Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:04

Саясат, акын, балалык...


“Көк асаба” гезити президент А. Атамбаевге 7 пункт менен кайрылды.

Бүгүн жарык көргөн “Тил маданияты” гезити тилчи окумуштуулар Бактыбек Азизбек уулунун “Улуттун улуулугун тил даңазалайт” аттуу маегин, Айжан Каролованын “Кыргыз тилин өнүктүрүү үчүн зарылдык керек” аттуу макаласын, публицист Жолдош Турдубаевдин адабият тууралуу айткан ойлорун жарыялады.

Гезиттеги бир жакшы жаңылык - жакындан бери акындардын жазган ырларын окурмандарга тааныштырып келатканы болууда. Жогорку Кеңештин депутаты Чыныбай Турсунбеков башында филолог болгондугун, университте балдарды окутканын, студент кезинен баштап айыл жыттанган жакшы ырларды жазган акын экендигин кийинки муун балким билбесе керек. Анда акындын акын экендигин тааныткан ырларын биз дагы окуй кетели.

Балалык менен коштошуу

Жай келгенде бул жол менен уңулдап,
Жайлоолорго жеткирчү эле машина.
Жай бүткөндө биз өзүбүз жулуңдап,
Айлыбызга жөнөөр элек шашыла.
Ал жол мага өткөн күндү эстетип,
Балалыктан кол үзбөөгө чакырды.
А мен билбей жигиттикке кездешип,
Сылап турдум жаңы койгон чачымды.
Сылап коем, карап коем суу бетин,
Чач койгон да бир чоң азап турбайбы.
Мурда кантип тарап жүргөм, билбепмин,
Жаткыралбай койдум такыр маңдайды.
Тыбырчылап туйлайт, туйлайт жаш жүрөк,
Жаш кунандай так секирип түйүлгөн.
Бул жер мага кымбаттыгын сездим эх,
Алыс кетип жатып алгач үйүмдөн...
Шылдыр-шылдыр, чулдур булак шылдырайт,
Балык болуп колго суусу токтобой,
Тамчысына тамчыларын койду улап,
Агып кеткен суусун арттан жоктобой, - дейт акын Чыныбай Турсунбеков.


“Көк асаба” гезитинин жаңы саны окурмандарын “Элдин уурдалган ишеничин мекенчил–улутчулдар гана кайрый алат!” деген Айбек Байымбетов аттуу жаш жигиттин ой-толгоосу менен тааныштырат. Гезитти андан ары барактап журналист Темирбек Токтогазиевдин “Кытайда Манастын тарыхый инсан экендигин тастыктаган сүрөттөр бар” деген сандан санга жарык көрүп келаткан макаласынын уландысын, Баяс Турал, Абдымамбет Сариев колун койгон бир катар жарандардын “Диний миссионерлер биротоло чегинен чыгып кетишти...” деген аталыштагы президентке кайрылуу катын окуйсуздар.

Кайрылуу менен учкай тааныштыра кетели. Аталган “Көк асаба” гезити президент Алмазбек Атамбаевдин Кыргызстандагы дин маселелери боюнча Коопсуздук Кеңешиндеги жыйыны калктын калың катмарын үн кошууга чакырып жатканын кеп кылып, жогорудагы адамдардын кыргыз президентине жазган 7 өтүнүчүн ортого салды.

Биринде мындай деп жазылган: “Курман айт же айт күндөрү мечиттерди ээн калтырып, бирок, “мечиттерге батпай калдык!” деген шылтоо менен диний саясат үчүн көрсөтмөлүү агитация жасоо багытында Бишкек шаарынын ортосундагы аянтта көпчүлүк намаз окуп жатканда арасына террорчу кирип кетип, элди жардырып жиберсе же Ак үйдү басып алууга умтулган уруш-согуш чыгарса, анда курман айт же айт намазын ошол учурда окуу тартибин ким уюштурса ошол адамды, ага жардам бергендерди, чогуу иштегендерди, үй-бүлөсүн, бала-чакасын камакка алып”...”мамлекетти күч менен басып алуу”... жана “... террорчулук иш-аракеттери үчүн...” деген беренеге такап, түрмөгө олтургузуу жөнүндө жарлык чыгаруу керектиги жазылган.

6-пунктта: “Динди жамынып, аны саясатка айландыруу менен диний ишмердүүлүктү жүргүзгөн, маселен Билим берүү министрлигинин алдына келип “окуучулар хижап кийсин, мектептерде ислам дини боюнча сабактар киргизилсин же шарияттын эрежелери менен мамлекеттик иштер жүргүзүлсүн, мамлекеттик жайларда, окуу жайларда же башка мекемелерде намазкана ачылсын!" деген талаптарды койгон адамдарды мамлекеттик кызмат орундарынан кетирүү, эгер алар депутат болсо депутаттыктан чакыртып алып мандаттарынан ажыратуу жөнүндө жарлык чыгаруу талабын коюшту.

Президентке жолдогон бул кайрылууда мындан башка дагы 5 пункт бар.

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG