Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 21:01

Коомду кооптондурган диний жазуулар


Ысык-Ата районундагы жазуу
Ысык-Ата районундагы жазуу

Ысык-Ата жана Токтогул райондоруна кире бериштеги дарбазаларга жазылган "Лаа илааха иллаллох Мухаммадур Расулуллох" деген сөздөр талкууга түштү.

Кыргызстандын айрым райондоруна кире беришке орнотулган дарбазаларга диний сөздөр жазыла баштады. Бишкекте болсо “Аллоху Акбар”, “Машаллах” деген аталыштагы кызмат көрсөтүүчү жайлар бар.

Өкмөт орус, англис тилдеринде көрнөк-жарнактарды кыргызчага толук которо албай убара тартып турган кезде, минтип араб тилиндеги жазуулардын көбөйүшү коомчулукта түрдүүчө талданып, улуттук идеологияны жүргүзө албай жатат деп бийликке сын айтылууда.

Райондордогу жазуулар

Ислам дининдеги негизги келме жана өзөгү эсептелген “Лаа илааха иллаллох Мухаммадур Расулуллох” деген жазуулар өткөн аптада Чүй жана Жалал-Абад облустарында пайда болду (Дин аалымдары келменин жазылышы "Ла илаха иллаллоху Мухаммадун Расулуллох" экенин айтышат). Бул келме сөздөрү Токтогул жана Ысык-Ата райондорунун кире беришине орнотулган дарбазаларга кирилл тамгаларында чоң кылып жазылган. Биринин үстүнө жашыл фонго ай менен жылдыздын сүрөтү тартылган.

Дарбазалардын сүрөттөрү интернетке чыгаар замат Токтогул районунун акимчилиги аны жазгандарды издеп тапкан. Алар жергиликтүү тургундар экенин район акими Майорбек Стамкулов “Азаттыкка” айтты:

Токтогул районуна жазылган келме. Азыр бул жазуу өчүрүлгөн.
Токтогул районуна жазылган келме. Азыр бул жазуу өчүрүлгөн.

- Токтогулдун жашоочулары жазышыптыр. Өздөрү Бишкекте турушат экен. Телефон чалып сүйлөшсөм, “Ысык-Атада жана башка жерлерде деле жазылып турбайбы” деп айтышты. Райондун дарбазасына диний чакырыктарды жазуу туура эместигин, мыйзамдуулукту сакташ керектигин эскерттик. Алар туура түшүнүштү. Жазууну өчүрдүк.

Район жетекчилиги көрнөктү жазгандардын радикал көз карашы жоктугун, алар бул кадамга диний ишенимден гана барганын баса белгилеп, сөз жүзүндө эскертүү алышканын кошумчалады. Ал эми Ысык-Ата райондук администрациясынын жетекчилиги бул иш боюнча иликтөө жүрүп жатканын маалымдады.

Бийлик кабардарбы?

Диний мүнөздөгү жазууларды салттуу исламды кармангандар жазып жатабы же радикал топтордун жоругубу - бул азырынча белгисиз. Эгер аны муфтият жазса, сөзсүз Дин башкармалыгынын эн белгиси коюларын, алар өлкөнүн мыйзамдарына дал келген жазуулар гана болорун аталган мекемеден билдиришти. Биз сөз кылып жаткан жазууларда болсо муфтияттын белгиси байкалбайт.

Коомдук ишмер Эдил Байсалов бул кайсы бир топтун максаттуу өнөктүгү болушу ыктымал деген ойдо:

Эдил Байсалов.
Эдил Байсалов.

- Мамлекеттик идеологияны жүргүзгөн ураандардын ордуна диний чакырыктарды ким, кайсы уюм жазып жатат? Бизде улуттук идеологияны тескегендер барбы же жокпу? Президенттик администрация муну билеби? Кимдир бирөөлөр диний идеологияны өз каалашынча таратып жатканынан өкмөт кабардарбы? Маселеге бийлик олуттуу көңүл буруусу шарт. Жазууга уруксат барбы же жокпу деген суроонун тегерегинде эмес, аны кимдер жазып жатканы жөнүндө ойлонуу кажет.

Күч органдары бул окуя боюнча Кылмыш-жаза кодексинин “бейбаштык” беренеси менен кылмыш иши козголушу ыктымалдыгын айтууда. Анткени, райондун дарбазасы мамлекеттик мүлк болуп эсептелет. Аны ар ким каалагандай боёп-сырдоого акысы жок.

Кыргыз өкмөтүнүн, жергиликтүү бийликтердин орусча, англисче көрнөк-жарнактарды кыргызчалоо боюнча чыгарган буйруктары толук аткарылбай, ара жолдо турган кезде минтип арапча аталыштардын жайнай башташы маселеге кошумча болчудай.

Пакистандык ишкерлердин каалоосу

Ал тапта Бишкекте шарият сөздөрү менен аталган кызмат көрсөтүүчү жайлар ачыла баштады. "Кудайберген" базарынын жанындагы чоң жолдун боюнда “Аллоху Акбар”, “Бисмиллах” жана “Машаллах” деген машине оңдоочу жерлер кардарларды тейлеп жатат. Алардын биринде иштеген Сергей устаканалар пакистандык ишкерлерге таандык экенин, ошондуктан өздөрүнө ыңгайлуу аталышты коюшарын билдирди:

Бишкектеги машина оңдоочу жай
Бишкектеги машина оңдоочу жай

- Кыргызстанга келген пакистандыктар орусча же кыргызча кооз сөздөрдү билишпейт. Ошондуктан, өздөрүнө ыңгайлуу аттарды коюшат. Көбүнчө диний аталыштарга, ыйык сөздөргө басым жасашат. Андай сөздөр кишилерди өзүнө тартып, ишеним арттырат.

Биз бул устакананын ээси менен баарлаша албадык. Анын иш жүргүзүүчүсү, өзүн Даяб деп тааныштырган жигит мындай аталыштарды каалаганча колдоно беришерин, аны ким ойлоп тапканына кызыкпай эле коюшубузду билдирди:

- Балким коңшум ойлоп тапкандыр. Балким коңшумдун коңшусу сунуштагандыр. Анын эмнеси бар?

Чет элдик ишкерлер тейлөө жайларынын аталышы боюнча атайын уруксат кагаз бар экенин белгилешти, бирок аны көрсөтө алышкан жок.

Эрежеге ылайык, дүкөн жана тейлөөчү жайлардын аталышы мэриянын Муниципалдык менчик башкармалыгы менен макулдашылгандан соң жазылат. Аталган мекеме диний жазууларды илүүгө уруксат жоктугун айтууда. Кызыгы, көрнөктөрдүн айрымдары эскирип, айрыла баштаса да, мэрия кызматкерлери мындай жерлер бар экенинен мурда кабардар болбоптур. Укук коргоо органдарынан да майнаптуу жооп ала албадык.

Машина оңдоочу жай. Бишкек.
Машина оңдоочу жай. Бишкек.

Мэриянын басма сөз кызматы муну "өзүм билемдик" деп сыпаттап, диний жазууларды илгендерге чара колдонуларын белгиледи.

Маселени ким тескейт?

Мамлекеттик тил комиссиясы болсо арапча сөздөр жазылган бул көрнөк-жарнактар боюнча кандайдыр чара көрүүгө алсыз. Мекеменин адиси Бактыбек Айтиев тил комиссиясынан мындай ыйгарым укук алып салынганын, жарнама департаменти да иштебей калганын билдирди:

- Жарнама департаментинин жоюлганына да бир жылдан ашты. Көрнөк-жарнактар менен иштөө боюнча түздөн-түз катаал чараларды колдонуп иштей турган мекеме жок.

Бишкектеги тейлөөчү жай.
Бишкектеги тейлөөчү жай.

Буга чейин кыргыз бийлиги жарандарды диний чакырыктарды элге таңуулоодон алыс болууга чакырып, бул абал радикал топтордун идеяларын жайылтууга шарт түзүп берерин бир канча жолу эскерткен. Акыркы кездери ислам динин жамынган агымдар жандана баштаганын, алар түрдүү жол менен элди тузакка тартарын эксперттер жана диний аалымдар белгилеп келишет.

Кыргызстандын Баш мыйзамы боюнча дин мамлекеттен ажыратылган. Конституцияда "Эч бир дин мамлекеттик же милдеттүү дин катары кабыл алынышы мүмкүн эместиги, диний бирикмелердин жана дин кызматчыларынын мамлекеттик органдардын ишине кийлигишүүсүнө тыюу салынары” жазылган.

PS: "Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG