Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:30

“Ислам халифаты” - байыркы жана азыркы учур


Ирак -- «Ирак жана Леванттагы ислам мамлекети» тобунун бир мүчөсү Рагганын бир көчөсүндө уюмдун желегин көтөрүп жүрөт. 29-июнь, 2014.
Ирак -- «Ирак жана Леванттагы ислам мамлекети» тобунун бир мүчөсү Рагганын бир көчөсүндө уюмдун желегин көтөрүп жүрөт. 29-июнь, 2014.

Ушул айдын башында Ирак менен Сириянын айрым жерлерин ээлеп алган «Ирак жана Леванттагы ислам мамлекети» деп аталган ал-каидачыл уюшманын жетекчиси Абу Бакир ал-Багдади өзүн “дүйнөдөгү бардык мусулмандардын халифимин” деп тааныштырды.

Ошондой эле ал “ислам халифаты” курулду деп жар салды. Бул окуя дүйнө коомчулугунда, анын ичинде Кыргызстанда да талкууланып жаткан кез.

Халифат сөзүнүн тамыры

“Халифат” араб сөзү -“бирөөнүн ордун ээлөө”, “бирөөнүн аркасынан келүү”, “бирөөгө өкүлчүлүк кылуу” деген маанилерди билдирет. Ислам тарыхында кээде мамлекеттик башкаруу “халифат” деп айтылып келген. Бул Мухаммед пайгамбардын ордун ээлеген мамлекеттик башкаруу деген мааниде колдонулган жана халифатты башкарган адам “халиф” (Мухаммед пайгамбардын орун басары) деп аталган. Айрым мезгилдерде болсо исламий башкарууну “имамат” десе, анын жетекчисин “имам” дешкен.

“Халифат” жана “имамат” терминдери азыркы мезгилге чейин ар түрдүү максатта колдонулуп келгендигин көрүүгө болот. Мисалы, жогорудагы Абу Бакир ал-Багдади өзүн «дүйнөдөгү бардык мусулмандардын халифимин» деп атоодо. Ислам тарыхын окуган жана исламдагы башкаруу - саясат маселесин изилдеген адамдар үчүн ал-Багдадинин өзүн дүйнөдөгү бардык мусулмандардын халифимин деп айтуусу жылмаюуну жаратпай койбойт. Бирок катардагы мусулмандар, айрыкча диний радикализмди жападан жалгыз таянар тоо катары көргөндөр үчүн бул жоктон табылган, алар күтүп келген нерсе катары кабылданышы мүмкүн.

Курандын Бакара (30), Анам (165), Юнус (73), Намл (62), Араф (69) жана башка сүрөлөрүндө “халифа”, “халаиф”, “хулафа” деген сөздөр айтылат. Бирок эң негизгиси Куранда “халифат” деген сөз айтылган эмес. “Халифа”, “халифат” деген сөздөр кээ бир хадистерде гана бар. Бул хадистердин кээ бирлери “сахих” (туура) болсо да, көпчүлүгү Мухаммед пайгамбардан кийинки мезгилдеги бийлик үчүн болгон күрөштөрдүн натыйжасында ар түрдүү кишилер жана топтор тарабынан ойлонулуп табылган. Хадистер бийлик талашуу учурунда өзүлөрүнүн туура жолдо экендигин көрсөтүү үчүн ар түрдүү жамааттар тарабынан пайдаланылган. Бул нерсе албетте бүгүн да колдонулуп келүүдө.

Исламда мамлекеттик башкаруу кандай болушу шарт?

Жалпылап айта турган болсок, Куранда жана хадистерде Алланын буйруктарына моюн сунуу, адилеттүү башкаруу жана коомдун биримдигин сактоого тиешелүү принциптер айтылган жана адилеттүүлүктү сактаган башкаруучу “Пайгамбардын орун басары” деген мааниде “халифа” деп аталган. Ал эми мамлекеттик башкаруу, анан шарттары, формасы (тиби) жана милдеттери жөнүндө буйрук жана эрежелер жазылган эмес. Ошондуктан “Хизб-ут Тахрирге” окшогон саясий партиялар өзүлөрүнүн идеологиясын пропагандалап жатканда халифат, халифатты куруу, халиф ким болуш керек деген маселелер боюнча Куран жана сүннөттөн так далил көрсөтө алышпайт.

“Ислам халифаты”- байыркы жана азыркы учурда
please wait

No media source currently available

0:00 0:12:54 0:00
Түз линк

Ислам дининде башкаруу, башкаруунун формасы, башкаруучуну тандоо, башкаруу системасын түзүү маселеси мусулмандарга таңууланган эмес. Бул маселелер мусулмандардын өз алдынча чечүүсү керек болгон маселе болуп эсептелинет. Андыктан сөзсүз эле халифат куруу мусулмандарга шарт эмес экендигин биздин жарандар билүүсү шарт.

Кыскасы, ислам дининде башкаруу формасы эмес, коомдо адилеттүүлүктү, тынчтыкты, өнүгүүнү орнотуу максат кылынат. Ал эми “халифат” курам деген адамдар жана уюмдар азыркы учурда адилеттүүлүктү, тең укуктуулукту, эркиндикти эмес, өздөрү каалаган “халифатты” жар салууда жана өздөрү эңсеген башкаруу формасын мусулмандарга таңуулап жаткандай.

Алыс барбай эле койолу, биз жашап жаткан кылымда эле “халифат”, “имамат”, “эмират” курдук дегендер болду. Дагестанда, Чеченстанда, Индияда, Бангладеште, Афганистанда диний мамлекет түзгөнгө аракет кылышты, шариятты киргизишти. Керек болсо азыр халифат курдум деп жаткан “Ирак жана Леванттагы ислам мамлекети” уюму 2007-жылы эле “Ислам эмиратын курдум” деп жар салган.

Бирок алар үлгүлүү мамлекетти, мусулмандар бакубат жашай турган системаны орното алыштыбы? Башкаруу формасын исламий деп жарыялашты, бирок исламдын негизги принциптери болгон адилеттүүлүктү, чындыкты, эркиндикти камсыз кылыштыбы? Социалдык жана экономикалык өнүгүүгө шарт түзө алыштыбы?..

Халифат куруу чакырыгы саясий куралбы?

Тескерисинче, катардагы мусулмандар “шарият мамлекети” деп аталган жерлерге эмес, Батыштагы өнүккөн өлкөлөргө кетип жатканын көрүп жүрөбүз. Азыр көчөдөгү жарандан шарият киргизилди делген Ооганстан, Ирак, же болбосо Малинин түндүгүндөгү Азавад сыяктуу шарият мамлекеттеринде жашагыңыз келеби, же болбосо Малазия, Түркия сыяктуу мамлекеттердеби деп сурасаңыз, алардын эмне деп жооп берээри маалым.

Андыктан, бүгүнкү күндө Иракта, Сирияда, Ооганстанда, Бангладеште болуп жаткан жана шариятты бетке кармоо менен диний мамлекетти түптөөгө болгон аракеттерди диний эмес, саясий процесстер катары карашыбыз керек. Жалпы эле мусулман өлкөлөрдөгү радикалдашуунун өзөгүндө саясий, кээ бир учурларда геосаясий максаттар жатат. Албетте бул жерде дин курал катары колдонулууда.

Эгерде тополоңдор орун алган мусулман мамлекеттерди караганыбызда алардын илим-билим жана технология жактан артта калгандыгын көрүүгө болот. Билимсиз киши (коом) радикал болот. Ал эми Ортоңку жана Жакынкы Чыгыштагы радикализм диний негизде ишке ашууда. Башкача айтканда радикал уюмдар диний-исламий чакырууларды колдонууда. “Араб жазы” деп аталган араб дүйнөсүндөгү толкундоолордо ислам дини колдонулду жана колдонулууда.

Сириядагы жана Ирактагы сунний-ший кагылышуусун суннийликти (Вахабизмди) саясий максатта колдонгон Сауд Аравия жана анын шериктештери менен шийликти колдоногон Иран жана анын шериктештеринин геосаясий кагылышуусу катары караган да жөндүү. Иракта курулду деп жар салынган “халифаттын” да негизги максаты Ортоңку жана Жакынкы чыгышта адилеттүүлүктү, тынчтыкты орнотуу эмес, ал аймактан Ирандын жана анын өнүктөштөрүнүн таасирин сүрүп чыгаруу. Ирак менен Сириянын аймагында түзүлүп жаткан мындай саясий уюмдар, алдыда мусулмандар үчүн жаңы согуш талаалары даярдалып жатканын каңкуулайт. Мындай уюмдардан мусулмандарга шарт түзүүсүн, илим-билимди өнүктүрүүсүн, ал аймакка жаңы технологияларды алып келүүсүн күтүү жеңил ойлуулук болуп эсептелинет.

Мындай уюмдар саясий жана геосаясий кагылышуулардын куурчагы болуп кала берет. Эң өкүнүчтүүсү, бул дүйнөлүк жана аймактык геосаясий жана согуштук окуялардын желаргысы Кыргызстанга жетпей койбойт.

XS
SM
MD
LG