Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Июнь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:34

Абактарга өзгөчө режим киргизилиши мүмкүн


Кыргызстандын түрмөлөрүндө он күндөн бери уланып жаткан ачкачылыкты токтотуу максатында абактарга өзгөчө режим киргизилиши мүмкүн.

Жаза аткаруу кызматынын билдиришинче, учурда өзгөчө режим киргизүү боюнча башка министрликтер менен макулдашуу иштери жүрүп жатат. Ал эми абактагылардын жакындары өзгөчө абал киргизүүгө каршы болушууда.

Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын билдиришинче, эгер күчөтүлгөн режим киргизилсе, камактагылардын айрым укуктары чектелип, кайтаруу дагы күчөтүлөт.

Маселен, телефон байланышына, жакындары менен жолугушууга, маданий-агартуу иштерине, медициналык кызмат көрсөтүүгө жана абактын ичинде иштегендердин жумушка чыгуусуна чектөөлөр киргизилиши мүмкүн.

Жаза аткаруу кызматынын маалымат катчысы Александр Никсдорф “Азаттыкка” буларды билдирди:

- Жаза аткаруу кызматынын жетекчиси Юстиция жана Ички иштер министрликтерине, ошондой эле эле Башкы прокуратурага өзгөчө режим киргизүү боюнча макулдашуу кагазын жөнөттү. Эгерде алар макулдугун беришсе жана камактагылар ачкачылыгын токтотпосо, анда жакынкы мезгилде өзгөчө режим киргизилиши мүмкүн.

Дубайдан буйрук болгонбу?

Аталган мекеменин билдиришинче, ачкачылыкты абактагылардын бардыгы эле колдоого алган жок. Айрымдарын абактардагы кылмыштуу топтордун башчылары зордоп тамактан баш тарттырууда. Мындай ойго акыйкатчы Турсунбек Акун да кошулат.

Акыйкатчы №1 тергөө абагынын башчысы Марс Жусупбековго кат жолдоп, ачкачылыкты аталган тергөө абагындагы Бекболот Чапкынчиев, Кундузбек Садыбакасов жана Иминахунов аттуу адамдар уюштуруп жатканын маалымдаган. Акыйкатчынын катынын негизинде 27-январда аларды тинтүүгө алышты.

Турсунбек Акун буларды “кримавторитеттер” кармалчу №50 абакка которуу керектигин белгиледи:
- Ушулар камактагы башка адамдарга кысым көрсөтүп, коркутуп-үркүтүп, ”ачкачылыкты токтотпогула” деп жатат. Көрсө алар чет жактагы, Дубайдагы “авторитеттерден” көрсөтмө алат экен. Бирок 50-абакка которуу үчүн соттун чечими керек экен. Бүгүн алар отурган камераларга тинтүү жүргүзүштү, баарынын телефондору бар экен. Ага биздин балдар да катышты. Азыр алардын баарын бир-бирден жертөлөдөгү камераларга камап салышты.

Тартип коргоо органдары кылмыш дүйнөсүнүн лидерлери деп, Камчы Көлбаев менен Алмамбет Анапияевге издөө жарыялаган. Учурда алардын Бириккен Араб Эмиратында жүргөнү айтылып келатат.

Акыйкатчынын айтымында, абактарга өзгөчө режим киргизүү зарыл. Бирок баары мыйзам чегинде жүрүш керек.

- Өтө катуу кетиштин кереги жок. Ошентсе да өзгөчө режим киргизүү зарыл. Бирок ошонун баары мыйзам чегинде гана жүрүшү керек.

“Өзгөчө режимге каршыбыз”

Жаза-аткаруу кодекси боюнча мындай шартта өзгөчө режимдин узактыгы 30 күнгө чейин созулушу мүмкүн. Ал эми абактагылардын жакындары өзгөчө абал киргизүүгө каршы болууда. Уулу камакта отурган Динара Абдрахманова:

- Балдарыбыздын баары он күндөн бери ачка отурса, анан алардын үстүнөн дагы өзгөчө режим киргизип салса кандай болот? Бул басмырлоо, адам укугун тепсөө болот.

Ал эми камакта отургандардын биринин адвокаты Назгүл Алымова камактагылар мыйзамдуу жана жөндүү талаптарды билдирип жатат деп эсептейт.

- Өзгөчө режимдин кажети жок. Болгону алар эмне каалап жатканын угуп, мунасага келүү керек. Бир гана сүйлөшүү аркылуу чечүү керек, болбосо абал мындан да курчуп кетет. Алардын негизги талабы жөнөкөй, турмуш-тиричиликке байланыштуу талаптар.

Жаза аткаруу кызматы ачкачылык акциясына катышкандардын жана оозун төөнөп алгандардын саны кыскарууда деп ишендирүүдө. 26-январда №1 тергөө абагында оозун төөнөп алгандардын саны 391 адам болсо, 27-январга карата алардын 191и ооздорун чечишкен. Ошентсе да ачкачылыкта дагы эле 6 миңден ашуун адам отурат. Оозун тигип алгандардын саны бул күнгө карата миңден ашат.

XS
SM
MD
LG