Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:23

Абактан качкан Мүсүралиев жок кылынды, Жуманов СИЗОдо кайтыш болду


Азамат Мүсүралиев
Азамат Мүсүралиев

Түрмөдөн качып чыгып, карматпай жүргөндөрдүн бири Азамат Мүсүралиев бүгүн өлтүрүлгөнүн ИИМ маалымдады.

ИИМдин басма сөз катчысы Бакыт Сеитовдун “Азаттыкка” билдиргенине караганда, оперативдүү маалыматтар боюнча Азамат Мүсүралиев кармоо учурунда каршылык кылганы үчүн жок кылынды.

Маалыматка ылайык, Азамат Мүсүралиев Сокулук районундагы ээн сарайдын биринде жашырынып жүргөн.

Мүсүралиев Азамат, 1987-жылы туулган. Жалал-Абад облусунун, Кара-Көл шаарынын тургуну. Уурулук кылганы үчүн камакка алынган.

Тыюу салынган «Жайшүл Махди» диний уюмунун мүчөсү экени маалымдалган.

Качып кармалган Жуманов СИЗОдо өлдү

12-октябрга караган түнү Чүй облусунда жайгашкан №50 абактан тогуз кылмышкер качып, анын бешөө дароо кармалган. Алардын бири - Таалайбек Жуманов №1 тергөө абагында каза тапканы маалым болду. Мамлекеттик жаза аткаруу кызматынан маалымдашкандай, анын өлүмүнө жүрөк оорусу себеп болгон. Учурда аталган абакта тергөө тобу иштеп, кызматтык иликтөө жүргүзүлүүдө.

Таалайбек Жуманов, 1970-жылы туулган, Ала-Бука районунун тургуну. 2012-жылы Аламүдүн райондук соту тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 97-беренеси боюнча соттолуп, өмүрүнүн аягына чейин эркинен ажыратылган.

Буга чейин качып кеткен төрт адамдын бири - Данияр Кадыралиев 16-октябрда кармоо учурунда милицияга кол салганы үчүн өлтүрүлгөн.

Абактан качкандардын дагы экөө - Эдил Абдырахманов менен Алтынбек Итибаев азырынча кармала элек. Буга чейин УКМК качкандардын дайынын айткандарга 1 млн. сом берилерин убада кылган.

Абактан качкан Мүсүралиев жок кылынды
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:46 0:00

XS
SM
MD
LG