Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 13:09

Муфтий Акыйкатчыны сотко берет


Муфтий Чубак ажы Жалилов айт намазында
Муфтий Чубак ажы Жалилов айт намазында

Муфтий Чубак ажы Жалилов динге кийлигишүү деп Эдил Байсалов менен Турсунбек Акунду сотко берүү ниетин ачыктады.

Муфтий Чубак ажы Жалилов 2-сентябрдагы маалымат жыйынында Акыйкатчы Турсунбек Акунду жана “Айкөл эл” партиясынын төрагасы Эдил Байсаловду сотко берүү ниетин билдирди. Анын айтымында, булар муфтияттын ички ишине кийлигишип, кысым жасоодо.

Дин иштерине кийлигишүүбү?

Муфтий Чубак ажы Жалиловдун айтымында, кээ бир коомдук жана мамлекеттик ишмерлер исламдык кат-сабаты болбой туруп, диний маселелерге кийлигишип жатат. Алардын бири катары Чубак ажы Жалилов “Айкөл эл” партиясынын төрагасы Эдил Байсаловду атады.

- Эдил Байсалов болсо бул жакта туруп алып мени сындап жатат. Ал канчалык мусулман же мусулман эмес экенин билбейм. Мен аны сотко беришим мүмкүн. “Эмне үчүн сен биздин ишке кийлигишесин” деп. Конституцияда дин мамлекеттен ажыратылган. Мага “айтты бул күнү белгиле, бул күнү белгилебе” деп айтканга эч кимдмн укугу жок. Бул менин конституциялык укугум болуп саналат.

Чубак ажы Жалилов Эдил Байсаловдон тышкары, Акыйкатчы Турсунбек Акунду да сотко берип, анын билдирүүсү канчалык мыйзамдуу экендигин текшертерин билдирди. Ал Акыйкатчынын комиссия түзүп, муфтийдин ишмердүүлүгүн текшерүү аракетин кысым катары баалоодо.

- Ал кишинин мени текшергенге укугу жок. Мен Кыргызстандын азирети муфтийимин. Менин шариатты бузбаганга толук укугум бар. Эгерде мага басмырлоо болсо, анда мен шариатты айталбай калышым мүмкүн. Анда менин конституциялык укугум бузулат сөзсүз түрдө.

Муфтийди сынга алгандар

“Айкөл эл” партиясынын төрагасы Эдил Байсалов да, Акыйкатчы Турсунбек Акун да муфтийдин орозо айтты мурда боло келгендей алдын-ала эмес, айдын жаңырганын көрүп, кеч белгилешин сынга алышкан болчу. Акыйкатчы Турсунбек Акун “Азаттыкка” берген маегинде комиссия түзүп, муфтийдин ишмердүүлүгүн иликтөөгө ниеттенип жаткандыгын билдирген.

- Ошону үчүн мен акыйкатчы катары атайын комиссия түзөйүн деп жатам. Атайын аалымдардан турган комиссия түзүлүп, муфтияттын бул аракети туурабы же туура эмеспи аныкталат.

Ал эми “Айкөл эл” партиясынын төрагасы Эдил Байсалов Чубак ажы Жалиловдун сотко берем дегенине каршы эмес. Ошол эле учурда муфтийдин илим-билим өнүккөн кезде айдын жаңырганын көз менен көрүп, андан соң гана айт күнүн белгилейм дегенин эскичилик катары сыпаттады.

-Астрономия илими биздин динден чыккан, мусулмандар ойлоп тапкан. Улукбек бабабыз ушул жакта биринчи обсерваторияны түзгөн. Алфараби деген улуу математиктер чыккан. Алгебра деген да биздин сөз болот. Анан ушул 21-кылымда мен көчөгө чыгып, асманды карайм деген эмне деген акмакчылык. Диндин биринчи сөзү да "оку" деген сөз, илим менен билим деп айтылат.

Анткен менен муфтий Чубак ажы Жалилов өз ишмердүүлүгүн шариатка негиздеп, анын эрежелерин сактоо аракети катары түшүндүрүүдө.

Ажылыктын баасы бычылды

Ал аралыкта быйылкы ажылыктын баасы да расмий такталды. Бул тууралуу муфтияттын алдындагы “Ажылык жана умра” борборунун 2-сентябрдагы жыйынында белгилүү болду. Меккеге зыяратка барам деген ар бир кыргызстандык бул жылы өз чөнтөгүнөн 2350 доллар коротууга туура келет.

Мындан тышкары, ажыларды Сауд Арабстанга алып барып келүүчү аба компанияларды да тандалып алды. Ажыларды ташуу ниетин жалпысынан 5 компания билдирген. Бирок шартын жана ажыларды ташуу тажрыйбасын эске алып, “Эйр Манас” жана Кыргыз Транс Авия компаниялары менен келишим түзүүгө макулдук берилди.

Бул тууралуу “Ажылык жана умра” борборунун уюштуруу кеңешиин мүчөсү, депутат Акылбек Жапаров билдирди.

-Учак белетинин баасы 1500 доллар болду. Эки авикомпания менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, келишимдерди тактаганга борбордун жетекчиси, азирети муфтийге уруксат берели. Бирок мындан башка эки компанияны дагы запаска кармап туралы.

Анткен менен айрым ажы башчылар ажылыктын наркы мындан да арзан болушу керектигин айтышууда. Алардын оюнча, ажылыктын баасы ар бир адамга 2100 доллардан ашпашы керек болчу. Айта кетсек, былтыр ажылыктын чыгымы 2300 долларды түзгөн.
XS
SM
MD
LG