Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 04:25

"Раим миллион" ким менен соодалашкан?


Райымбек Матраимов
Райымбек Матраимов

Шаршембидеги кыргыз басылмаларында парламенттик шайлоо жыйынтыгы, депутаттык мандат бөлүштүрүүнүн көшөгө артындагы сырлары, абактан качкандарды издөө операциясынын жүрүшү, сомдун АКШ долларына карата катышынын кескин төмөндөп жатышы чагылдырылды.

Абак системасын ким реформалайт?

Бир жумадан бери Бишкектин чыгыш тарабындагы 50-абактан качып чыккан коркунучтуу кылмышкерлерди издөө аракеттери токтолбой, ушу тапта эки качкындын дарек-дайыны иликтенип жатканын шаршембидеги “Дело №” гезити жазды.

Басылманын маалымдашынча, 50-абакта кармалган коркунучтуу кылмышкерлерге түрмө кызматкерлери куралы жок гана кире алат. Абактын өзүнүн ичинде криминалдардын эреже-тартиби орнотулган. “50-СИЗОдон тогуз адамдын качып чыгышы биздин Кыргызстанда жаза аткаруу системасы жакшы иштебегенин көрсөттү",- деп жазат журналист Ольга Новгородцева “Бүкүрдү түрмө оңдобойт” деген макаласында. "Чын-чынына келгенде андай система деле жок. Анан да түрмө менен сот тарабында салыштырмалуу тартип орнотууга коркпостон киришчү жан деле көрүнбөйт”.

Коркунучтуу кылмышкерлер качып кеткенден берки бир жумада Жаза аткаруу кызматынан бир да киши кызматынан алынган жок, кызмат боюнча ачылган кылмыш иши кандай жыйынтыктарга келгени тууралуу маалымат бериле электиги ушул эле басылмадагы Артур Исаевдин макаласында козголгон. Макала авторунун ырасташынча, түрмө кызматкерлери коркунучтуу кылмышкерлер кармалган камераларга куралы менен кире алышпайт. Ошондуктан оор кылмыштары үчүн түрмөдө отурган жанкечтинин куралсыз кызматкерди өлтүрүп, темир тордон качып чыгып кетиши текейден арзан.

Ушул эле басылма банкоматтарда катылган акчаларды уурдаган кибер шумпайлардын тобу Бишкекте пайда болгонун, жаңы уурулардын заманбап техника аркылуу тоноп кеткен акчалары 5 миллион сомго жетип калганын, эсептеги акчаны алууда кыргызстандыктар этият болушу керектигин эскертти.

Шайлоо же казанчынын өз эрки...

Депутаттык мандат үчүн жанын бергиси келген талапкерлердин көбү жаңы тизмелерге кирбей, нааразы болгондор сотко кайрылганын, “Республика Ата Журт” партиясы саясий уюмдун аброюна шек келтирген мүчөсүнө 10 миллион сом доо коюп сотко кайрылганы жатканын “Майдан” гезити жазды.

“Мандат аз, талапкер көп болуп турган убакта партия жетекчилиги парламентке “калк ичиндеги кадыр-барктуулар барсын” деген принципке таяндыбы же шайлоодо партиянын фондуна барандуу салым кошкондорго басым жасадыбы, айтор, бул жагы “казанчынын өз эрки” болду,”- деп белгилейт “Майдан” гезити. Талапкердин көп добуш алганы, басылманын пикиринде, анын калк алдындагы кадырынын бийиктигин эле көрсөтпөй, капчыгынын калыңдыгын да билдирип калган. Ушул эле басылма парламенттин мурдагы депутаты Курманбек Осмоновдун пикирин жарыялады. Анын айтуусунда, бул шайлоо аты партиялык болгону менен заты мажоритардык – бир мандаттуу округдардан шайлангандай эле болуп калды. Гезит президенттик аппараттын жемкорлук боюнча айыпталып жаткан мурдагы башчысы Данияр Нарымбаевдин соту уланып, анда биртоп сырлар ачылып жатканына токтолгон.

Убада

“Нарымбаевдин сотунда президенттин аты аталды”, деген макаланы “Искра плюс” гезити да жарыялады. “Президенттин экс-аппарат башчысы Түлеевге байланышкан маселелерди өз убагында президентке жеткирип турганын, Атамбаев Түлеев андан ырайым сураса болорун айтканын кошумчалады”, деп маалымдайт аталган басылма Нарымбаевдин соттогу көрсөтмөлөрүнө шилтеме берип.

“Искра плюс” гезити бул күнкү санында 50-абактан качкандарды кармоо операциясына токтолуп “Террорист камайбы же күбөлөрдүн көзүн тазалообу” деген макала жарыялады. “Эмне үчүн колунда аш бычак көтөргөн немени кармаганга мүмкүнчүлук болгон жок?”, деп суроо коет басылма. Ушул эле гезитте кыргыз тараптан тийиштүү жүйөлөр келтирилбей, талап кылынган документтери маалында жөнөтүлбөй, эл аралык издөө жарыяланган “Кумтөр” компаниясынын мурдагы жетекчиси Леонард Хоменюк Болгариядан боштондукка чыгарылганы маалымдалды.

“Искра плюс” гезити “Раим миллион” деген каймана аты бар Райымбек Матраимов кызматка жетүү үчүн Илмиянов менен соодалашты беле?” деген суроого жооп издеген. “Парламенттик шайлоо маалында Матраимов Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы болом, КСДПга чуркап бергеним үчүн ушул кызматты убада кылышкан. Бул президент менен макулдашылган маселе” деп тар чөйрөдө төшүн кагып жүргөнү кандай?” деп жазат гезит. Басылманын маалымдашынча, бажы кызматынын төрагасынын орунбасары Раим Матраимов эки кабинетти бириктирип келишкен кызматтык кабинет жасатып, аны кымбат материалдар менен жасалгалаткан.

Куну качкан сом

Парламенттик шайлоодо миңден ашуун участоктордогу добуш берүүнүн жыйынтыктары БШК расмий сайтындагы маалыматтар менен дал келбей калганын “Аргументы и факты Кыргызстан” басылмасы “Бүтүн Кыргызстан Эмгек” партиясынын теңтөрагасы Адахан Мадумаровдун пикирине таянып жазды. Гезит материалы “Мыйзам бузуулар болду” деп аталат. Ушул эле гезит кийинки кездери сомдун куну качып, доллар көтөрүлүп, кыргызстандыктар улуттук акчасына караганда чет эл каражатына көбүрөөк ооп кеткенин, бул улуттук экономиканын өнүгүшүнө кедергисин тийгизерин жазып чыкты.

  • 16x9 Image

    Бекташ Шамшиев

    "Азаттыктын" журналисти, публицист, адабиятчы. Бир нече китептин автору, филология илимдеринин кандидаты. Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин аяктаган. 

XS
SM
MD
LG