Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 03:37

Тартылган тасманын күйүтү


"Курманжан датка" тасмасын тартуу учуру.
"Курманжан датка" тасмасын тартуу учуру.

“Алиби” гезитинин негизги макалалары Баткендеги чек ара маселелерине арналды.

Бүгүн жарык көргөн “Фабула” гезити “Коррупцияга каршы күрөшүү кызматынын жетекчиси Бөкөнбай Казаковдун маегин басты. Күрөш кандай жүрүп жатканын, канчаларга кылмыш иши козголуп, канчалаган каражат казынага түшүп жатканын кеп кылган башчыга кабарчы аягында: “Сизди Аскар Акаевдин аялы Майрам Акаеванын тууганы деген чынбы?” деп суроо берди эле Бөкөнбай Казаков: - Ооба, мен Майрам Акаеванын бир тууган жээни болом. Мындай инсандын жакыны болуу күнөө болуп эсептелбейт. Адамга туугандык байланыш боюнча эмес, иши боюнча баа берүү керек,- деп жооп берди.

Уландысы кийинки санга калтырылган депутат Каныбек Осмоналиевдин маеги “Парламент мыйзам чыгарымыш этип, өкмөт аны аткарымыш болуп жатат..” – деп аталды.

Ушул эле гезитке депутат Карганбек Самаков “Ата Мекен” партиясынын төрагасы Өмүрбек Текебаевге кат менен кайрылып, өзү канча жылдан бери мүчө болуп келген партиядан кетип жатканынын бир эле себеби - башка бир пикирлеш адамдар менен “Биримдик-Единство” деген партия түзүп жатканы себеп болгонун билдирди.

Алтымыш жылдыгын белгилеп жаткан акын Меңдибек Асылбековдун жаңы ырлары жарык көрдү.

“Алиби” гезити жаңы санын “Абдырахман Маматалиевди тажиктер кантип алдады?” деген аталыштагы чек ара маселесин талдоого алган макала менен ачты. Буга улай эле Чек ара кызматынын төрагасы Райимберди Дүйшөнбиевдин маеги тартууланды. Башкы чек арачы делимитация жана демаркация толук аяктамайынча чек ара чырына чекит коюлду деп айтууга болбой тургандыгын билдирди.

Баткендин алгачкы губернатору Мамат Айбалаев интервью берип “Оторбаев ат тезегин кургатпай Монголияга эмес, Баткенге барбайбы?” деп маселе койду.

Кинорежиссер Садык Шернияз интервьюсун “Эгер киного короткон акчага ичтери ачышып жатса, кайыр сурасам да таап бергенге даярмын” деп атап, кинону көрө элек жатып эле айрым бир көрө албастардын андай-мындай дегендерин каакы ордуна теңебей турганын, андай-андайларга терикпестигин белгилеп, каражат кандай жумшалганын, иш кантип жүргөнүн баяндап келип, буюрса “Курманжан датка” киносу ага эле эмес, көп адамдын жүрөгүн титиреткен, жан дүйнөсүнө жакшы таасир калтырган, кылым карыткан кинолордун бири болорун айтты.

“Де-факто” гезити “Дубалга сүрөт тартып ойногон бала” кыргыз маданиятында албан салымы бар Садык Шер-Ниязга тиш салгысы келеби?” деген макала жарыялап, деги Адил Турдукулов деген ким? Кызмат дегенде оңкосунан да тура калчу бул жигит акыркы учурларда адебинен аша чаап бараткандай” деп сынга алды.

Эсептөө палатасынын төрайымы Эльвира Ибраимованын “Биз 2 млрд. сомду бюджетке кайтардык, укуктарыбыз жетиштүү болгондо мындан да көп кайтармакпыз” деген маеги басылып чыкты. Бул санга Ысык-Көлдүн губернатору Эмил Каптагаев “Мен элге жолуккандан качпайм” деп маек берди.

“Жаңы агым” гезити күз келери менен коалиция таркап, элдин ичи чыкпай жаткан азыркы өкмөт кетип, ордуна Тайрыбек Сарпашев келери жөнүндө кеп болууда деп, тоо-кен жана минералдык ресурстар агенттигинин мурдагы башчысы Замирбек Эсенаманов соттолуп кетиши ыктымал деп, өлкөдө кандай гана маселе болбосун “кокуйлап” тура калчу генерал Мирослав Ниязов Тажикстанга элчи болгону үн чыгарбай калды деп, чет өлкөдөн жеңилдик менен берилген 419 миң доллар насыяны мыйзамды бузуу жолу менен өздөрүнө ыйгара салгандыгынын айынан Узакбаевдердин да уйкусу качууда деп, Мелис Мырзакматов саясий күрөшкө аттана турганын колдогон идеологдору Ошту толук алабыз деп, кайырмактарын Нарын менен Ысык-Көлгө сала баштады деп кабар таратты.

“Кыргыз туусу” гезити бул санын “Көчмөндөрдүн 1-дүйнөлүк оюндары” деген макала менен ачып, ушул жылдын сентябрь айынын тогузунан он төртүнө чейин көчмөндөрдүн оюну Чолпон-Ата шаарында болорун, азыркы учурда даярдыктар кызуу жүрүп жатканын кабарлады.

Аталган гезиттин журналист Мырзакат Тыналиевдин “Соттук териштирүүгө жатпайт” деген макаласын, журналист Гүлсүн Кенжегозуеванын “Күкүк” аталар же акыйкат чечим чыгара албаган судьялар” деген макаласын окурмандарга тартуулады. Ал эми журналист Нарынкүл Назаралиеванын макаласы “Мөңгүлөрдү сактайбыз, а бюджетти кантебиз?” деген суроого жооп издеди.

Акын жана журналист Бактыгүл Чотурованын “Мен айрылсам, сен да менден айрылдың!” же Рыспайдын акыркы кол жазмасы” деп аталган эскерүү баяны да “Кыргыз туусу” гезитинин бүгүнкү санынан окууга болот.

XS
SM
MD
LG