Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:56

Активисттер оор шартта кармалууда


Кыйноолорго каршы улуттук борбор тынчтык жүрүшүндө кармалган беш активист катаал шартта жаза өтөп жатканын айтып чыкты.

18-мартта тынчтык жүрүшүндө кармалган беш активист убактылуу кармоочу жайда катаал шартта жаза өтөп жатканы белгилүү болду. Бул тууралуу “Азаттыкка” Кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борбордун директору Нурдин Сулайманов билдирди. Анын ырасташынча, активисттер 15-20 чарчы метрлик тар бөлмөдө 20 киши менен бирге кармалып турат:

- Чындыгында шарт аябай эле начар. Мен барганда Аскарбеков жаткан камерада 20 адам бар экен. Эч кандай жууркан-төшөк жок. Туугандары алып барган төшөнчүлөргө жатып атышыптыр. Бөлмө ашып кетсе 20 чарчы метр болот. Ошондо бир кишиге бир чарчы метрден туура келет. Эл аралык норма боюнча бир кишиге 3,25 чарчы метр туура келиш керек эле.

Сулайманов кармалгандардын ичинен “Эркин эл” саясий партиясынын лидери Мавлян Аскарбеков, "Демократ" партиясынын мүчөсү Азамат Аттокуров жана энергетика боюнча эксперт Расул Умбеталиев менен жолуккан, калган эки активист Айбек Мырза менен Мухит Мамытов сүйлөшүүнү каалаган эмес. Ал кармалгандардын арыз-муңун 22-мартта тиешелүү органдарга жеткирерин кошумчалады.

Акыйкатчыга айтылган нааразылык

Ал арада Сөз эркиндигин коргоо комитети жана Конституциялык кеңешме кыймылы биргеликте билдирүү таратты. Анда активисттердин камалышы жарандардын эркиндигин кысымга алуу жана милиция кызматкерлеринин өкүмзордугу катары сыпатталган.

Сөз эркиндигин коргоо комитетинин төрагасы Адил Турдукулов беш активист мыйзамсыз кармалганын айтып, жарандардын укугун өз убагында коргобойт деп Акыйкатчы институтуна нааразы:

- Омбудсменден бир да өкүл барбаптыр. Бирок биз аларга чалып байланышууга аракет кылганбыз. Негизи акыйкатчы окуя болгон күнү эле мониторинг жүргүзүшү керек эле. Тилекке каршы андай болгон жок. Бул омбудсмендин бийликке, президенттик аппаратка көз каранды экенин билдирет.

Анткен менен аталган институт мындай дооматтарды четке кагып, акыйкатчы Кубат Оторбаев чет өлкөдө иш сапарда жүргөндүктөн бул иш менен анын орун басары алектенип жатканын билдирди. Акыйкатчынын орун басары Эрлан Алимбаев кармалгандардын укугун коргоо боюнча керектүү иштер жасалып жатат деп ишендирүүдө. Ал айрым активисттерди милиция негизсиз кармаганы боюнча далилдер жетиштүү экенин айтат:

- Кээ бир активисттер жолдо эмес, тротуарда кетип бараткан жерде кармалганы боюнча жетиштүү далилдер бар. Ал фактылар административдик жаза каралып жатканда сот тарабынан эске алынышы керек болчу. Эми апелляциялык доо каралганда соттун көңүлүн ушул жагдайларга буруш керек. Мыйзам боюнча сот адвокаттардын маалыматына маани бериши шарт. Жактоочулар болсо алардын мыйзамсыз кармалганын далилдейбиз деп жатышат.

Активисттер төрт сутка бою даттана алышпайт

Белгилүү болгондой, кармалгандардын жактоочулары окуя дем алыш жана майрам күндөргө туура келгендиктен райсоттун чечимин жокко чыгартуу боюнча доо арызды шаардык сотко 22-мартта гана жолдошот.

Анткен менен ички иштер министринин маалымат катчысы Бакыт Сейитов милициянын дарегине айтылган бардык дооматтарды четке кагып, активисттер мыйзам чегинде жазага тартылды деп ынандырууда.

- Биринчиден, чоң жол менен жүрүш жасоого уруксат берилген эмес. Туура, алар тротуар менен келатышкан. Бирок Абдрахманов жана Бөкөнбаев көчөлөрүнүн кесилишине келгенде жолго чыгып, унаалардын кыймылына тоскоолдук жаратышкан. Алар коомдук тартипти бузганы үчүн милиция мыйзам чегинде чара көрдү. Мыйзам бузулганын далилдеген материалдарды сотко жөнөткөнбүз. Ошого таянып, сот аларды беш суткага камады.

Ошол эле учурда тынчтык жүрүшүнүн уюштуруучусу, коомдук ишмер Эдил Байсалов тиешелүү уруксаттар мурдатан алынганын, милиция Баш мыйзамга каршы аракет кылганын айтып келет:

- Жөө жүрүш эч качан тротуар менен болбойт. Жүрүштөр дайым кара жол менен, чоң жол менен болот. Биз алдын ала бардык уруксаттарды алганбыз. Жүрүш катышуучулары эч кандай тартип бузган эмес. Милиция одоно мыйзам бузуу менен кармап кетти. Керек болсо кол тийбестик укугу бар депутаттан бери кармашты. Бул эмне деген мыйзамсыздык? Андай болсо мени кармашпайт беле! Бул биздин конституциялык укуктарды одоно бузуу. Милиция кызматкерлери, ИИМ башчысы өз ишин жакшы билбегендигин дагы бир жолу далилдеди.

18-мартта Бишкекте өткөн саясий укуктар жана сөз эркиндиги үчүн деп аталган жүрүштө беш активист камакка алынган. Аларды Свердлов райондук соту майда бейбаштык, милицияга баш ийбөө жана жолду мыйзамсыз бөгөө беренелери боюнча айыптап, беш суткага камоо чечимин чыгарган. Кармалгандар болсо чечим алардын адвокаттарын катыштырбай одоно мыйзам бузуу менен алынганын айтышкан.

Мындан тышкары милиция парламент депутаты Каныбек Иманалиевди жана ББС радиосунун кабарчысы Абдыбек Казиевди да кармап, кайра кое беришкен. Кармалгандардын жаза мөөнөтү 23-мартта түштө аяктайт.

Аманбаев: Сөз эркиндигин чектөө жүрүүдө

18-марттагы жүрүштө кармалган активисттерге катаал жаза берилген жокпу? Cөз эркиндигин коргогондорду камоонун өзү сөз эркиндигине басым эмеспи? Мурдагы Акыйкатчы Бакыт Аманбаев бул боюнча оюн бөлүштү:

Бакыт Аманбаев
Бакыт Аманбаев

- Конституциянын экинчи бөлүмүндө адамдардын эң негизги укуктарынын бири бул тынч митинг, жыйналыштарды өткөрө алат деп даана жазылып турат. Жарандар бийликтин саясатына карата өз ойлорун толук билдирүүгө укуктуу. Демек бул жолу алардын конституциялык укуктары бузулду. Бул туура эмес. Мына биз парламенттик, укуктук өлкөбүз, демократияны куруп атабыз деп дүйнө жүзүнө жар салуудабыз. Мындай өлкөнүн эң негизги принциптеринин бири адамдын укугун жана эркиндигин сыйлоо. Эң оор жаза - адамды камап коюу. Ага чейинки деңгээлдеги жазаларды колдонсо, мисалы, айып пул салып койсо, же башка административдик чараларды колдонсо болот. Аларды камоо элдин азыркыдай саясий активдүүлүгү күчөгөн мезгилде башкаларга сабак болсун деген өңүттөгү чечим болуп калды. Сын айтууга толук мүмкүнчүлүк берилиши керек. Андай мүмкүнчүлүк авторитардык, үй-бүлөлүк башкаруу учурунда берилчү эмес.

Азаттык: Бир ай ичинде эле үч маалымат каражаты сотко берилди. Айрымдарына эки-үчтөн доо коюлду. Беш активист камалды. Андан тышкары орусиялык журналист өлкөдөн чыгарылды. Алар муну ишмердигине байланыштырып атат. Бул тапта президент дагы айрым журналисттердин, маалымат каражаттарынын дарегине катуу сөздөрдү айтты. Мындай окуялар эмнеден кабар берет?

Бакыт Аманбаев: Бул сөз эркиндигин чектөө. Сөз эркиндигин, эркин ой жүгүртүүнү кысуу. Бир түрдүү гана ойду коомчулукка жеткирүүгө болгон аракеттин артынан ушундай кадамдарга барып атышат. Эркин массалык маалымат каражаттары эмнени айтышат? Коомчулукка чындыкты жеткирип атат. Маалымат каражаттарыбыз эркин, башка өлкөлөргө салыштырмалуу биз эркинбиз деп айтып жүрүшпөйбү. Жок, андай эмес. Кыргызстанда маселени коомчулукка жеткирүү чоң көйгөй болуп калды. Себеби соңку мезгилдерде өлкөнүн бардык булуң бурчуна жете турган маалымат каражаттары бийликтин көзөмөлүндө болуп калды. Бул телевидение жана атактуу маалымат сайттары.

Азаттк: Буга чейин журналисттер кызматтык этиканы сактайлы, жоопкерчиликсиз, бир жактуу маалыматтар чыгып кетип жатканын талкуулап келгенбиз. Журналисттер дагы даярдап жаткан материалын электен өткөрүп турушу керектир балким?

Бакыт Аманбаев: Кыргызстанда чынында маалымат каражаттары түрдүү деңгээлде. Бир жактуу, каралап жазгандар да бар. Аны моюнга алышыбыз керек. Бирок соңку мезгилдери бийлик тарабынан чабуул башталган маалымат каражаттары андай түргө кирбейт. Маселен “Азаттык”, “Zanoza” жана башка сайттар. Алар болгонун болгондой коомчулукка жеткирип атышат. Аларды туура эмес, же бир жактуу чагылдырган, жалган маалымат тараткан деген жок. Эгер талдап көрсөңөр, аларга силер айтылбаган ойлордун баарын коомчулукка ыкчам чыгарып атасыңар, атаандаштын пикирлерин чагылдырып атасыңар деген айып коюлуп атат. Чынында талдоочулар да ушундай баа беришет.

Ал эми азыр бир маселени чагылдырганда жалган маалыматтарга таянып, каралоо менен бийликтин же башка бирөөнүн кадыр баркына шек келтирген материалдар дээрлик жокко эсе да. Андайлар болсо башка бир деңгээли төмөн медиада учурап калат. Бирок азыр андай гезиттер дээрлик чыкпай калды. Аларды коомчулук өзүнөн-өзү эле жазалап коет. Окубай, көрбөй, көңүл бурбай коет. Алардын жазасы ушул.

18-марттагы акциянын катышуучулары:
Сөз эркиндигин коргогон жүрүш
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:33 0:00

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG