Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:10

Токтогул ГЭСи: какаганга муштаган...


Токтогул суу сактагычы.
Токтогул суу сактагычы.

"Алиби” гезити НПОлор жөнүндө макала басты.

Бүгүн жарык көргөн “Кыргыз туусу” гезити жаңы санын “Кыргыз-араб кызматташуусу кызыды” деген ат менен президент Алмазбек Атамбаевдин Катар мамлекетиндеги иш сапарын баяндаган макалага окурман көңүлүн буруп, Кыргыз Республикасы менен Бириккен Араб Эмираттарынын ортосунда сегиз макулдашууга кол коюлганын жар салды.

Андан кийинки макалада өкмөт башчы Жоомарт Оторбаев Ысык-Көлдүн жер титирөөдөн жабыркаган Тоң жана Жети-Өгүз райондорунда болуп, жардам көрсөтөрүн билдиргени маалымдалган.

Бул санга Кыргыз Республикасынын баатыры Сооронбай Жусуевдин Токтогул жөнүндө баяндаган “Кордук жана эрдик” деген поэмасы жарык көрдү.

Ушул эле санда Коомдук телерадиокорпорациясынын “Замана” студиясынын продюсери Динара Кодураңованын “Тележурналистика – менин бактым, кумарым” деген, төкмө акын Асылбек Муратовдун “Арстанбек Буйлаш уулу менин бешинчи атам” деген маектери бар.

“Алиби” гезити “Эстафетаны НПОлор алды” деген макала менен бүгүнкү санын ачты. Өкмөттүк эмес уюмдардын түн уйкусун бузуп жаткан нерсе президенттин 1-декабрь күнү 5-каналга берген интервьюсу болгонун, президент анысында айрым НПОлор кайсыл бир күчтөрдүн аркасы менен саясий иштерди аткарып жатканын айтканы себеп болгонун, андан сырткары Жогорку Кеңештин депутаттары Турсунбай Бакир уулу менен Мадалиев мыйзамга чет элдик булактардан финансыланган өкмөттүк эмес уюмдарга “Чет элдик агент” деген статус берүү нормасын киргизип жатканын кеп кылды.

Саясат таануучу Табылды Акеров маегин “Атамбаев коом талап кылбаган идеяларга жетеленип, жарытылуу деле иш кылган жок” деп атаса;

Энергетика эксперти Расул Үмбөталиев маегин “860 млн. киловатт-саат электр энергиясын өндүрө турган агрегат авариялык абалга кептелди” деп атап, Казакстандан сатып келген электр энергиясы менен маселе чечилип кетпестигин, ошон үчүн Отун-энергетикалык комплексти жөнгө салуу департаменти электр энергиясынын кубаттуулугун көбөйтүү жолун издеп, ТЭЦтерден да кошумча энергия өндүрүүгө аракет кылып жатканын, алар антип атканы менен какаганга муштаган болуп, Токтогул ГЭСиндеги суу агрегаты да авариялык абалга кептелип, 4 айда чыгара турган 860 млн. киловатт-сааттык электр энергиянын орду бош калып, чечмелеп айтканда энергияны өндүргөндөн аны жагуу көлөмү көп болуп жатканын айтты. Эксперт Үмбөталиев андан аркы сөзүндө Максим Бакиев менен Ширшовдун учурунда Токтогулдагы суу бүгүнкүдөн 2 миллиард кубга аз болгонун, бирок алар кырдаалдан айылдар менен шаарларда светти графикке бөлүп-бөлүп өчүрүү менен чыгып кеткенин, Кыргызстан эгемендикке ээ болгондон бери биринчи жолу тарыхта кошуна мамлекеттен энергия сатып алып жатканыбызды, ошондуктан кандай кырдаал болбосун сууну текке кетирбей пайдалануунун жолун үйрөнүшүбүз керектигин кеп кылды.

“Фабула” гезити “Жаргылчак” деген баш теманын алдында Айбек Шамшыкеевдин депутат Исмаил Исаковдун ишмердигине арналган макаласын тартууланды.

Маданият, маалымат жана туризм министри Алтынбек Максүтов интервью берип, ушул күнгө чейин Маданият тармагын алдыга жылдыра турган мыйзам жок экендигин, бир иш баштайын десең эле мыйзамга ылайык келбейт деген шылтоо менен иштер тоскоолдукка учурай берерин, ошон үчүн парламент менен биргелешип азыркы замандын шартына ылайык маданият боюнча мыйзам долбоорун киргизүү боюнча иштеп жатканын айтып берди.

Жаркынай Кадыркулованын макаласы “Кыргыз эстрадасына аброй алып келген Гүлжигит Калыков” деп аталып, Гүлжигиттин туулуп-өскөндөн ушул күнгө чейинки баскан жолун, ийгиликке кантип жеткенин баяндады. Макаланын автору аягында: “Азыр бизде өзүн өтө эле мыкты сезген ырчылар абдан көп. Бирок Гүлжигиттей болуп намыс коргоп, чет жерде өткөн сынакта биринчиликти алгандар аз” деп жазат.

Ушул эле санга Жакып Ибраимовдун “Жол кырсыгынан кызым каза болду” деген трагедиялуу баяны басылды.

Окумуштуу Сауле Егимбаеванын Кыргыз эл жазуучусу Өскөн Даникеев тууралуу жазылган “Даникеевдин даңгыр жолу” аттуу изилдөө эмгеги сандан санга жарыялана баштады.

XS
SM
MD
LG