Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Июнь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 04:44

Байсалов: Карылар үйүнө мыйзамсыз мечит курулууда


Бишкектеги карылар үйүнүн аймагына мечит салуу демилгечилери буга каршы чыккан социалдык өнүктүрүү министрлигин айыпташууда. Бул боюнча социалдык өнүктүрүү министринин орун басары Эдил Байсалов "Азаттык" менен ой бөлүштү.

“Азаттык”: Эдил мырза, карылар үйүнүн аймагына мечит куруу демилгеси кимден чыкты эле?

Байсалов: Бул жерде демилге эмес, мыйзамды сыйлабоо маселеси жатат. Анткени ал мечитти эч кандай уруксат кагазы жок эле тургузуп коюшкан. Аны мечит деп айтууга да болбойт, ал мыйзамсыз бир курулуш. Карылар үйүндө ар кандай ишенимдеги карыялар жашашат. Ал жердеги кенен паркты бузуп, Бишкектеги ири мечиттердин бири сыяктуу чоң мечитти жүз автоунаа баткыдай жайы менен кошо мыйзамсыз тургузуп салышкан. Мен август айында жаңыдан дайындалган күнү карылар үйүнө барып, ошол курулушка кабылгам. Сиздер билесиздер, бүгүнкү күнү тиешелүү тараптардын уруксатысыз карылар үйүнүн короосуна эмес, менчик үйүңдүн короосуна бир курулуш тургуза албайсың. Бул мечиттин курулушу мыйзамсыз.

“Азаттык”: Мечитти карылар үйүнүн тургундары “мусулман болгон соң, аркы дүйнөгө шарияттын шарты менен узайлы” деп өздөрү өтүнгөн деген сөздөрдүн чын-төгүнү канчалык?

Байсалов: Бул жөн гана шылтоо. Карылар үйүндө мусулман карыяларыбыз да бар, бирок көп эмес. Мусулман жаран көз жумса аларды шарияттын шарты менен узатуу маселеси ал жерде каралган, тиешелүү шарттар түзүлгөн. Мечит куруу маселеси козголгондо мурунку жетекчиликке да “чакан мечит болот” деп баштарын айландырышып, алдашыптыр. Иш жүзүндө кандай болду? Карылар үйүнүн бир гектардан ашуун паркын бузуп, килейген мечит тургузулуп жатат. Бул өзүм билемдик, четтен келип алып, биздин мамлекетти да, мыйзамды да сыйлабагандык. Анткени бул мечиттин курулушунун артында чет мамлекеттен алынган каражат турат.

“Азаттык”: Айылдарда бала бакча, мектептерге, медициналык түйүндөргө караганда мечиттердин саны көп. Кээ бир айылдарда бала бакчага берилген мечиттер да бар..

Байсалов: Мен динге каршылыгым жок, мамлекет, элибиз жакшы эле шарт түзүп берип жатат, динди өнүктүрүүгө. Бирок мечит деген жергиликтүү элдин каалоосу менен, чечими менен, биргелешкен аракети менен курулушу керек. Четтен эле акчаларды жиберип, акчанын күчүнө салып эле социалдык объекттердин аймагына да дин жайларын кура берүүгө болбойт.
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG