Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:32

"Табылгыс кадрдын" шашмалыгы...


Апта соңундагы кыргыз басылмалары 50-абактан качкандарды издөө операциясы аякташы, парламенттик шайлоо жыйынтыкталганы менен кимдер депутат болору алигече такталбай жатканы, ал арада болочок эл өкүлдөрү отурчу жерлерди жасалгалоо жумуштары кызуу жүрүп жатканы талкууланууда.

“Кылмышкерлерге “боор оорушат”, алардын курмандыктары жөнүндө эмнеге ойлошпойт?..” деген суроону жума күнкү “Кыргыз туусу” гезити койду. Абактан үч кызматкерди тындым кылып, төртүнчүсүн чалажан таштап кеткен кылмышкерлерди издөө операциясы маалымдоо каражаттарынан түшпөгөн темага айланды.

Журналист Мурзакат Тыналиевдин ырасташынча, абактан киши өлтүрүп качып чыккандарды “эркелетип отурбастан” каршылык көрсөткөндүгү үчүн жеринде атып салуу шартка жараша жасалган адекваттуу аракет. Бирок айрым чет элдик грант алчулардын кылмышкерлерди жок кылууну жактырбай жатышын “эч кандай моралдык ченем менен түшүндүрүүгө мүмкүн эмес”.

“Бул кылмыштан улам коомдогу дагы бир көйгөй ачыкталды,- деп жазат Тыналиев.- Ал – биздин пенитенциардык системанын ичтен ирип калганы”. Макала авторунун ырасташынча, жаза аткаруу системасы реформаланмайын ал "кылмышкерлердин квалификациясын жогорулатуучу" гана жай болуп калышы ыктымал.

Парламенттик шайлоонун жыйынтыгы тууралуу пикирин сурап “Жаңы ордо” гезити Жалал-Абад облусунун мурдагы губернатору Жусупжан Жээнбековго кайрылган. “Азыр олигархтардын уюшма тобу гана депутат боло алат. Мурун мен миң кишини алдасаң депутатсың, он миңди алдасан президентсиң, деп тамашалап айтып койчу элем. Азыр бир кишини эле чоң кара чемоданың менен алдасаң депутат болосуң",- дейт Жээнбеков. Ушул эле ойду улап дагы бир экс-губернатор Бектур Асанов шайлоого бир миллиондой эле киши катышып калганын, калган добуштарды будамайлап “Форма 2” деген карусел кылып таштап жиберишкенин билдирген. Анын маеги “Акаев, Бакиев, Атамбаев – булар бир доор. Ушул доорду биз бүтүрүшүбүз керек” деген аталышта жарык көргөн.

Элдин сыноосунан эптеп өтүп келген депутаттыкка талапкерлердин күтүүсү узакка созулуп, чыдам түгөнүп баратканын жума күнкү “Вечерний Бишкек” гезитинде Элвира Темир жазып чыкты. Жаңы шайланган эл өкүлдөрүнүн таманына сыз өтпөсүн деп Жогорку Кеңештин иш башкаруучулары 5 миллион сомго жумшак килемдерди сатып алганын Азамат Касыбеков “Килем алдындагы оюндар” деген макаласында иликтөөгө алган. Макалада 3 миң 377 чарчы метр улуттук орнаменттеги килемине улай миллион сомго бираз жете бербеген айнек пардаларын алып, тендери жараксызга чыккан 2,6 миллион сомдук кайыш креслолор орду башка буюмдар менен толукталып, жаңы шайланган эл өкүлдөрү жаркыраган жарашыктуу кабинеттерде отуруп калары баяндалган. Жаңы шайланган парламенттин 62% мурдагы аткаминерлер менен акчасы батпаган көпөстөр. Алар арбыганы менен, парламенттин иш натыйжасы начарлагандан начарлап эле баратат, кабыл алынган мыйзамдардын теңинен көбү аткаруу бийлиги тарабынан сунуш кылынат, деп белгилейт макала автору.

Гезитте олимпчилер эмес, криминалдардын резервине айланган Бишкектеги Олимпиадалык резерв мектебинин окуучуларынын бейбаштыгы, ушу тапта аны жаап салуу сунушу айтылып жатканы Вячеслав Аникиндин “Шордуу олимпиячылар” макаласында козголгон. Автор окуу жайдын бүтүрүүчүлөрү кийинки жылдары спорт жаатында жарытылуу ийгиликтерге жетише албай, көпчүлүгү жөн убакыт өткөрүп калышканын белгилеп, окуу жайды жоюп, анын ордуна жаштар курамасын даярдоо борборуна айлантуу сунушун берген.

Жума күнкү “Де-факто” гезити Билим берүү жана илим министри Элвира Сариева кызмат ордунда калуунун аракетине өтүп жатканы Аман Иманалиевдин “Токочтуу кыз сүйгүнчүк болуп атасызбы?” аттуу макаласында козголгон. “Бирдиктүү мектеп формасы” долбоорун ишке ашыра албай, жалпы элди түйшүккө салган министр келгени мектептердеги акча чогултуулар тыйылгандын ордуна күчөп, “кагазда жазылганды эжелеп окуган, кыргызча тыңгылыктуу сүйлөй албаган, бир саат мектепте же ЖОЖдо сабак бербеген Сариева билим берүү тармагын саздан чыгармак түгүл, биротоло чөктүрүп жибергенин көрүп эле келе жатабыз”, деп жазат автор.

Басылмада “Бийлик шайлоону таза өткөргөнү менен партияларды “ит-мышыкча ыркырашмайы” уланып жатканы, "Депутат мыйзам чегинде байлыгын далилдей албаса жазага тартылышы керек”, деген мурдагы эл өкүлү Данияр Тербишалиевдин маеги, 5-чакырылыштагы Жогорку Кеңеш төрагасы Асылбек Жээнбековдун бейнесине арналган “Акырын жүрсөң Ак үйгө жетесиң” какшык-төргө орун берилген. “Эртең менен жумушка шашат, кечинде үйүнө шашат имиш. Аны деле текшерген, кантыролдогон жан жок. Ким кантыролдойт андай табылгыс кадрды. Жетинчи кабатка жагып турса болгону да”, деп жазат Сокбилек деген каймана аттуу автор.

50-абактан качкандардын ичинен жалгыз Абдырахмановду атышкан жок, деп маалымдайт “Фабула” гезити бүгүнкү санында. Ошону менен түрмөдөн качкандардын бирөө жарадар болуп тирүү колго түшсө, үчөө жок кылынды. Качкындардын изин суутпай колго түшүргөн бешөөнүн үчөө да жарык дүйнө менен кош айтышты. Ушул тема гезиттеги Баратбай Аракеевдин “Баш кесерлерди жок кылуу күнөө эмес!” деген макаласында козголгон. Качкындарды тирүү кармаш керек эле, атайылап эле өлтүрүп жатышат” дегенди айтып тургандардын өзүн ушул издөө операциясына кошуш керек эле деген автор.

Ушул эле темага “Айбат”гезити да кайрылып “Бейөкмөтчүлөр кылмышкерлердин, жанкечтилердин укугун коргогонду демократия деп түшүнөбү?”, саясат таануучу Жолборс Жоробековдун “Бейөкмөт уюмдарды каржылаган АКШда колуңду чөнтөккө салсаң да атып таштайт”, деген материалдары жарыяланган. Басылмада “Канкор Бакиев китеп жазгандын балакетин алабы?”, “Бабановдун башы катты”, “Болот Шер партиядан кетем десе, “жаш муунчулар” Текебаевди сызга отургузабы?” сындуу материалдар топтомуна да орун берилген.

  • 16x9 Image

    Бекташ Шамшиев

    "Азаттыктын" журналисти, публицист, адабиятчы. Бир нече китептин автору, филология илимдеринин кандидаты. Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин аяктаган. 

XS
SM
MD
LG