Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:38

Бакиевдер келе баштайбы?


Бакиевдерге жарыяланган интерполдун издөөсү.
Бакиевдерге жарыяланган интерполдун издөөсү.

“Фабула” гезити Адыл жана Марат Бакиевдер Кыргызстанга келе турган аманатын Атамбаевге айттырганын жазып чыкты.

“Фабула” гезити “Алкымдуулар айылында” деген рубриканын алдында Эрнис Балбаковдун “Уялсаң боло урматтуу депутат!” деген макаласы менен жаңы санын ачып, ай сайын ар бир депутат чет элдик сапарга деп 5 миң сом, чөнтөк телефонуна деп 27 миң сом, машинасы үчүн 7 миң сом, кишилерди кабыл алам деп 1 миң сом, кагаз-кугаздар үчүн деп 1 миң сом, шайлоочулар менен иштейм деп 4 жарым миң сом, шоопурум үчүн деп 7 миң сом, машинанын майына деп 10 жарым миң сом, машинамдын ремонту үчүн деп 2 миң сом, ошентип айлыгы менен сыйлыгынан тышкары ар бир депутат элдин чөнтөгүнөн ай сайын 40 жарым миң сом, кыскасы бир депутат бир жылда 480 миң сомдон алып турса, баары бириккенде жылыга казынадан 58 миллион сомдон турат экенин жазды, калганын “Фабуладан” окуп алыңыздар.

Ал эми легендарлуу парламенттин депутаты Казат Акматов депутат болуп турганда айына 5 рублдан алганын айтып ыйлагыны келтирди.

Аталган гезит Марат Бакиев менен Адыл Бакиевдер “Бизге эч кандай кылмыш иши козголгон эмес, Кыргызстанга келели” деп Атамбаевге аманатын айттырып жаткан кезде “Ата Мекен” фракциясынын колдоосу менен Дене тарбия жана спорт агенттигине башчы болуп Кадырбек Эргешов дайындалганын, ал Жаныш Бакиевдин жакын жолдошу экенин, демек, минтип олтурса Бакиевдер четинен келе баштары деле күмөн болбой калды көрүнөт окшобойбу деп жазды.

Ушул эле санга Баратбай Аракеевдин “Рак айыкпайт. Коррупция жоюлбайт”, "Чек арабыз тешик”, Суранчиев министр болгондон бери бандиттер бизге жакындагандан жакындай баштады” деген бөлүмдөрдөн турган макаласы жарык көрдү.

“Де-факто” гезити Кыргыз эл акыны Эгемберди Эрматовдун жаңы ырларын жарыя кылды.

Эмгек сиңирген артист Эгемберди Бекболиев 20 жылдын ичинде маданиятка болгон мамиленин жоголгонун айтты.

Өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов жайында эриген мөңгүлөр коркунуч апкелерин билдирсе, Нурзада Ташбаева Улуу ырчы Болот Миңжылкыев тууралуу кеп салды.

Депутат Мирлан Бакиров өкмөт орустар менен жакшы сүйлөшө албагандыктан Ошко газ берилбей жатканын айтса, журналист Мирлан Дүйшөнбаев Өзбекстан газын саясий куралга айландырып жатат окшойт деп жазды.

Аман Иманалиев болсо энергетика тармагын сактап калбасак андан да ажырап калабыз деп коңгуроо какты.

“Алиби” гезити аркылуу генерал Кубатбек Байболов Орусиянын чечимине каршы болсок суу, газ, энергетика менен мойнубузду толгоп, толгоп эле тим болбой муунтуп саларын, 25 жылдан бери өндүрүшкө көңүл бурбай, жалаң алып-сатуу менен алектенип жатып акыры ушуга келгенибизди, кудай берген кендерди да туура пайдаланбай башкаларга талатып ийип тим болгонубузду, эми мындай тозоктон кутулуунун бир гана жолу Конституцияны реформалап, мамлекеттин башкаруу системасын өзгөртүү керектигин билдирди.

“Кыргыз Туусу” гезити аркылуу журналист Мырзакат Тыналиев “Сөз эркиндигин ооздуктообу же жоопкерчиликке чакыруубу?” деген макаласы менен жаңы мыйзамды талдоого алды.

Азимжан Ибраимов “Бишкекжылуулук” тармагы жылуулукка жана ысык сууга бааларды эмне себептен көтөргөнүн баягы СССРден бери келаткан түтүктөрдүн эскирип, чирип бараткандыгы жана аны алмаштыруу үчүн каражаттын жоктугу менен түшүндүрдү.

Депутат Абдыманап Кутушев кийин келе турган парламентте 5 эмес, 7-8 фракция болуп калышы мүмкүндүгүн айтып интервью берди.

Төлөнбай Абдразаков Чоң-Алайдын Ачы-Суу айылындагы баатыр Үрүнса эненин кебин окурмандарга баяндап берди.

“Жаңы агым” гезити президент өзү киришпесе газ маселеси да, чек ара маселеси да, Бажы биримдигине кирүү маселеси да чечилбесин тиешелүү макалаларында далилдүү кеп кылды.

Аталган гезит “Айжамалдын сулуулугунан да үнүнө арбалгандар арбын. Анын “Айта бар арманымды”, “Сүрөтүңө”, “Күттүм сени”, “Жыпарым” аттуу чыгармалары ыр уккандарды ыраазы кылып келатканын белгилеп, Айжамал Кабылованын “Жолдошум Москвада мен Бишкекте” деген маегине окурман көңүлүн бурду. Эл сүйгөн ырчы менен элди тааныштырган жакшы деңизчи, бирок аты-жыты элге алынып калган “Агым” гезити “Жолдошум Москвада” деген сөздү “Күйөөм Москвада” деген сөз менен алмаштырып койсо туура болмок, анткени биз “күйөөм, эрим, байым” деген нукура сөзүбүздөн качып, калкалап жүрүп тилибизди талкалап келатканыбызды, “жолдош” деген башка түшүнүк экенин, эгер “Жолдошум Москвада” десе, аны угуп турган кыргыз “Айланайын, жолдошуң Маскөөдө болсо анда күйөөң кайда?” деп сурай турганын, ошондуктан тилге биринчи иретте гезиттер өздөрү так мамиле жасашы керектигин айта кетели дедик.

Бүгүн “Айбат” гезити да жарык көрүп, жаңы санын “Жеңилдетилген кредиттерди “жеп алгысы” келген Бабанов” деген баштема менен ачты. Мындагы “жеп алгысы” деген сөз тырмакча алынганын эскерте кетели.
XS
SM
MD
LG