Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:17

Той кубалаган ырчыдан атак качат


“Азия ньюс” гезити ушул маселенин тегерегинде айрым жарандардын ойлорун ортого салды.

“Азия ньюс” гезитине интервью берген Бишкектин мурдагы мэри Иса Өмүркулов кенже уулу Бакайга белгисиз бирөөлөр кол салып, башына пистолет такап, Москва районунун аймагына чейин алып барып сабап, колу-бутун байлап, Чоң-Арык айылындагы чуңкурга ыргытып салышканын, машина үчүн баланы өлтүрүүгө аракет кылышканын, бирок ал бутундагы жибин эптеп чечип алып качып, бир кемпир-чалдын үйүнө барып анан үйгө телефон чалганын, азыр ооруканада дарыланып жатканын, байкап көрсө өчөшкөн душмандары деле жоктугун, муну кокусунан болгон кырсык катары бааларын, азыр милиция издеп жатканын, машина Ош шаарынан табылганын айтты.

“Азия ньюс” гезити депутат Төрөбай Зулпукаровдун “Окуучулардын мектепке хижаб кийүүсүнө тыюу салган мектеп директорлорун камаш керек” деп айтканына оюн билдирген Бишкек шаарынын № 78-мектеп-гимназиясынын директору Элнура Мурзаева:- Анда баарыбызды камап салышсын. Биз эмес, килейген Орусия былтыр мектепке хижаб кийгенге тыюу салып койду. Кыргыздын секелек кыздары чачын көрсөтпөй качан жоолукка тумчуланчу эле? Чачын беш көкүл кылып өрүп, артына таштап койчу. “Буга тыюу салып, мугалимдер балдардын укугун бузуп жатат дегенге мен каршымын” деп;

“Манас ордо” коомунун төрагасы Анарбек Усупбаев:- Биринчиден, Төрөбай Зулпукаров Куран китебин жакшылап окуп алсын. Анда “аял” деп жазылып турат, “Кыз” деген сөз жок. Депутат ушул куракка келгенге чейин аял менен кыздын айрымасын билбейт бекен? Экинчиден кыргыз эч качан хижаб кийген эмес, ал былжырабасын. Улуттук баалуулуктарды жокко чыгарып аткан Төрөбай Зулпукаров сыяктуулар кыргыздын келечегине балта чаап жатат. Же бул дагы арабдардан акча алып, байып жаткан шпионбу?-деп айтты.

Жаңыдан жарыкка чыккан “Асаба” гезити 1-вице-премьер министр Тайырбек Сарпашевдин интервьюсун басты.

Дыйканчылыгы өнүккөн Кытай көп жылдан бери тамчылатып сугаруу менен какыраган жерлерин да гүлдөтүп, мол түшүм өстүрүп келатканын, ошондуктан Кытайдын тажырыйбасына таянып, тамчылатып сугара турган жана магистралдык труба чыгара турган заводдор куруларын, эмдиги жылы буюрса 50 миң гектар жер тамчылатып сугарыларын, жакын арада болсо бир жарым миң киши иштей турган Кемин-Датка подстанциясы ишке берилерин айтты.

Ушул эле санга “Учкун” Ачык акционердик коомунун башкы директору Ырыскелди Момбеков маек куруп “Учкундун” айланасындагы ушак-айыңдар тууралуу, журналистка жана гезит жагдайында сөз кылды.

“Атыңдан айланайын, айылым” деген рубриканын алдында мугалим Аида Өмүралиеванын Барскоон айылы тууралуу баяны бар.

“Асман плюс” гезитине Кыргыз эл артисти Замирбек Сооронбаев маек куруп, маданияттагы көйгөйлөрдү жая тартып, көбүнчө театрдагы өксүктөр жөнүндө кеп кылса, продюсер Тынчтыкбек Кожобеков жаш ырчылардын чыгармачылыгына токтолуп, ырчылар тойлордо ырдай берип, атактуулугунан ажырап жатканын кеп кылды.

Журналист Вера Аламанованын “Бөксөнү толтурган “Курманжан датка” фильми тууралуу чакан талкуусунда Башкы каарман Алымбек датканын ролун ойногон актер Азиз Мурадалиев, бүгүн бул кино жөнүндө жүз адам жүз башка пикир айтып атканын, азыр жактыргандарын да, жактырбагандарын да угууга болорун айтса, Чубак Ажы Жалилов, мусулман аялзатынын өкүлү катары Курманжан датканын жүзү толук ачылбай калганын, намыс деп эрин да курмандыкка чалганын, Алымбек датканын көзү балбылдап ыйлап жиберчүдөй болуп калганын, бектик сүрү жоктугун, узун бойлуу Шабдан баатыр болсо кыскарып калганын, анткен менен Садык Шерниязга ыраазылык гана билдирерин айтты.

“Ачык сөз” гезити “Өлкөнү сатканды токтотсок, оңолобуз” деген макаласы менен бүгүнкү санын ачып, шайлоо жакындап келатканын, шайлоо болуп өткөндөн кийин аны жер-жеберине жеткире сындап, бирок ошол эле шайлоо болгон сайын кызыл кулактык кылып, кара курсак үчүн ыйманды туу тутпай, туугандыкты туу тутуп, айрым учурларда жердешчиликти колдоп өлкөнүн кызыкчылыгын сатып келгенибизди, ошентип өлкөнү төбөлдөр эмес эле карапайым калкыбыздын өзү соодалап жан багып келатканын, эми шайлоо жакындаары менен оозунан ак көбүк чачыраткандар дагы чыгарын, топтошуп алып чайканаларда аш бастырып чай бермейлер, кунан кой союп устукан таратмайлар, жең ичинен добуш сатып алмайлар болорун кеп кылып, жалпы эл, шайлоочулар бул ирет ушул жагын токтоткондо гана, калайык калк калыстыгын карманганда гана өлкөгө дөөлөт орноп, эл турмушу оңоло турганын жазды.

“Айат” гезити дүйнөлүк көчмөндөрдүн оюну зор окуяга айлануу менен өтүп атканын айрым оюнга күбө болуп жаткан карапайым адамдардын ойлору менен бекемдеди.

Ушул эле гезитке Бактыгүл Кулатаеванын “Бишкекти бийиктеткен “Имарат строй” деген ат менен компаниянын башкы директору, республиканынын эмгек сиңирген куруучусу Бейшенбек Иманалиевдин куруучулук ишмердиги жана аталган компаниянын жемиштүү иштери тууралуу баяндады.

Абдылас Малдыбаев атындагы опера жана балет театрынын директору Тимур Саламатов “Биздин театр токтоп калуу коркунучунда турат” деп айтуу менен, 53 жылдан бери аталган театр жакшылап оңдоло электигин, сахна, ага жарык берчү жабдуулар 50-жылдардан бери алмаша электигин, театрдын аргасыз абалы тууралуу өкмөткө, парламентке айткан, жазган каттар ошол бойдон калганын, ырчылар менен бийчилердин айлыгы 5-6 миң сом болгондуктан, көбү чет өлкөлөргө иштеп кетишкенин, Орусиянын Саранск шаарындагы ушундай эле театрдын артисттеринин айлыгы 600 доллар турарын айтып зар какты.

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG