегендей ИИМ академиясындагы коррупцияны ачыкка чыгарып, чындыкты айтып, тазалык үчүн күрөшкөн Автандил Кадыркуловду аталган окуу жайдын жетекчиси Жеңиш Жакыпов кызматынан бошотуп, куугунтукка алганын, бирок Автандил Жакыповдун бет тырмалыгын далилдеп соттон утуп чыкканын, эми аны министр Турганбаев калыстыкты карманып, ошол эле ИИМ академиясынын чарбалык жана азык-түлүктөр менен камсыздоо башкармасынын башчысы кылып дайындаганын, баса өткөн жумада академиянын жетекчисине карата окуу жайдын курсанттары бойкот жарыялап, сабакка келбей койгонун эске алганда Жакыповду тез арада кызматынан албаса болбой калганы көрүнүп калганын маалымдады.

Журналист Баратбай Аракеев Аскар Салымбеков уюштурган Прогрессивдүү демилгелер фондунун “Акыл тирек” сыйлыгы менен сыйланганын кабарлады.

XS
SM
MD
LG