Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 12:36

Акча "агымы" буулганда, жол ачылабы?


“Де-факто” гезити коомдук ишмер Алик Орозовдун интервьюсун басты.

“Де-факто” гезитине интервью берген саясий эксперт Алик Орозов “Алайдагы жол тосуу акчанын күчү менен башталып, акчанын күчү менен уланууда” деп айтты. Тажырыйбалуу чекист жолду жердешчилик сезимдери козголуп, Келдибековго боорлору ооруп, ага жан тарткандыктарынан тосуп турбаганын, анткени алайлыктар Келдибековдун ким экенин жакшы билишерин, чындап келсе анын тагдыры элди ойлонтпосун, Алай акциясы акчанын күчү менен уланып атканын, Келдибеков акылдуу адам экенин, ал өзүнүн адвокаттары менен кеңешип туруп ушундай ишке барганын, эми бийлик өз жүзүн сакташы керектигин, Келдибековду кое берүү – коррупциянын алдында капитуляция, багынып бергендикке барабар болорун, бийлик мыйзамга каршы аракеттерди жасап жаткан бир ууч элдин талабын аткарса, анда жалпы элдин, коомчулуктун көңүлүн суутуп, ишениминен биротоло кетерин айтты. Алик Орозов ошону менен бирге эле жол тосууну токтотуунун бир жолу катары ошол жол буугандарга берилип жаткан акчанын каналын бууп салуу болорун, акча токтоору менен жол бууган да токтоорун кошумчалады. Бир катар депутаттар Келдибековду дарылануу үчүн сыртка чыгууга уруксат берүүнү суранып жатканына жооп кылган Алик Орозов, эгер Келдибеков сыртка чыга турган болсо Максим, Жаныш Бакиевдер сыяктуу эле экинчи кайрылып келбей турганын эстен чыгарбоо керектигин дагы бир жолу эскертти.

“Фабула” гезитиндеги макаласында журналист Баратбай Аракеев депуттаттар бир ирет жөн адамдын түшүнө кирбеген байлыгы бар Нариман Түлеевди коргоп турганын, андан соң качып кеткен Нурлан Сулаймановду, Искак Пирматовду, Элмурат Обдуновду коргоп, эми Акматбек Келдибековду коргоп турганын, өзүбүз шайлаган эл өкүлдөрүнүн бул тобу малдын эмес, мамлекеттин канын соруп келген эки аяктуу “чупакабраларды” эчтеке жеген эмес, акактай таза, бийлик жөн эле куугунтуктап атат деп сессиядан сүйлөгөндө жерге кирип кете жаздап араң токторуңду, таза дегенинин артында кабат-кабат үйлөрү, сандаган квартиралары, бир дөңгөлөгү эле миллион сомдук жөн адам минбес машиналары, жөн адам кирбес үйлөрү, мал-жаны, сапырылган көр дүйнөсү барын ойлоп, ого бетер жинди болуп кете жаздарыңды, айлаң кеткенде “карышкырлар койлорду дурус кайтарып жатканын” эстеп тим болоруңду жазды.

Бишкек шаарынын башкы милийсасы генерал Мелис Турганбаев маек куруп, жакында бир депутат Алмамбет Анапияевди “баалашыбыз керек” деп чыкканын, андай эле баалагысы келип, чыдай албай турса сүрөтүн үйүнө алып барып илип алып баалай беришин, шайлоого аз калганын, азыр ызы-чуу салбайлы деп турганын, көп депутаттардын күнөөсү топтолуп койгонун, шайлоодон кийин кулагынан бирден жетелеп барып камакка аларын айтты.

“Алиби” гезитине “Ишенген өкмөтүбүз укугубузду тебелеп жатат” деген ат менен Кудайберген базарынын сатуучулары ойлорун ортого салды. Алар базардагы аренда акысынын мыйзамсыз көтөрүлүп кеткенине нааразы болушууда. Ушул эле гезит “Мэрге суроо” деген рубриканын алдында ”Профсоюзный” деген көчөнү билесизби, Кубанычбек Кулматович?” деген суроонун алдында жол абалын мэрден да мыкты билген шоопурлар ойлорун айтып, эгер убагында бүтпөй калган ушул жол бүткөндө Ош базарынын алды, деги эле шаар ичи бир топ тыгындылардан арылмагын билдиришти.

“Жаңы агым” гезити газ маселесина кайрылып, өзбек тарапты кыргыз өкмөтү ийге келтире албаганда депутаттардын айрымдары сууну рычаг катары пайдалануу керектигин айтышканын, эгер Өзбекстанга сууну жаап салсак анда өзбектер бизге свет бербей кашайтарын Энергетика министринин орунбасары Айбек Калиев билдиргенин, анын үстүнө такай “жай камын кышта көргөн” Өзбекстан эбак эле зарыл деген суу сактагычтарды куруп сугатка жетерлик суу топтоп алганын, каналды жаап салуу менен маселе чечилбестигин белгиледи. Журналист андан ары бир караганда Бишкек-Ташкент мамилеси эмей эле АКШ менен Орусиянын тымызын кармашы жүрүп жатканын, ошондуктан газ маселесине сабыр токтотуп мамиле кылуу керектигин жазып чыкты.

“Кыргыз туусу” гезити жаңы санын президент Алмазбек Атамбаевдин Ошко баргандагы жолугушууда сүйлөгөн “Ош шаарынын олуттуу көйгөйлөрү чечилет” деген сөзүн шилтеме кылган гезит кабарчысы Азимжан Ибраимовдун репортажы менен ачты.

Гезитке Экономика министри Темир Сариевдин “Бажы биримдигине кечикпей кошулушубуз керек” деп аталган маеги басылды.

Республиканын эмгек сиңирген куруучусу Бейшенбек Иманалиев жетектеген Бишкектеги “Имарат Строй” компаниясы буга дейре “Манастагы” АКШнын транзиттик борборунун казармаларын, аскердик объектилерди, бир катар мектеп, бала бакчаларды сапаттуу куруп таанылганын, “Имарат Строй” жакында дүйнөлүк кадыр-баркка ээ болуп, 2014-жылдын ушул айында Швейцарияда болуп өткөн 12-эларалык сынагында “Сапат үчүн Европанын Гран-Приси-2014” деген баш сыйлыгын жеңип келгенин, “Имарат Строй” жергебизде 80ден ашуун объектти пайдаланууга берип, 5 млн. АКШ долларына жакын инвестиция тартканын “Кыргыз туусу” гезити окурмандарына маалымдады.
XS
SM
MD
LG