Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:46

Кыргызстанда дааватчылар көбөйүшү коомчулукта карама-каршы пикирлерди жаратууда.

Кыргызстанда бир даары ислам дини дааватчылардын иш-аракети менен жайылып жатат десе, айрымдары даават ишине каршы.

Дааватчылык кыргызга жат нерсеби?

Бишкек шаарынын тургуну Илияз Өмүралиев үй-бүлөсүн таштап, айлап дааватка чыгып кеткендерге каршы экендигин айтууда.

- Даават кылып көчөдө жүргөндөрдү көрөм. Айылдарда да бар. Өздөрү дааватка чыгып, а бала-чакасы, аялы болсо ачка талаада иштеп жүрөт. Өздөрү болсо дааватта.

Өмүралиевдин айтымында, дааватчылардын өздөрүн алып жүрүүсү айрымдардын ислам динине болгон терс көз карашын жаратууда. Мындай ойго Бишкек шаарындагы жаңы конуштардын биринде жашаган Самаган Үмөтөв да кошулууда. Ал дааватчыларды кыргыздарга жат кийимдерди кийип алганы үчүн айыптап жатат.

- Ислам динибизде өзүбүздүн менталитетибиз, жакшынакай кийимдерибиз бар. Ошону кийбестен ирандыктардын, арабдардын, пакистандыктардын ысыктан сактаган улуттук кийимдерин кийишүүдө.

Дааваттан бакыт тапкандар

Кыргызстанда дааватчылар өткөн кылымдын 90-жылдары өлкө дин эркиндигине жетишкенден кийин пайда болгон. Ал эми 2000-жылдары алардын саны масштабдуу өскөнүн айтышат. Бүгүнкү күндө айлап, а балким жылдап дүйнөнүн чар тарабына даават кылып келген кыргызстандыктарды оңой эле табууга болот.

Кара-Көл шаарынын тургуну Руслан Ашыралиев Кудайга ишенем деп айтканы болбосо, аны менен иши деле болгон эмес. Бирок бир ирет дааватка барып келгенден кийин жашоого көз карашы өзгөргөнүн айтат.

- Кудай деп койчум, бирок анын, келменин эмне экенин билчү эмесмин. Анан дааватчылар келип, келмени кайталатты. Аны эптеп-септеп айтып бердим. Кечинде мечитте баян болот баргыла деди. Эки күн алар менен дааватта болдум. Үчүнчү күнү алар кетишти. Ошондон кийин дааваттын даамын татып алып, анда-санда дааватка чыгып турам.

Ал эми Бишкектин тургуну Руслан Жакшылыков болсо, кырк күнгө дааватка чыгып келген. Жакшылыков дааватчылардын кийген кийимдерин сүннөт деп түшүндүрдү.

- Бул кийимди пайгамбарыбыз кийген. Кийбей койсо эч нерсе болбойт. Бирок кийсе сооп.

Дааватчылардын айтымында, дааватка чыгуунун өз тартиби бар. Маселен, үч, он, кырк күнгө, ошондой эле төрт айга дааватка чыкса болот. Бишкек шаарынын казысы Максат ажы Токтомушев дааватка чыгуу менен жаман адаттардан арылгандар бар дейт.

Анткен менен дааватка баргандардын баары эле оңолуп кетпейт экен. Арасында дааваттан келип, кайра эле көндүм ишине түшкөндөр да болорун дааватчылар өздөрү белгилешти.

Даават тыюу салынган өлкөлөр

Дааватчыларды “Таблиг жамаат” деп да аташат. Ал 1926-жылы индиялык Мухаммад Илияз тарабынан негизделген. Динаятчылардын оюнча, Мухамбет пайгамбар ислам динине адамдарды ар кандай жолдор менен үгүттөгөн.

Теолог Кенжебек Чыйбылов даават иши алардын бири гана деп эсептейт.

-“Таблига жамааты” Мухамбет пайгамбардын иш аракетин өзөк кылып алып, андан ары өнүктүрүп-өстүрүп, кандайдыр бир ыкмаларды жана принциптерди киргизген. Алар динди иш жүзүндө, тажрыйба аркылуу жеткирүү таасирдүү деп эсептешет.

“Таблиг жамаатка” жакынкы жылдары Орусияда, Тажикстанда иш жүргүзүүгө тыюу салынып, экстремисттик диний уюмдардын катарына кошту. Кыргызстанда да 2008-жылы дааватчыларды экстремисттик уюмдардын катарына кошуу боюнча маселе көтөрүлгөн.

Ал эми муфтият дааватчылардын иш аракети жана ишенимдери Кыргызстандагы салттуу исламга жат эмес деп эсептейт. Ошондон уламбы дааватчыларга уюштуруу иштеринде көмөк көрсөтүп келет.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG