Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:53

Кант бизнесинин каймагын калпыгандар


Sugar
Sugar

Бүгүн жарыкка чыккан “Фабула” гезити кант бизнесин калчагандар тууралуу кеп кылды.

"Фабула" гезити Баратбай Аракеевдин “Кадам ушул” деген рубриканын алдындагы макаласын тартуу кылды. Автор анда парламенттеги айрым бир аял депутаттар менен анын шоопурлары жөнүндө кеп кылган.

Жанкороз Эсенгелдиевдин макаласы “Марат менен Максимдин көмүскө схемасы бүгүн да иштеп жатат” деп аталып, автор Кыргызстанга канттын 60 процентин Белорустун кант заводу ташып келип турарын, аталган заводдун кожоюндары бүгүн “Кайыңды кант” заводун жамынып алып 30 проценттик бажы төлөмүн киргизүү үчүн иштеп жатканын, аталган ишкананын максаты Кыргызстанга ташылып келген кантка 100 процент монополисттик кылуу экендигин, аталган ишкананын кызыкчылыгын Экономика министри Темир Сариев да колдоп жатканы жетиштүү далилдер менен ачыкка чыкканын жазды. Дагы бир көңүл бура турган жагдай эски бийликтин тушунда ал заводдун артында Максим менен Марат Бакиевдер турганын, алардын көмүскө схемасы азыр да уланып жатканын эске салды.

“Фабуланын” бул санына депутат Нарынбек Молдобаев Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча мамлекеттик дирекциянын жасагандарын текшерген депутаттык комиссиянын ишинин жыйынтыгы тууралуу кеп кылды. Кабарчынын “Жантөрө Сатыбалдиев өкмөттүн башында турганда дирекциядагы мыйзам бузуулардан тиешелүү жыйынтык чыгабы?” деген суроосуна Нарынбек Молдобаев:

- Үч бөлүктөн турган чечим кабыл алдык. Биринчиси - комиссиянын маалыматы эске алынсын. Экинчиси - комиссиянын материалдары Башкы прокуратурага берилип, юридикалык баа берилсин. Үчүнчүсү - эсеп палатасы кайрадан жакшылап текшерүү жүргүзсүн,- деген жооп узаткан.

“Алиби” гезити жаңы санын Дайырбек Меймановдун “Рубль менен теңгени эми сом ээрчийби?” деген макаласы менен ачты. Ушул эле гезитке депутат Равшан Жээнбеков “Бийлик парламенттеги оппозицияга эле эмес, сырттагы оппозиция менен да эсептешсин...” деп интервью берди.

Кабарчынын "Бийликке каршы топтор, таасирдүү адамдар бириктик дегениңер менен курамыңардагы саясатчылардын басымдуу бөлүгү бийликке таарынгандар экен го?",- деген суроосуна депутат:

- Биз баарыбыз сүйлөшүп, колубуздан келишинче системалуу өзгөрүүлөрдү жасаганга аракет кылалы деген жыйынтыкка келдик. 20 жылдан бери бизди кыйнап, экономикалык-саясий кризиске кептеп жаткан президенттин мүмкүнчүлүктөрүн, ыйгарым укуктарын кыскартуу керек. Азырынча бийликти кетире салабыз дебесек да, акцияларыбыздын баары бийликтин бизге карата жасаган реакциясына жараша болот,- деп жооп берди.
XS
SM
MD
LG