Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:09

Келдибеков шайлоого катышабы?


Келдибековду камактан бошотуу талабы менен жол буугандар. 7-июнь, 2014-жыл.
Келдибековду камактан бошотуу талабы менен жол буугандар. 7-июнь, 2014-жыл.

“Фабула” гезити Баратбай Аракеевдин жаны кашайган макаласы менен жаңы санын ачты.

"Фабула" гезитине журналист Баратбай Аракеев барган сайын Кыргызстан Зөөкүрстанга, Жиндистанга айланып баратканын, 2 жашар наристелерди зордуктаган зөөкүрлөр, өз жатынынан чыккан балдарын бычактап өлтүргөндөр каптап келатканын жаны кашайып жазды.

Ушул эле гезит белгилүү жазуучу Элүүбай Отунчиев 75 жылдыгын белгилеп жатканын, мына ушул жашында аксакал жазуучу чыгармачылык эрдик жасап “Жеңижок” деген үчилтик китеп, “Молдо Асан” аттуу тарыхый роман жазып бергенин, ушунун өзү эле анын зор талант экенин эң сонун далилдеп турганын, таланттуу калемгердин эл арасындагы кадыры чоң экенин, андыктан Эл Баатыры наамын берип койсо да аздык кыларын жазуучу Меңдибек Асылбеков кеп кылды.

“Алиби” гезити бул санын “Талкалоого багытталган реформалар” аттуу макала менен ачып, президенттин жасап келаткан иштерин сынга алды.

Саясат таануучу Табылды Акеров маегин “Келдибеков Кыргызстанга келбесе, бийлик Салянованы жок кылып, ага шылтап коймок” деп атап, эгер Салянова кызматта турса Атамбаев жана анын аппараты ар кандай оюндарды жүргүзө бермегин, эгер Келдибеков камалса аны да Саляновага шылтамагын, бүгүн эми Башкы прокуратурада Атамбаевдин эң жакын адамы отургандыгын, кокус Келдибеков камалса, анда түз эле президенттин өзүнөн көрүшөрүн, депутат ошон үчүн Кыргызстанга келгенин, эң кызыгы Келдибеков келери менен Салянованын жансакчыларын алып салышканын, кокус Саляновага каршы кандайдыр бир аракеттер болуп калса аны Келдибековго шылтап коюшмагын, мына ушуну сезип тургансып Салянова маалымат жыйынын берип “менин өмүрүмө коркунуч туулуп жатат” деп ачык айтып, андай коркутуу бийлик тараптан болуп жатканын билдиргенин кеп кылды.

Табылды Акеров андан ары бийликтин Келдибековду “кайра камайбыз” деген ишааратын аны тезирээк Кыргызстандан чыгып кетсин деген аракет деп түшүнсөк болорун, анткен менен азыркы бийликтен бардыгын күтсө болорун, балким Келдибековду шайлоого да катыштырып коюшу ыктымалдыгын белгиледи.

“Ар-намыс” партиясынын жаштар канатынын мурдагы лидери Төрөхан Жунусбеков интервьюсун “Кулов аялын парламентке алып келиш үчүн партиянын уставын өзгөрттү” деп атады.

Айтылуу укук коргоочу Турсунбек Акун маегин “Саясий күчтөрдүн айдактоосу менен кадам таштаса, Аиданын турмушу аянычтуу окуя менен бүтүп калышы мүмкүн” деп, Саялнова “Акыркы мезгилде “Президент мени колдогон жок” деген дооматын “балп” эткизип салганын, анын сөзү ага “мурун президент тапшырма берчү, азыр тапшырма бербей менин ишим токтоп калды” деп, өз алдынча иш кылбай эле жалаң гана президенттин тапшырмасын аткарып жүргөнүн билгизип койгонун, эгер чын эле саясий интриганын курмандыгы болсо аны кимдер жасаганын ачык эле айтса болмогун, кандай болгон күндө да президенттин жолу башка экенин, ошондуктан президентке таянбай эле койсо болмогун, ошон үчүн Аиданы анын юбкасына жашынып, анын саясаттагы популярдуулугунан пайдаланып бийликке жеткиси келген саясий күчтөрдүн курмандыгы болбосо экен деп ачуу сынын айтып жатканын билдирди.

“Кыргыз туусу” гезитинен “Кризиске каршы программа иштелүүдө”, “Туризм менен мыкты билимдин өлкөсү”, “АКШ долларынын сыры жана чыры”, "Маалкаткан мал чарбачылыгы”, “Алтайдын” алгылыктуу иштери”, “Албетте, судьялар көз карандысыз, бирок мыйзамдан эмес”, “Курулуш тармагынын келечеги кең”, “Балет - менин жашоом”, “Атам эки ирет Сталинден алкыш алган”, “Пахтазарда калган издер”, “Түштүк мотивин” түптөгөн Мамажанов” деген макалаларды, маектерди окуйсуздар.

XS
SM
MD
LG