Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:50

Бүгүн жарык көргөн гезиттер газ, бажы, басма сөз эркиндиги жөгүндө ой-пикирлерди ортого салды.

Бүгүн жарык көргөн “Айат” гезити президент кол койгон мыйзамды сөз эркиндигине жүгөн каткан мыйзам катары мүнөздөп, гезиттин башкы редактору Бурул Мусабекованын макаласы менен жаңы санын ачты. Макаланын этегинде: “Мындай аракети менен бул бийлик дагы мурдагы эки бийликтин кейпин кийип калбайбы? Дегеле бирөөнү коррупционер деп жазган басылма же журналист жазаланышы керек деген мыйзамга оюңуз кандай?” деген суроо менен кайрылды.

Журналист Бурул Сарыгулова:- Бул мыйзамды жазгандар анын маалымат каражаттарына, журналисттерге түз тиешеси жок, мыйзам билип туруп жалган маалымат тараткандарга, айрыкча жоопкерчиликсиз билдирүүлөрдү жасаган саясатчыларга багытталган деп ишендирип жатышат. Президент Атамбаев да “Ар ким өз сөзүнө жооп бериш керек” деп айтты. Албетте, жөнү жок каралоо жаман, ыплас иш. Бирок кабыл алынган мыйзам “бөрк ал десе баш алганга” көнгөндөр үчүн эң сонун курал болуп бербейт деп ким кепилдик бере алат? “Билип туруп жалган маалымат таратты” деген доого эми журналисттер көбүрөөк кабылып калабы деген чочулоо күч. Кокус мыйзам күчү ушул жагына ооп кетсе анда мамлекет да жакшы аттуу болбойт, дагы бир жагдай, бул мыйзам журналисттердин коррупцияга каршы күрөшчүл маанайын өчүрүп жок кылат,-деп жооп берсе;

Жалпыга маалымдоо каражатындагы кызматкерлердин кесиптик бирлигинин төрайымы Мери Бекешова:- Мыйзамдын түпкү мааниси жакшы экенинде шек жок. Авторлордун айтымында, мыйзам Батыш өлкөлөрүндөгү мыйзамдардын үлгүсүндө жасалган. Батышта сот системасы толугу менен эркин. Ал эми биздин соттор эркин эмес, коррупцияга баткан мамлекет үчүн бул мыйзам коомдун туура жолдо өнүгүшүнө өбөлгө түзө албайт. Демек бул мыйзамдын кабыл алынышы бизде калыптанып келаткан сөз эркиндигин кысымга алып жатат десек жаңылбайбыз. Ошол эле учурда капкаяктагы жок ысымдар менен жазгандардын армиясын жаратып, журналисттер гезитке эмес интернетке көбүрөөк басым кыла баштайт,-деп жооп берди.

“Асман плюс” гезитинин башкы темасы “Бажы биримдиги - экономиканы өстүрөбү же өлтүрөбү?” деп аталып, айрым адамдарга суроо менен кайрылды. Мурдагы депутат Эркин Алымбеков: - Бажы биримдигине кааласак да, каалабасак да баары бир киргенге мажбур болобуз. Анткени биздин негизги соода өнөктөштөрүбүз Казакстан менен Орусия. Кокус алар чек арасын жаап таштаса, Кытайдан ташып келген товарлар менен соода кылганга жолубуз буулуп, эмне кыларыбызды билбей туруп калабыз,-деп, Социалдык өнүгүү министри Кудайберген Базарбаев:- Бажы биримдигине кирсек, баа эрежелери сөзсүз өзгөрүүгө учурайт,-деп;

Депутат Өмүрбек Абдрахманов:- Баалар өсөт, саясий жактан ал өлкөлөрдүн көзүн карап калабыз,-деп;

Мурдагы финансы министри Акылбек Жапаров:- “Шашкан шайтандын иши” дейт, Бажы биримдигине шашып-бушуп кирип баратабыз. Кыргызстан буга чейин Бажы биримдигине кирбей эле жашап келген. Кирсе дагы жашай берет. Эми кире турган болгон соң Казакстан менен Орусияга, Белоруссияга сатып өткөрө ала турган механизмдерди даярдап коюшубуз керек эле. Бул жерде эл эмес, өкмөт күнөөлүү. Киргенден пайда табам десе, мисалы, тигилерден жеңил өнөр жайын бөлдүрүп алып: “Бизге Орусиянын, Казакстандын, Белоруссиянын аскер формасын тиккенге мүмкүндүк бергиле” деп өзүбүзгө жумушчу орундарды пайда кылышыбыз керек болчу. СССР убагында төрт эле өлкөдө тушенканын запасы болсо, ошонун бири Кыргызстан болчу. Биз ошону кайрадан колго алганыбыз оң болмок. Мен азыр өкмөт эмне кыларын билбей далбастап жатат деп ойлоп атам, - деп жооп берди.

“Азия ньюс” гезити жаңы санын Жогорку Кеңештин кечээги жыйынындагы өкмөттүн отчету тууралуу макаласын “Жоомарт Кайыпович кара терге түшкөндө” деп сыпаттады. Өкмөттүн жообуна анын ишин да, ичин да жакшы билген депутаттардын эле эмес, телевизор көрүп олтурган көрүүчүлөрдүн да ичи чыкпаганын жазды. Ушул эле гезит “Ошто газ жок, от менен ойногондор” деген баштеманын алдында айрым эксперттердин ойлоруна орун берди.

Экономист Айылчы Сарыбаев:- Өкмөттүн чабалдыгынан ушундай абал келип чыкты. Өзбекстандан алып аткан газды бийлик коңкобайчылык менен чечип салды,-деп;

Энергетик Расул Умбеталиев:- Буга “Кыргызгаз” менен өкмөт күнөөлүү. Бүгүн бул маселени чечүү президенттен башканын колунан келбейт. Дагы бир маселе “Кыргызгаз” “Газпромго” толугу менен өтө элек. Анткени жаңы мекеме катары Юстиция министрлигинен каттоодон өтүшү керек болчу. Толугу менен өтө элек компанияга “Газпром” жооп бербейт. Ошондуктан өзбектер менен сүйлөшүү зарыл, антмейинче газ чечилбейт,-деп айтты.
XS
SM
MD
LG