Линктер

Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын мурунку жетекчиси Чубак ажы Жалилов “ахмадийлер” тууралуу айткандары боюнча Ошко милицияга чакырылды.

Ички иштер министрлиги муну бышыктап, мурунку муфтий теологиялык экспертизанын жыйынтыгы менен таанышуу үчүн чакырылып жатканын маалымдады.

Былтыр жыл этегинде Ошто “ахмадий” агымынын бир мүчөсү киши колдуу болуп өлгөн. Ошол окуядан кийин маркумдун жакындары Жалилов бул агымды ачык каралап, диний кастыкты козутту деп тартип коргоо органдарына даттанган. Мурунку муфтий болсо “ахмадийлерди” “мусулман эмес” жамаат катары сыпаттап, бирок өз дарегине айтылган дооматтарды четке каккан.

“Ахмадий” агымынын өкүлдөрүнүн Чубак ажы Жалилов боюнча арызын Ички иштер министрлигинин Тергөө башкы башкармалыгынын Оштогу аймактык бөлүмү териштирип жатат. Экс-муфтийдин адвокаты Акин Токталиев Ошко кайсы күнү барышары азырынча белгисиз экенин “Азаттыкка” билдирди.

- Ага Ошко тергөөгө келсин деп 5-августта чакыруу келген. Эми ал күндө эле сүйлөп жүргөн сөзү да. Мындай болот, тигиндей болот деп, оюн эркин айтып жатат да. Дин комиссиясы болсо бул экстремисттик сөз деп чыгарып берип коюптур. Анын сүйлөгөн сөздөрүнүн баары экстремисттик боло береби? Биз Ошко бара элекпиз, чогуу барабыз. Тергөөчү саат 10го келгиле деп коюптур, бирок датасын көрсөтпөптүр. Бишкектен Ошко чакырбай эле бул жакка эле чакырышса болмок.

Бул окуяга байланыштуу Чубак ажы Жалиловдун өзү менен байланыша алган жокпуз. Анын “ахмадийлерди” “мусулман эмес” жамаат катары сыпаттаган сөздөрүн Интернеттен таптык:

- Бизде демократия деп койсо кимдер гана келген жок. Шииттер бир тараптан, Ага Хандар дагы бир тараптан кирсе, “ахмадий” каапыр жамаат дагы бир тараптан кирип, айтор, байкуш кыргыздарды кыйнап, жок кылып, айтор, бизди бузганга аракет кылып турат. Албетте, булардын кылганы мусулманчылыкка, Кудайга төп келбейт.

Былтыр жыл этегинде Оштун Кара-Суу районунун Кашкар-Кыштак айыл аймагынын 37 жаштагы тургуну Юнусжан Абдужалилов үйүнүн жанында атып өлтүрүлгөн эле. Ал “Ахмадий” агымынын мүчөсү экени, кол салуунун башкы себеби диний келишпестик экени айтылган. Бул факт боюнча Ош жана Жалал-Абадда өткөрүлгөн атайын операцияларда куралдуу, ири өлчөмдөгү ок-дарысы менен жалпысынан сегиз адам кармалган. Айрымдары Сирияда атайын даярдыктан өтүп келген деп маалымдалган.

Кашкар-Кыштактагы “ахмадийлердин” өкүлдөрү милицияга жазган арызында, "Абдужалилов киши колдуу болоор алдында Чубак ажы Жалилов “Кашкар-Кыштакка” жихад кылгыла" деп чакырык таштаган деп даттанышкан.

Ички иштер министрлигинин маалымат катчысы Бакыт Сейитовдун “Азаттыкка” маалымдашынча, Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссия үч айдай теологиялык экпертиза жүргүзгөн жана анда “диний кастыкты козуткан чакырык болгон” деген корутунду чыгарылган:

- Ошол экспертизанын жыйынтыгын өзүнө тааныштырып, ага макул же макул эместигин билели деп эле чакырган экен. Болгону ошол экен. Эгер ал корутунду менен макул болбосо, анда дагы көп, тажрыйбалуу эксперттерди кошуп, комиссиялык топ түзүп корутундуну кайрадан карап чыгышы керек. Азыр аны экпертизанын корутундусу менен тааныштыруу үчүн гана чакырып жатышат. Башка маселе жок. Анткени бул өзү, мисалы, күч колдонгон жок же бирөөлөрдү жумшаган жок. Болгону чакырыгы менен ушундайга жем таштады деген сыяктуу кылып арызданып жатышат да. Ошондуктан анын айткан сөздөрүндө ушундай чакырык барбы же жокпу деп эспертиза дайындалган.

Соңку учурда мурунку муфтий Чубак ажы Жалиловдун аты аталган, коомдо кайчы пикир жараткан бир катар орчун, талаш-тартыш окуялар орун алды. Дин маселелери боюнча эксперт Нурлан Исмаилов мамлекет Жалиловдой таасирдүү диний аалымдарды пайдалана билүүсү маанилүү экенин белгиледи.

- Мамлекет ушундай кишилердин иш-аракетин, багытын, энергиясын туура пайдаланганга аракет жасашы керек. Экстремизм, Сирияга кетип жаткандар, диндер ортосундагы ынтымак өңдүү иштерге пайдаланышы керек. Жумшак жол менен бул кишинин дагы позициясын жумшартып кетсе болот. Эгер ал киши катуу кетип калды деп, ага ошондой мамиле жасалса, анда ал деле радикализм болуп калат. Радикализм өз убагында радикализмди жаратат. Мамлекет тарабынан куулуп, коомдун кайсы бир тарабы жагынан жактырылган учур өз кезегинде дин менен мамлекеттин ортосунда кастык жаратышы мүмкүн. Мындай адамдарды куугунтуктап четтете берсе, алардын угармандарынын, аудиториясынын мамлекетке каршы ою пайда болушу мүмкүн, бул бир топ проблемаларга алып келет. Ошондуктан мамлекет ийкемдүү, акылдуурак саясат жүргүзүшү керек.

Кыргызстанда “ахмадийлердин” саны миңге чамалайт деп айтылып келет жана алардын ишмердигине расмий тыюу салынган эмес. Бирок алар жыл сайын расмий каттоодо тоскоолдуктар болорун айтып, даттанып келишет.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG