Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:07

Молдалиев: Сөөк жаткан көрдү көркоолор казат


Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын жетекчиси Орозбек Молдалиев
Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын жетекчиси Орозбек Молдалиев

“Азаттыктын” 2+1 форматындагы кезектеги маегинде түрдүү диндер менен ишенимдер жана алардагы көйгөйлөр, чыгуу себептери, кесепеттери тууралуу сөз болду. Суроолорго Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын жетекчиси Орозбек Молдалиев жооп берди.

“Азаттык”: Сөздү акыркы окуялардан баштасак. Мисалы, Ала-Бука жана Ак-Суу райондорунда башка диндеги эки байбиченин сөөктөрүн коюуда чоң талаш-тартыш жаралды. Диний чөйрөнү көзөмөлдөөчү катары айтсаңыз, буга окшош окуялар мамлекет үчүн күтүүсүз болдубу же акыркы кездеги тенденцияларды эске алганда акыры ушундай болмок беле? ​

Молдалиев: Мындай окуялар мурда деле болгон. Ошондуктан 2013-жылы Жогорку Кеңеш мыйзам долбоорун даярдаган. Тилекке каршы, долбоор окуудан өтпөй калды. Мындай жагдайларды мыйзам аркылуу гана тартипке келтирүү кажет. Азыр мыйзамдык, укуктук негиз жок. Токтомдордун негизинде гана кээ бир көйгөйлөр чечилет.

Батыш христиан диндегилерге ар айылда мүрзөгө жер бере албайбыз. Ошондуктан райондорго ачса болот. Биз ушундай сунуш киргизип жатабыз. Дагы бир мүмкүнчүлүк бар, ислам дининен айырмаланып христиан дининдегилер кремацияга жол берет. Андай болсо батыш дининдегилер крематорий ачтырышсын.

“Азаттык”: Бирок мамлекетте кремацияга жол бере турган мыйзам жок да.

Молдалиев: Ошону ойлонуш керек да. Келечекте бул чоң маселе болот.

“Азаттык”: Акыркы окуянын идеологиялык жагы да бар. Ушунун шылтоосу аркылуу башка динге өткөн кыргыздарды сестендирүү болду, бул бийлик үчүн ыңгайлуу болчу деген да көз караштар бар. Бийликтин кашаң аракетин да ушуга байлап жатышат. Мындай дооматтар канчалык жүйөлүү?

Ала-Бука: маркум аялды үчүнчү ирет жерге беришти

Ала-Бука: маркум аялды үчүнчү ирет жерге беришти

Молдалиев: Айрым айылдарда, тагыраак айтканда, Жалал-Абад облусунда бул көрүнүштөр бар. Айрым христиан динине өткөндөрдү сыйынган үйүңөрдү жапкыла, бул жактан кеткиле деген маселелер да чыга калат. Мындай абал жаралганда жергиликтүү бийлик менен биргеликте сүйлөшүп, түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, тынчтык жолу менен чечилип келе жатат. Бирок, атайын кыр көрсөтүш үчүн ушундай окуялар болуп жатат деген туура эмес.

“Азаттык”: Бир адамдын сөөгүн үч жолу казып, көмүштү. Бул жорук Конституцияга да каршы келет. Мыйзам бузулуп жатканда жергиликтүү бийлик, мамлекет өзү эмнеге дароо таасир эте алган жок?

Молдалиев: Көргө коюлган сөөктү кайра казган болбойт. Андайларды кыргыздар көркоо деп коёт.

Жергиликтүү бийлик, облус жетекчилери, ИИМ өкүлдөрү биргеликте түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатты. Эл деген бир-эки ооз сөзгө тынч алып отуруп калбайт. Ачууланып калган элди тынчтандырып, түшүндүрүүгө көп убакыт кетет.

Муну биз башка жагынан карашыбыз керек. Мына улуттун каада-салтына төп келбеген жоруктарга эмнеге жол берип жатабыз? Хижаб кийгендерди салтыбызга туура келбейт деп сындап жатабыз. Көргө коюлганды кайра казып чыгаруу салтыбызга туура келеби? Жөндөн жөн эле байкуш молдолорго асылганыбыз туура эмес.

“Азаттык”: Имамдын жоопкерчилиги жок дейсизби?

Молдалиев: Имамдын жоопкерчилиги тууралуу айтсак, ал жерде имам көмдүрбөгүлө деп айткан эмес деп муфтияттын кызматкерлери айтышты. Бул сөздөрдү тастыктоо үчүн муфтияттын кызматкерлери, даават бөлүмүнүн башчысы ошол жерге барып шариятты туура түшүндүрүп берип жатышты.

Адамдарга жеткиликтүү кылып маалымат бере алган жок деген сөздөргө макулмун. Себеби жергиликтүү имамдардын, диний кызматкерлеринин эл ичиндеги статусу, аброю төмөн болуп калышы мүмкүн. Имамдын сөзүн угам деп эч ким мойнуна милдет кылып алган эмес.

“Азаттык”: Кечээ диний азчылыктарынын адвокаты билдирүү жасады. Анын айтымында, үгүттөө иштеринде милиция кызматкерлеринин тиешеси бар. Ушул малыматтарды уктуңуз беле?

Молдалиев: Укук коргоочулар фактыларды алып келип, сөзүнүн чын-бышыгын далилдесе мен ишенет элем. Милиция кызматкерлери элди тартипке сала албай жатып, кантип элди козутсун? Мындай болушу мүмкүн эмес. Бирок аталган фактыны текшерүү кажет.

Тентеги да, жоошу да бар

“Азаттык”: Протестант дининин бир өкүлү, пастор Кыргызстанда 50 миңден ашыкпыз деди. Сиздерде кайсы динге канча адам өткөнү тууралуу так эсеп саны барбы?

Молдалиев: ​ Мурун бул сан көп болчу. Батыш уюмдарынын 50 миңден ашык мүчөсү азыр болушу мүмкүн эмес. Алар атайлап көп айтып коюшат. Бардык батыш христиан уюмдарын айтып жатышса, бул сан туура чыгышы мүмкүн. Иса машаяк коомунун жаштары 20 - 30 миңге жетип калган. Азыр азайып калды. Көбү кетип калды.

“Азаттык”: Айрым малыматтарга таянсак, өлкөбүздөгү диний конфессиялардын саны 13-14кө жетип калганы айтылат. Ушул чынбы?

Кадамжайда баптисттерди батырбай жатышат

Кадамжайда баптисттерди батырбай жатышат

Нааразылар христианчылыктын бул агымы үй-бүлөдө жана коомдо диний ажырым жаратышы мүмкүн деген кооптонушууда. Ал эми бул агымдын өкүлдөрү өз ишмердиги мыйзамга ылайык келгендиктен текшерүүгө каршы эместигин билдирип жатышат.

Молдалиев: Батыш христиандарын эсепке албаганда деле православдар өздөрү эле эки-үчкө бөлүнүп кеткен жагы бар. Православиеге баш ийбеген православдар да бар. Анан батыш христиандарынын дагы жети-сегиз агымы бар. Алар каттоодон өтүп иштеп жатышат. Тоскоолдук деле жок. Уставын алып келип, паспорту менен каттоодон өтүп коюшат.

Булардын талылуу эле жери прозелитизм да (прозелитизм - башкаларды өзүнүн динине тартуу жана бул максатка жетүү үчүн аракеттер). Протестанттар жана башкалар өзүнүн динине кыргызстандыктарды тартып кетип жатат деп айткандары да бар. Бирок булар ич ара жүрүп жаткан процесстер. Бул жерде эң тынч уюм - иудаизмдин жактоочулары. Бул - бир улутка таандык дин, прозелитизм жок. Алар тартиптүү, жакшы иштешет. Анан биз мисал коебуз, “мына жакшынакай тынч иштешет” деп.

Мамлекеттик конфессиялык кеңеш түзүлгөн. Мына биз алар менен жолугуп, батыш православдары, христиан, мусулман өкүлдөрү, Индиядагы, Кытайдагы буддисттер уюмдарынын бул жактагы өкүлдөрү чогулуп сүйлөшүп, маселелерди чечип турабыз. Чынын айтканда, жетекчилеринде маселе жок.

"Чет өлкөгө кеткендердин таасири сөзсүз тиет"

“Азаттык”: Кыргызстан светтик өлкө экени талашсыз. Бирок кандай болгон күндө дагы азыр диний лидерлердин таасири мамлекеттикинен көбүрөөк болгондой сезилет. Мисалы, акимге караганда, кайсы бир диний лидерди көбүрөөк угушат. Чубак ажынын мисалын эле алсак - канчалык. Сизге ошондой сезилбейби?

Молдалиев: Биз бул маселени изилдегенбиз. Атактуулук бул кадыр- барктуулук деген маселе эмес. Биз буга социалдык изилдөө жүргүзгөнбүз. Бирок аягына чыга элекпиз. Сиз айткан Чубак ажы популярдуу киши. Элдин суроосуна эстрада жанрында жооп берет. Бирок ишеними канча деген маселеге жооп төмөн. Мен анын проценттерин айтпай эле коеюн.

Хижаб кийгендерди салтыбызга туура келбейт деп сындап жатабыз. Көргө коюлганды кайра казып чыгаруу салтыбызга туура келеби?

Жергиликтүү бийликтин баркы жок, диний кызматкерлер барктуу деп салыштыруу тура эмес. Диний кадыр-барк деген башка маселе. Бизде, тилекке каршы, диний баркы күчтүүлөр жокко эсе. Анткени такыба молдолор жок. Андай адамдар аябай аз. Билимдүү, үлгүлүү жүргөн татыктуу адамдарга биз жете албай жатабыз.

“Азаттык”: Чет өлкөлөрдөгү диний окууларга мамлекеттик комиссия сунуш берет. Азыркы учурда кайсы жактарга барып окуп жатышат жана аларга көзөмөл барбы?

Молдалиев: ​Биз тизме түзүп, өкмөткө, Билим берүү министрлигине, Тышкы иштер министрлигине он чакты мамлекеттин тизмесин бергенбиз. Бирок ар ким каалаган мамлекетине кетип калып, окуп келип жатышат. Натыйжасын көрүп жатабыз. Ошол мамлекеттерден ханафи мазхабы менен диний билим алып келген күндө деле ошол эле жердин, мамлекеттин таасири сөзсүз тиет.

Кээ бирлери диплому жок эле келип алышат. Негизи ал жакка жок дегенде медресени бүтүп, дин тууралуу түшүнүгү калыптанып калгандан кийин жибериш керек. Өзү барып окуп келдиби, анда өз ишин кылып жүрө берсин. Бирок алар бара-бара кызматка алынбайт.

"Агахан - светтик университет"

“Азаттык”: Иранга барып окуп келгендер да барбы?

Молдалиев: ​Ирандагы окуу жайларга бизден барбайт. Себеби алар шиит багытындагылар. Бирок, Иранда сунни багытындагы мектептер, медреселер да бар. Биз жактан ага деле барышпайт. Ал жакта көбүнчөсү түркмөндөр. Бизде ханафи мазхабы менен шииттердин ортосунда эч убакта проблема болгон эмес.

“Азаттык”: Нарында (Борбор Азия) университет ачыларда каршылар чыкты. Бул эмнеден?

Молдалиев: ​Эми ал түшүнбөстүктөн чыккан маселе. Силер деле билесиңер, ал светтик университет. Сиз айткан абройлуу деген кишилер интервью беришип, Агахан деген - исмаилит, андан сак болуш керек деген идеологияны жайылтышты. Жашаган (окуган) мамлекеттин таасири деген ушул. Биздин өлкөдө тарбия алгандар эч убакта антип айтпайт. Биз муфтийге “Эскертип коюңуз, айтканы туура эмес” деп айтканбыз.

“Азаттык”: Түркиядагы окуялардан кийин Гүлендин маселеси жергебизде да актуалдуу болуп жатат. Өзгөчө “Себат” мектептери боюнча ар кандай айыптоолор коюлду. Диний комиссиянын жетекчиси катары сиздин оюңуз?

Молдалиев: Түркиядагы IX Евразиялык кеңештин жыйынында Гүлендин кыймылы тууралуу материалдар, буклеттер таратылып берилди, көтөрүлүштү уюштурганы тууралуу даректүү кагаздарын көргөзүштү. Таасири бар мамлекеттердин өкүлдөрү да чыгып сүйлөштү. Биздин муфтий дагы доклад жасоого даярданып барды эле докладын окуй албай калды. Мага суроо берилгенде “Биздин өлкөдө жайгашкан “Себат” билим берүү мекемелеринде диний компоненттер жок. Светтик гана билим беришет. Ар бир окуучу кадимкидей билим алып окуйт” деп жооп бердим. Түшүнүү менен кабыл алышты.

“Азаттык”: Жакында жамааттык коопсуздук келишим уюму Ереванда өтүүчү самиттин алдында коопсуздукка коркунуч келтирген уюмдардын бирдиктүү тизмесин түзүү демилгесин көтөрдү. Бул маселеге Кыргызстан кандай карады? Биринчи кезекте эле “Таблиг жамааты” эске түшөт экен. Бул уюмга Орусияда, Казакстанда тыюу салынган. Кыргызстанда уруксат берилген.

Молдалиев: ЖККУнун сунуштары консенсус менен кабыл алынат. Биздин Коопсуздук кеңеши айтат: “Бул уюмду тизмеге киргизе албайбыз. Биздин аймакта коопсуздукка коркунуч келтирбейт” деп. Бирок булар деле бир кылка деп айтууга болбойт. Ичинде да радикалдык канаттар бар. Ошолорду кошсо болот. "Таблиги жамааттын" “баланча багытындагылардын” ишмердүүлүгүнө тыюу салынсын деп, макулдук бергенбиз. Анан эми чече турган органдар өздөрү чечет.

Азыр баштагыдай үймө-үй кыдырып даават кылууга тыюу салынган. Мечитке катталып, уруксат алып, мечиттин ичинде гана иштешет. Баштагыдай үй-үйлөрдү кыдырып такылдатса милиция кармайт. Жакында Ысык-Көлдө андайлардын бир тобуна айып салып, аймактан чыгарып салышты.

XS
SM
MD
LG