Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:03

Тергөө абагынын башчысы камалды


Марс Жусупбеков маалымат жыйынында.
Марс Жусупбеков маалымат жыйынында.

Бишкектеги №1 тергөө абагынын башчысы Марс Жусупбеков эки айга Улуттук коопсуздук комитетинин абагына камалды.

Эки жыл мурда Бишкектеги №1 тергөө абагына (СИЗО) жетекчи болуп дайындалган Марс Жусупбеков абакта бекем тартип орноткон жетекчи катары айтылып келаткан болчу.

Жусупбеков эки берене боюнча айыпталууда

Бишкектеги №1 тергөө абагынын башчысы Марс Жусупбеков 29-ноябрда Кылмыш-жаза кодексинин 304-беренеси (кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланган) жана 305-беренеси (кызматтык ыйгарым укуктардан аша чапкан) боюнча шектүү катары кармалды.

29-ноябрда Биринчи май райондук сотунда баш коргоо чарасы каралып, ал эки айга Улуттук коопсуздук комитетинин тергөө абагына камалды.

Атайын кызмат маалымдагандай, Жусупбеков Башкы прокуратура тарабынан козголгон кылмыш иштин негизинде кармалган.

Ал эми Башкы прокуратурадагы ишенимдүү булактардын билдиришинче, кылмыш иш №1 тергөө абагында тартылып, сентябрь айында коомчулукка жарыя болуп кеткен тасмадагы фактылар боюнча козголгон. Ал тасмада 2010-жылдын 7-апрелиндеги талап-тоноочулук боюнча соттолгон Абдулла Юсупов, Дастан Оморов жана башка бир канча адам абактын ичинде Орозо айтты берекелүү жайыл дасторкондун үстүндө белгилеп жатышканы түшүрүлгөн. Тасмадан 5-6 адам манты жеп, бири-бирин Айт менен куттуктап жатканын, дагы бирөөнүн телефон менен сүйлөшкөнүн көрүүгө болот. Тасма 8-августта тартылганы белгиленет.

Бул тасмада Абдулла Юсупов менен Дастан Оморовдон тышкары, өмүр бою эркинен ажыратылган Улан Кожоев деген адам түшүрүлгөнү айтылган. Өмүр бою соттолгон адамдын башкалардын, дегеле ар башка камерада отургандардын бири-биринин камерасына киргенин ырастаган бул тасма коомчулукта чоң талкууну жараткан болчу. “Азаттыктын” ишенимдүү булагынын билдиришинче, бул окуя боюнча октябрдан бери териштирүү иштери жүрүп жаткан.

Жогорудагы тасма алгач ачыкка чыккан соң маалымат жыйынын өткөрүп, Жаза аткаруу кызматын айыптаган “Ата Мекен” фракциясынын депутаты Туратбек Мадылбеков буларды билдирген:

- Мен мындан бир жарым ай мурда Жогорку Кеңеште бул боюнча маалымат жыйынын өткөргөм. Ошондо мен Абдулла Юсупов каалаган учурда, каалаган камерага кирет, жанында дайыма каалаган суммадагы акча жүрөт деп айткан болчумун.

Тартип орноткон адам катары айтылып келаткан

Ал эми Жаза аткаруу кызматынан Жусупбековго козголгон иш боюнча кандайдыр бир комментарийди кийинчерээк беришерин билдиришти. Анткен менен коомчулукта Бишкектеги №1 тергөө абагынын башчысы Марс Жусупбеков аталган абакты тартипке келтирген жетекчи катары таанылган.

Түрмө жетекчиси катары Марс Жусупбековдун ысымы коомчулукка алгач 2011-жылдын декабрында Кыргызстандын абак жайларында кармалып тургандар жапырт ачкачылык жарыялашканда белгилүү болгон. Анда Жусупбеков Бишкек СИЗОсунда кармалгандардын ачкачылык жарыялоосунун артында кримтөбөлдөрдүн абак жайлардагы камераларды ачык коюу талабы жатканын, бирок ал талаптар аткарылбай турганын кескин билдирген.

№1 СИЗОдо отургандардын 700 чактысы ушул апта башында да бир күн ачкачылык жарыялашкан. Жусупбеков бул сапар да ачкачылык жарыялагандар кримтөбөлдөрдүн бири Алмаз Сулаймановду 50-абактан ушул №1 СИЗОго которуп берүү талабын коюп жатышканын "Азаттыкка" айткан.

- “Лимонти” каймана аты бар Сулаймановду алып келсек, абакта эркин басып жүрөбүз деп ойлоп жатышат. Биз буга чейин камералардын баарын жаап, эркин басууга тыюу салганбыз, абактагылардын 99% муну колдойт, 1% гана акча түшпөй калганы үчүн нааразы болуп атышат. “Лимонти” - Камчы Көлбаевдин тобундагы жигит. Абактагылардан акча алышат, бербесе уруп, өлтүрүп да коюшат. Азыр түрмөлөрдө Көлбаевдин таасири күчтүү, ошол кармайт.

Бишкектеги №1 тергөө абагында бир жарым миңге жакын адам, анын ичинде өмүр бою соттолгондор да кармалып турат. Мурда-кийин №1 тергөө абагында отуруп чыккан адамдардын айтымында, бул тергөө абагы кримдүйнө үчүн чоң мааниге ээ. Анткени ар кандай кылмыштар боюнча айыпталган адамдар алгач бул жерге түшкөн кезде кримдүйнө мүчөлөрү аларды болушунча “саап” калууга аракет кылат дешет.

XS
SM
MD
LG