Линктер

шейшемби, 25-апрель, 2017 Бишкек убактысы 07:25

Укук коргоочулар Кыргызстандагы жабык жайларда кыйноо боюнча абал өзгөрүүсүз калды деп тынчсызданууда.

Прокуратуранын кыйноо көргөн жарандардын арызы боюнча кылмыш ишин козгоодон баш тартканы былтыр соңку беш жыл ичинде эң көп орун алганын Кыйноолорго каршы күрөшүү коалициясы билдирип чыкты.

Аталган уюмдун өкүлү, укук коргоочу Асел Койлубаеванын айтымында, арыздардын 10 пайызы боюнча иш козголуп, калганы көңүл сыртында калган:

- Прокуратура органдары сапатсыз тергөө жүргүзүүдө. Эл кыйноого кабылып, арыздар түшүп эле жатат. Бирок тергөө жакшы жүрбөй, иш козголбой келет.

Башкы прокуратура болсо кыйноо боюнча келген арыздардын басымдуу бөлүгүнө иш козголбой жатканын моюнга алат.

Аталган органдын Кылмыштарга каршы күрөшүү бөлүмүнүн жетекчиси Бакыт Кетиреновдун "Азаттык" радиосуна билдиришинче, 2016-жылы кыйноого байланыштуу 435 кайрылуу келсе, анын 35и боюнча иш козголуп сотко өткөн. Калган фактылардын көпчүлүгүндө кайрылган тарап арызын кайтарып алгандыктан же прокуратурага кеч кайрылгандыктан иш козголбой жатыптыр:

- Кыйноо деген латенттүү кылмыштардын катарына кирет. Жабык жайларда жарандарды кыйноого алган орган кызматкерлеринин кылмышын далилдөө кыйын. Алар эч ким көрбөгөн жерде, адамдын денесине эч кандай так калтырбай кыйнашат. Жабыркагандар кээде денесинде кыйноонун белгилери кеткенде кеч кайрылат. Ошондуктан айрым учурда биз адамдын психикасын иликтеп, анын тыянагына жараша иш козгойбуз. Уруп-сабоо адамга психикалык, моралдык залакасын да тийгизет да. Муну соттук-психиатриялык экспертиза жүргүзүп, ошонун негизинде аныктоо керек. Мындай экспертиза бир эмес, төрт-беш эксперт менен жүргүзүлөт. Көп убакыт керек. Ошол себептүү кээ бир арыздар боюнча кылмыш ишин козгоодон убактылуу баш тартабыз. Мындай кыйынчылыкты болтурбоо үчүн жарандарды убагында арыз жазууга чакырабыз.

Кыргызстанда үч жыл мурун Кыйноолордун алдын алуу боюнча улуттук борбор түзүлгөн. Мекеме директору Нурдин Сулайманов кыйноо боюнча арыздардын көбү милиция кызматкерлеринин үстүнөн түшөрүн белгилейт. Анын билдиришинче, кылмыш иши козголуп, сотко ашканы менен өкүм чыгып, шектүүлөрдүн жоопко тартылганы сейрек учурайт:

- Маселен, азыр кырктан ашуун кылмыш иши ачылып, тергөө бүтүп, сотко берилген. Бизде көйгөй сот системасында. Канча деген иштер эки-үч жылдап созулууда. Мунун ар кандай себеби бар, сотторго ишенбестик болот, тергөөчүлөр алмашат, жабырлануучулар менен кыйноого шектелген тартип сактоо кызматкерлери өз ара сүйлөшүп, элдешип алат. 2014-жылы түшкөн арыздардын 90 пайызы ички иштер органдарына тиешелүү болсо, 2015-2016-жылы 85 пайыз болду. Калган он беш пайызы башка органдарда катталат.

Анткен менен укук коргоочулар Улуттук коопсуздук комитетинин абактарында да кыйноонун оор түрү колдонула турганын айтып келишет.

УКМКдагы кыйноо: Кунакуновдун арызы

“Бийликти күч менен алууга даярданган” деген айып менен соттолуп жатышкан Максат Кунакунов жана Алтынбек Жумагазиев атайын кызматтын тергөө абагында кыйноого дуушар болушканын айтып, акыйкатчыга даттанышты.

"Кылым шамы" бейөкмөт уюмунун жетекчиси Азиза Абдирасулова Баш мыйзамдын өзгөрүшү менен жабык жайлардагы запкы көрсөтүүлөргө байланышкан кылмыш иштерин иликтөө атайын кызматка жүктөлгөнүн айтууда. Бирок ал УКМК кызматкерлери коомчулукка жабык болгондуктан, кыйноонун алдын алуу боюнча көрүлүп жаткан аракеттер текке кетиши ыктымал деп кооптонот:

- Токко тарттырган, пакет кийгизген, жылаңачтап суунун алдына коюп койгон түрлөрү колдонулат. Алыска кетпейин, мына террорчулукка айыпталган Максат Кунакунов жана аны менен бирге кармалган тогуз адам кыйноонун эң оор түрүнө туш болгон. Азыр УКМКга чоң жоопкерчилик тагылып, кыйноолорду иликтөө ушуларга берилип аткандан кийин, биринчи кезекте өздөрү башкаларга үлгү болуп, бул өңдүү терс көрүнүштөрдү токтотуу керек.

Ошол эле кезде Улуттук коопсуздук комитети өз абагында кыйноо болот деген билдирүүлөрдү четке кагып келет.

Расмий маалыматка таянсак, буга чейин кыйноо боюнча 13 жыл аралыгында бир гана өкүм чыгып, эки милиционер соттолгон. Жакында эле төрт түрмө кызматкери "кармалган адамдарды уруп-согуп, күнөөнү күчтөп моюнуна алдырган" деген айып менен ар бири жети жылдан эркинен ажырады.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG