Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 23:58

Кыргызстандын Башкы сейсмологу Канатбек Абдырахматов Кыргызстан да Непал отурган плитанын үстүндө отурганын айтып, интервью берди.

“Кыргызстан Евразиялык экономикалык биримдикке кошулду” деген кабар менен бүгүнкү санын ачкан “Кыргыз туусу” гезити андан кийинки макалаларын миллиондогон адамдардын көз жашы, өмүрү жана каны менен келген Улуу Жеңиш күнүнө арнады.

Тажикстанда тажик элинин маданиятына жат, арабча же башка тилдеги ысымдарды мындан ары Юстиция министрлигинде каттоого албоо тууралуу тажик президенти Эмомали Рахмон атайын көрсөтмө бергенин, эми Тажикстанда адам аты эле эмес, өсүмдүктөр менен жан-жаныбарлардын аттары да бөлөк-бөтөн тилдеги аттар менен аталбайт. А бизде Асан аттуулар Хасанга айланганы качан?

Кыргыз Эл артисти, Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусу Сейитказы Андабековго Кыргыз эл баатыры наамын берүү өтүнүчү менен кайрылган көркөм өнөр ишмерлеринин каты президент Алмазбек Атамбаев менен өкмөт башчы Темир Сариевге жана депутаттарга жолдонду. Окумуштуу Назгүл Турдубаеванын “Жусуп Баласагын кыргызбы же уйгурбу?” деген макаласы талкууга коюлду.

Сүлүктүлүк мугалим Хабибулла Хидировдун билим берүү реформасы тууралуу жазган макаласы “Чечим кабыл алууда элдин да пикирин эске алсак” деп аталды. “Бүргө баатыр” коомдук фондунун президенти Кушубек Качибековдун макаласы “Зулпукор” күмбөзүн сактап калалы!” деген ат менен жарык көрдү.

“Кыргыз туусунан” ошондой эле Москванын Волоколамск шаарында Дүйшөнкул Шопоковдун эстелиги ачылганын, ага президент Алмазбек Атамбаев катышканын, Ала Тоо койнундагы аскердик параддар кандай өткөндүгүн жана согуш ардагерлери тууралуу көптөгөн эскерүүлөрдү окуйсуздар.

Айта кетели, “Кыргыз туусунан” башка кыргыз гезиттери бүгүн жарыкка чыккан жок.

“Вечерний Бишкек” гезити бүгүнкү санын Советтер Союзунун Баатыры Дүйшөнкул Шопоковдун Москванын Волоколамск шаарындагы эстелигинде сөз сүйлөп жаткан президент Алмаз Атамбаевдин сүрөтү жана “Бой, который еще не закончился” деген баш тема менен ачты.

Мындан кийин Нарын Айыптын “Застой.KG” деген макаласы тартууланды. Автор “Вечерний Бишкек” гезити 17-жана 22-апрелдеги сандарындагы кайрылууларында “Өлкөнүн өзөктүү маселелерин парламент эмес, өкмөт эмес, президенттин айланасындагы бир ууч топ чечүү менен мамлекетти кыйроого алып баратат” деп жазганын, мына ошондон кийин эркинбиз жана калыспыз деген массалык маалымат каражаттары кайрылуулардагы ойлорду андан ары улап кетет деп күткөнүн, бирок андай болбогонун, айрым гезиттер Эркин Мамбеталиев менен Икрам Илмияновдун бала чагын, ой-максаттарын, үй-бүлөдөгү, баскан жолундагы улуу иштерин мактап-жактап жаза баштаганын, айрыкча бул жагынан Ак үйгө таянган УТРК, “Пирамида”, 5-каналдар үлгү болгонун, ал эми эркинбиз деген башка маалымат каражаттары үн катып койгонго жарабаганын жазып чыкты. Аталган “Вечерний Бишкек” гезити биринчи бетине Эркин Мамбеталиевдин Ысык-Көлдүн Өрнөк айылындагы ак сарайынын сүрөтүн жарыялады.

“Вечерний Бишкектин” соту дагы артка жылдырылганын, бүгүнтөн тартып бишкектиктер ТЭЦтин кезектеги ремонт иштерине байланыштуу ысык суусу жок бир ай жашарын, ошондой эле Евразиялык экономикалык биримдикке киргенден кийинки жагдай кандай болорун Евгений Денисенконун макаласынан окуп алсаңыздар болот.

Гезиттеги көңүл бура турган жагдай өлкөнүн башкы сейсмологу Канатбек Абдрахматовдун “Биз Непал менен бир плитанын үстүндө “отурабыз” деп аталган маеги дээр элем. Абдрахматов мына ушундай жер титирөөнүн айынан Непал жыл сайын эки футболдун аянтындай жеринен ажырап келатканын, анткени мындай катуу силкинүүдөн жер кадимкидей бери тартылып, мунун эсебинен тоолор бийиктеп, өсүп кетерин, Непалдын жер алдындагы плиталары жылына беш сантиметрден жылып отурса, бизде эки сантиметрден жылып келатканын, Кыргызстандын сейсмологдору 2015-2016-жылдар сейсмикалык жактан өтө активдүү болорун мындан мурда эле айтып келгенин, эмдиги жылы “Непалдын жаңырыгы” бизде да сезилип каларын айтты.

Андан ары ал Кыргызстанда сейсмикалык 18 станция, андан тышкары америкалык санарип 10 жабдуу иштеп жатканын, бул деген жетишерлик экенин, бир гана айтары башка өлкөлөрдүн кайгылуу окуяларынан дайыма сабак алып сак болууну, тилекке каршы, качантан бери курулуштарга профессионалдык көзөмөл болбой калганын, беш жыл мурда курулушчу эмес, акчалуу бирөө ага келип, каалаган аймактан жер сатып алып көп кабаттуу там курсам болобу деп сураганын, бүгүн эми мындайлар толуп кеткенин, азыр сурап койбой эле каалаган жерине каалаган тамдарын салып жатканын, жердин үстү тынч болгону менен, астында тынымсыз кыймыл жүрүп жатканын кеп кылды.

XS
SM
MD
LG