Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:12

Желмогуздун жаралышы


"Ислам мамлекети" тобу Сириядагы Палмира шаарындагы байыркы эстеликтерди жардырууда
"Ислам мамлекети" тобу Сириядагы Палмира шаарындагы байыркы эстеликтерди жардырууда

“Эртеңкиге эң чоң инвестиция–бүгүнкү билим”. "Кыргыз туусу" гезити бүгүнкү санын президент Алмазбек Атамбаевдин ушул сөзү менен жаңы санын ачты.

“Кыргыз туусу” гезити Кыргызстан эң бир татаал, ошол эле учурда өзүнүн өнүгүүсүнүн эң жаркын баскычында жашап жатканын белгилеген гезит, президент Атамбаевдин: “Мугалим билими, мамилеси, жүрүм-туруму менен балдар үчүн үлгү, башкаларга окшобогон, өзгөчө адам сезилиши керек. Ошондо билим жугат. Айрым мугалимдер мектепке моюнунан байлагансып араң келишет. Түрмөдө отургансып, сабактын аягына чейин араң чыдап отурушат. Булардан кантип билим жугат? “ деп айтканын жазып чыкты. Гезиттин бул санынан ошондой эле президент мыкты окуган 46 студентке президенттик стипендия тапшырганын, шайлоого азырынча 14 партия аттанганын кабарлады. Булар менен бирге Нарынкүл Назаралиеванын “Күнөстөп жата бербей, күнөскана иштетели”, “Инвесторду коркутсак, интеграциялашуудан пайда болбойт” деген, Аида Надырбекованын “Эртеңкинин камын көргөн иштер” деген, Мырзакат Тыналиевдин “Таасирдүү туугандары” жок болсо өлгөндүн өз шорубу?” деген жана башка макалаларды окуйсуздар.

“Азия пресс” гезити журналист Азизбек Келдибековдун “Дин-апийим, ашыкча пайдаланган адамдар ууланат” деген макаласын жарыялады. Автор ааламга бүлүк салып жаткан “Ислам мамлекети” террордук тобу тууралуу кенен баяндама жасап, ИМди ийнине киргизиш үчүн жихадчыларга каршы АКШ, Австралия, Британия, Германия, Дания, Италия, Канада, Польша, Түркия, Франция катышкан коалиция түзүлгөндүгүн, муну Ирак колдоп жатканын, Орусия өкмөтү Иракка артиллериялык-ракеталык куралдар, самолетторду жардамга бергенин, Ирандын Тышкы иштер министри Жавад Зариф Нью-Йоркто өткөн бир жыйында “Бул коалицияны түзгөн мамлекеттер ИМди түзгөнгө да кайсы бир деңгээлде жардам беришкен, курал таркатышкан, эми өздөрү жасап алган желмогуз менен кайра өздөрү күрөшкөнү жатышат” деп айтканын белгилеп, Кыргызстандан Сирияга согушканы 175 адам кеткенин, күч органдарынын маалыматына ылайык Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустары диний-экстремисттик уюмдардын таасирине берилген аймак болуп саналарын, Сирияга кеткендердин 90% ушул үч облустун тургундары экенин баяндады.

“Де-факто” гезити Пекиндеги Жеңиш парады 3-сентябрда өтөрүн, ага кытайдын 12 миң аскери жана 50 генералы катышарын, параддан басыш үчүн Кыргызстандын жоокерлери да кеткенин маалымдады. Аталган гезиттен “Улуттун абийири болуп бараткан айым” деген макаланы, профессор Жеңишбек Назаралиевдин “Мен өз өлкөмдү сүйөм жана Кыргызстандын брендин алдыга сүрөйм” деген интервьюсун, “Темир Сариев айыл чарбасына жаңы технологиялар келишин колдойт” деген, “Ислам мамлекети кантип жаралган жана максаты эмне?”деген макалаларды, академик Абдылдажан Акматалиевдин “Эгемендүү жылдарда 1000 китеп чыгардык” деген маегин, Улуттук коопсуздук кызматынын полковниги Жаныбек Жоробаевдин “Кыргызстандын келечеги күчтүү кадрлардын колунда” деген аталыштагы баянын окуйсуздар.

“Фабула” гезити Кыргыз эл баатыры, академик Мамбет Мамакеевдин шайлоого аттанган кыргыздын кыз-жигиттерине кайрылуусу менен ачты. Эл баатыры анысында “Шайлоо тынч өтсүн. Улуу кыргыз эли жер карабагандай болсун, татыктуулар шайлансын. Утулгандар ак дили менен калсын, баарыңарды Манас бабабыздын арбагы колдосун, оммийин!” деп батасын берди.

“Фабуладан” Малеванаянын адвокаты аны жактоодон баш тартканын, “Центерра Голд” компаниясынын мурдагы башкы директору Лен Хоменюк Болгарияда кайрадан камакка алынганын, Мамлекеттик каттоо кызматынын жарандарды каттоо департаментинин башчысы Дүйшөн Сатыбалдиевге финполиция тарабынан кылмыш иши козголуп, издөө салынганын, 6000 адамга жасалма паспорт берген бул адам “Ата Мекен” партиясы менен шайлоого бармакчы болуп жатканын, “Вечерний Бишкек” гезитинин кожоюну алмашканын, 26-августта бул гезиттин 17 журналисти жумуштан айдалганын, Бишкектин Ленин райондук соту Бишкек Эркин экономикалык аймактын башчысы Орозбек Нусувалиевди актаганын, эми мыйзам боюнча ал мурдагы ордуна барып иштеши керектигин окуйсуздар. Ушул эле гезитте журналист Нурбек Асаналиевдин “Рыскелди Момбеков”, Жаркынай Кадыркулованын “Ден соолук сакчысы”, Меңдибек Асылбековдун “Мугалимдин аты улук, өзү ыйык” деген макалалары жарык көрдү.

“Вечерний Бишкек” гезити филология илимдеринин доктору Кубан Мамбеталиевдин "Жихад - ириде жаман ойлорду жарга таштоо" (“Джихад– это битва с дурными помыслами”) деген макаласын басты. Макалада ысымы Махатма Ганди, Мартин Лютер Кинг менен бир катарда аталган түрк жараны, Хьюстон университетинде Гюлен институтун, биздин өлкөдө “Себат” деп аталган окуу жайларын ачкан, 14 жыл ичинде бул окуу жайларынын таралышы үчүн 60 млн. доллар инвестиция салган мамлекеттик ишмер Фетхулах Гюлендин ишмердиги жөнүндө баяндалат. Аталган гезит муну менен бирге Бишкекте 366 млн. сомго курулган “Баш Карасуу” деп аталган суу кудугу пайдаланууга берилгенин, мындан “Чоң Арык”, “Арча Бешик”, “Ынтымак”, “Ак өргө” жана “Ак ордо” элинин 130 миңден ашуун эли иче турган суу менен камсыз болгонун кабарлады.

XS
SM
MD
LG