Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:17

Кайда караба, тааныш-билиш...


“Фабула” гезити Айбек Шамшыкеев өлкөнүн бир эле салык кызматын депутаттар кантип “бийлеп” жатканын жазып чыкты.

“Алиби” гезити саясат таануучу Токтогул Какчекеевдин “Өзбекстан суу агымын кошо тескегиси келип жатат” деп аталган маегине окурман көңүлүн бурду. Эксперт Какчекеев Кыргызстанда да Украинадагыдай окуялар кайталанып калышы мүмкүн деген айың сөздөрдү алайлыктардын жол бууганын пайдаланып, элди чаң-тополоң кылуу менен бийликке жетүүнү көздөгөн саясатчылар чыгарып атканын, чындап келгенде өлкөдө андай кооптуу абал жоктугун айтты. Газ маселесине токтолгон Токтогул мырза, чабал жетекчилердин айынан эл газы жок олтурганын, Өзбекстан суубузду да өзү тескегенге аракет кылып, Американын эксперттерин колго алуу менен Нарын дарыясына кура турган ГЭСтери эл аралык стандартка жооп береби деген маселени көтөрүп, чыр чыгара албай турганын кеп кылды. Эксперт андан ары электр энергиясын 100 процент кымбат сатсак дагы казынадагы дефицит жоюлбастыгын, ал тургай суунун тартыштыгынан жакынкы жылдарда ГЭСтердин иштебей калуу коркунучу барын, анткени жүргүзгөн саясат туура болбой жатканын, кайсыл тармакты карабачыныгы адистер эмес, тааныш-билиштер толуп алганын айтты.

“Фабула” гезитине “Парламент эс алууга кетти. Келбегени оң го...” деген ат менен Баратбай Аракеевдин макаласы басылды.

Айбек Шамшыкеевдин макаласы “Масалиевдин “мандемдүү” саясаты жана “абийирдүү” депутаттар” деген ат менен жарык көрдү. Автор өлкөнүн башкы салыкчысы болуп иштеп кеткен Исках Масалиевдин тушунда казынага 1 млрд. 500 млн. сом жыйналбай калып экономикага оңбогондой сокку урулганын, кадр маселесин каалагандай калчаган Жогорку Кеңеш эң азы бир күн, эң көбү 6 ай депутатка жардамчы болуп иштеген тажрыбайсы жок, мурда салык тармагында иштеп көрбөгөн, кесиптери башка 100гө жакын адамды салык кызматына кызматка койдурганын белгиледи. Журналист андан ары факты менен сүйлөп, Салык кызматына эң эле көп өз жардамчыларын орноштургандардын алдында КСДПчы Акылбек Султанов турарын, ал: Азимов Ажимамат, Чынгараев Жыргалбек, Касымов Марс, Ахмедов Насирдин аттуу жардамчыларын салык кызматына орноштурганын, булардын депутатта жардамчы болгон эң көбүнүн 6 ай, аз иштегенинин 10 күндүк гана эмгек стажысы болгонун, “Ата Мекен” фракциясында 6 айдан ашык депутат боло калып, анан “Манас” аэропортундагы мыкты кызматтардын бирине кеткен Гүлниза Бейшенбиева 1 айдан ашуун жардамчы болгон Алыбаев Орозбекти шаардык салык кызматынын башчысынын орунбасары кылганга үлгүргөнүн, депутат Мадылбеков Жумалиев Марленди 1-Май райондук салык кызматынын башкы инспектору кылганын, кыргыздын чыгаан уулу Дооронбек Садырбаевдин карындашы Гүласал Садырбаева өзүнө 1 ай 21 күн кеңешчи болгон Абукаримов Сыргабекти Ысык-Ата райсалыгына башкы инспектор кылганын, “Республика” фракциясынын 12 депутаты 20дан ашуун жардамчыларын салык кызматынын “майлуу” жерлерине алпарып орноштурганын, парламентте “чоң муштум” деген атка конгон Мурашев Нурбек деген депутат 13 күн жардамчы болгон Жамаловду, Шерматовду, Карагозуевди, Эшимовду, Буркановду, Акназаровду салык кызматына алып барып, “Ар-намыс” фракциясынан Бөдөш Мамырова 17 күн жардамчысы болуп иштеген Бакиров Жолборсбекти Ош шаарынын Салык кызматынын башчысынын орунбасары кылганын, “Ата-Журт” фракциясынан депутат Надира Нарматова 2 ай жардамчы болгон Каримов Акылбекти бир районго салык кызматынын жетекчиси кылса, Курманбек Осмонов Мойдунов Улукбекти Октябрь райондук салык кызматына, Кыдыров Кубанычбекти Аламүдүн райондук салык кызматына улук инспектор кылганын, кыскартып айтканда 5 фракциянын 61 депутаты 100гө жакын жардамчыларын өлкөсүнүн эмес өз кызыкчылыктарынын арыгын чаптыруу максатында кызматка койдуруп, кадр маселесин да каалгандай калчап келишкенин, Масалиев деген улуу кишинин уулу Исках Масалиев болсо кылгылыкты кылып, кыл жип менен бууп салган бойдон учурда келерки шайлоого шаңдуу кирип баратканын баяндады.

“Кыргыз туусу” гезити Азимжан Ибраимовдун “Эми жолду буусаң 10 жыл түрмөгө түшөсүң” аттуу макаласын тартуулады. Автор мындан ары стратегиялык маанидеги жолду бир суткадан ашык мыйзамсыз буугандар 1 жылдан 3 жылга чейин, уюштуруучулары 5 жылга чейин кесилерин, жолду буугандардын айынан бейкүнөө адамдардын ден соолугу зыян тартса 4 жылдан 6 жылга чейин, кокус адам өлүмүнө апкелген окуя болсо 5 жылдан 7 жылга чейин, ал эми жол буугандар курал-жарак, жардыргыч заттарды колдонсо же бийлик өкүлдөрүнө каршылык көрсөтсө 8 жылдан 10 жылга чейин түрмөгө ыйлаган бойдон кете берерин кеп кылуу менен айрым саясатчылар мамлекеттин кызыкчылыгына каршы келген мындай наркысыз жорук-жосундарга каршы жазаларды дагы күчөтүү керектигин, алтургай мамлекет ирденип, тыңып, жашоосун оңдоп алганча ар кандай ызы-чууларга мораторий жарыялоо зарлдыгын айтып жатышканын жазып чыкты.

“Кыргыз туусу” гезити бүгүнкү санына Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Замирбек Осмоновдун “Коррупцияга каршы күрөшүүдө жылыш бар” деген сөзүн шилтеме кылган журналист Нарынкүл Назаралиеванын макаласын тартуулады.

Мырзакат Тыналиевдин макаласы “Акаевдин “бажасына” баары боло береби?” деген ат менен жарыяланып, анда Акаевдин Таластагы бажасы Келсинбек Саркишевдин мүлк талашуу окуясы тууралуу сөз болот.

XS
SM
MD
LG