Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:25

Бажасы жок, кудасы көп Кумтөр...


Гезиттердин баары парламентте “чекит” коюлган Кумтөрдү жазып чыгышты.

Бүгүн жарык көргөн “Фабула” гезити баш макаласын Кумтөр маселесине арнап, анын атын “Республика” нокдаун, “Ата Мекен” нокаут” деп атап, парламенттеги акыркы жыйындын чоо-жайын чойгулап келип: “Азыркы өкмөткө эми “Ата Мекен” фракциясынын коалициядан чыгышы коркунуч келтирбейт. Анткени алардын ордун толуктай турган күч бар экени көрүнүп калды. Жоомарт Оторбаевдин ордуна Мыктыбек Абдылдаев, Алмамбет Шыкмаматовдун ордуна Курмантай Абдиев, Кудайберген Базарбаевдин ордуна Жылдыз Жолдошева, Калыкбек Султановдун ордуна Улукбек Кочкоров отурса жарашпайбы? Жарашканда да кандай жарашат! Айтор соодагер парламент соолуп бараткандай...” деп жыйынтык чыгарды.

Вице-премьер-министр Токон Мамытов “Тажиктер 22 жылдан бери Лейлектен күнүгө 120 миң куб газ, 10 тонна нефтини бекер алып келишкен” деп интервью берип, тажиктер менен талашка түшкөн жер тилкесин чечүү үчүн комиссия түзүү чечимине келишкенин, ал эми салынып жаткан жол 5-10 метр бери жылдыра коюп салына берерин, азыр жолдун 4 чакырымы бүтүп, үч чоң аскага келип такалып, жардырууга даярдык көрүлүп жатканын, тажик кошуналар Ак-Сай айылынын сыртынан Кожо-Аъло-Ворухка чейин өзүнчө жол сурашканын, бирок ал өтүнүч четке кагылганын, анткени кыргыз тарап чатакка чейин эле Көк-Таш-Ак-Сай-Тамдык-Кожо-Аъло жолун колдонуп келгендигин белгилеп, мындан ары да ошол жол колдонула берерин, эч кандай жаңы жолго уруксат берилбей тургандыгын билдирди.

“Алиби” гезити Кумтөр маселесине Темирбек Алымбековдун “Ак карга, кара карга же Кумтөр долбоорундагы кутумдук” деген макаласы менен жооп берди.
Кезинде Акаевдин Мамкатчысы болуп турган Осмонакун Ибраимов дегенибиз, Бермет Акаевнын күйөөсүнө элдин башын ийдирип, ал деген “Бүткүл кыргыз элинин күйөө баласы болот” деп атаган Адил Тойгонбаев Москвадан кармалганын кабарлады.

Экс-депутат Эркинбек Алымбеков “Алибинин” бүгүнкү санындагы маегин “Мен өзүмдү көз карандысыз саясатчымын деп эсептейм” деп атап, ал Текебаевдин эмес, элдин депутаты экенин, ошондуктан мандатын өзү мүчө болгон “Ата Мекен” партиясынын чечимине макул эместиги үчүн тапшырып кете бергенин, бирок Кумтөр боюнча Текебаев соодалашууга барды дегенге ишенбестин, анткени Текебаев мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн өз позициясынан кайтпаган, катуу адам экендигин белгиледи.

Ушуга улай эле “Эки сүйлөгөн азаматтар Эркин мырзадан сабак алса болот” деген аталыш менен экс-болгон депутаттардын дагы бири Садыр Жапаров интервью берди.

Гезиттин Жалал-Абаддагы кабарчысы Майрамбек Адылбеков макаласын “Кадыржандын мүлкүн губернатор, прокурор, космонавт баш болуп бөлүп алганбы?” деп атап, өздөрүн демилгелүү топ деп жарыялаган жарандар “Кадыржан Батыров Кыргызстандан качып кеткенине эки жылдан ашса да анын мүлкүн улутташтырабыз деген шылтоо менен мамлекеттик кызматта иштеп жаткан адамдар өздөрү коррупцияга аралашкан” деп билдиргенин, маселен ошол топтун башчысы Анарбай Орозовдун айтуусунда облуста 5 коррупционер барын жазып чыкты.

“Кыргыз туусу” гезити бүгүн “Диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясат реформаланат” деген баштема менен Коргоо Кеңешинин төрагасы, президент Алмазбек Атамбаев менен Коргоо Кеңешинин катчысы Бейшенбай Жунусов кол койгон жарлыктын толук текстин басып чыгарды.

Саткынбек Тентимишов аттуу автордун президент Алмазбек Атамбаев менен Башкы прокурор Аида Саляновага жолдогон каты “Максим Бакиевге токойду белек кылган киши “токойдон чыкпай” тайраңдап жүрө береби?” деген ат менен жарык көрдү.
XS
SM
MD
LG