Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:23

Кыргызстанда протестанттык багыттагы ондон ашык диний конфессия иш алып барат. Алардын бири - Иса машаяк жыйыны, башкача айтканда протестантизмдин евангелисттер бутагы. Анын Бишкектеги кыргыз жыйынынын башчысы Марк Өмүрзаков “Азаттык" менен ой бөлүштү.

Өмүрзаков: Биз машаякчылык ишенимге киребиз, орусча айтканда христианство. Анткени биз Иса машаякка ишенебиз, бул христианчылыктын протестант бутагы. Менин атым Марк. Негизи Марс болчу. Ар бир динде руханий ат болот, ошого байланыштуу менин руханий атым Марк. Мен ушул жыйында пастор болуп иштейм, башкача айтканда ушул жыйындын жетекчисимин.

“Азаттык”: А пастор эмне иш кылат?

Өмүрзаков: Пастор кудайдын насаат сөзү менен бөлүшөт. Пастор же кызматчы деп айтсак деле болот, мындайча айтканда ал насаат сөз менен адамдарга жардам берет. Бала-чаканы кандай багыш керек, жумушта адамдар менен кандай мамиле кылуу керек, ушунун баарына кудайдын айткан насаат сөздөрү менен жооп беребиз.

“Азаттык”: Сиздердин ушул жыйынга канча адам келет жана жалпы Кыргызстан боюнча канча мүчөңүздөр бар?

Өмүрзаков: Биздин жыйында 500гө жакын киши бар. Кыргызстанда Исага ишенгендер бар, бирок алардын так санын эч ким эсептей албайт. Анткени экономикалык шартка байланыштуу адамдар келет-кетет, чет өлкөгө барып иштеп келишет.

“Азаттык”: Жыйынга келгендерди улутка бөлүп, санап көргөндө кандай, мисалы сиздердин жыйында кыргыздар көппү, орустар же башка улуттагылар көппү?

Өмүрзаков: Негизи биздин жыйын кыргыз жыйын, сыйынуулар кыргызча болот. Ошого байланыштуу көбүнчө кыргыздар. Орустар, казактар, өзбектер, баарына тең Кудайдын үйүнүн эшиги ачык. Бирок биздин жыйындын 90-95 пайызын кыргыздар түзөт.

“Азаттык”: Сиз өзүңүздү “машаякчымын” деп айтканда үй-бүлөңүздүн, туугандардын жана курбу-курдаштардын мамилеси кандай?

Өмүрзаков: Мен өзүм институтта окугам. Бул ишенимге жөндөн-жөн эле келип калган жокмун. Менин атам да, апам да катуу ооруган, анан ишенүүчүлөр сыйынып берип, “Кудай айыктырат” деп айтканда, айыгып кеткен. Башында бул динге киргениме достор, туугандар каршы чыгышкан. Азыркы кезде кыргыз машаякчы болуу анчалык деле таң калтырбай калды. Бирок мындан 15-20 жыл мурда адамдар аны жаңы нерсе, коркунучтуу нерсе деп эсептечү. Мен өзүм дагы башында каршы болчумун. Анткени ата-энем биринчи ишенген. Булар карыганда эмне алжып, башка динге кирип кетиштиби деп, ар кандай ойлор болгон. Азыр болсо досторумдун, туугандарымдын арасынан да Исага ишенгендер бар.

“Азаттык”: Сиз буга чейин мусулман болсоңуз, анан динимди алмаштырдым деп ойлойсузбу?

Өмүрзаков: Адамдар “сен диниңди алмаштырдың, диниңди сатып кеттиң” деп айтышат. Ар бир киши ал инсан, ар бир адамдын өзүнүн эрки жана тандоосу бар. Ошондуктан мен динимди сатып кеттим деп айта албайм. Мен ага чейин кудайсыз жашагам деп айтсам туура болот.

“Азаттык”: Сиз жогоруда айтып жаткан кудайдын буйруктары жана осуяттары ислам дининде да бар. Анан сиз кайсы бир күнү ислам динине кайтам, кайра мусулман болом деп ойлобойсузбу?

Өмүрзаков: Мага андай ойлор келбейт. Мен ислам дининдеги же башка диндеги салт, эрежелерден мурдатан эле алыс болчумун. Мен Исага ишенгенге чейин күнөөкөр, кудайсыз жашаган пенде болчумун.

“Азаттык”: Азыр Кыргызстанда диний конфессиялардын эле саны отуздан ашты. Алардын баары коомдо ынтымакта жашоосу үчүн кандай шарттар түзүлүшү керек?

Өмүрзаков: Кандайдыр бир дин же агым болобу, аны мөмөсү, натыйжасы аркылуу билсе болот. Бизде кудай эч качан башкаларга каршы чыккыла же өзүңөрдүн диниңерди мажбурлап, таңуулагыла дебейт. Биз кудайдын сүйүүсүн жана ырайымын гана айтабыз.

“Азаттык”: 20 жыл мурда кыргыз христиан болот деген таң калыштуу болчу да. Ушул бөлүнүүчүлүк элди бөлүп жарат, ал түгүл куралдуу кагылыштарга да алып келиши мүмкүн деп эксперттердин деңгээлинде, мамлекеттик деңгээлде айтылып жүрөт. Буга оюңуз кандай?

Өмүрзаков: Албетте, жердеги мыйзамга баш ийүү керек. Кандай гана дин же ишеним болбосун бири-бирин сыйлаш керек. Ошондуктан биз андай нерселерге барбайбыз. Мындайча айтканда, карама-каршылыктар болбосун деп айтабыз жана адамдар тынчтык менен гана өзү тандашы зарыл.

“Азаттык”: Мен бир фактынын күбөсү болдум. Бир үй-бүлө соттошуп жатыптыр. Ал үй-бүлөдө күйөөсү мусулман, аялы болсо протестант экен. Ортосунда бир баласы бар. Күйөөсү “мен баламды мусулманча тарбиялайм” десе, аялы “жок, протестант ишениминде тарбиялайм” деп сот аркылуу талаш жүрүп жатыптыр. Мунун өзү аялы башка динге кирип кеткенден улам бузулган бир үй-бүлөнүн окуясы. Сиздерде да диндин айынан бузулган үй-бүлөлөр барбы?

Өмүрзаков: Андайды мен билбейм, анткени бизде адамдар көп. Мен тескерисинче, кудайга келгенден кийин жаман адаттарын таштап, жарашып, ынтымакта жашап калган үй бүлөлөрдү билем.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG