Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:10

Көмүр исинин жыты да, түсү да болбойт


Бүгүн кыргыз тилдүү гезиттер чыккан жок.

Бүгүнкү “Вечерний Бишкек” гезити президент Алмазбек Атамбаевдин Жогорку Кеңештин кезексиз жыйынында депутаттар менен коомчулукка кайрылып сүйлөгөн сөзүндө Кыргызстан олуттуу бурулуштун босогосунда турганын, мындан ары ар ким таман акы маңдай тери менен тапкан каражатына жашаганга үйрөнүүсү керектигин, өлкөнүн өнүгүү жолундагы башкы максат финансылык жана экономикалык көз карандысыздыкка жетишүү милдети тургандыгын айтуу аркылуу Кыргызстан толугу менен парламенттик башкарууга өтүү тапшырмасын койгонун жазып чыкты.

Аталган гезиттен Жогорку Кеңештин төрагасынын орунбасарлары менен профилдик комитеттердин төрагалары кимдер болгондугун да окуйсуздар.

“Вечерний Бишкек” басылмасы ошондой эле айрым маалымат каражаттары Сириядагы “Ислам мамлекети” деп аталган экстремисттик күчтөрдү бомбалап жаткан самолет-штурмовиктердин катарында Канттагы авиабазанын аскердик самолеттору да бар деген кеп-сөздөрдү таратып жибергенин, Сириядагы ИМге каршы согушуп жаткан Орусиянын СУ-25 жана СУ-25СМ самолетторундай самолеттор чынында эле Канттагы аскердик базада да бар экендигин, бирок ал Сириядагы согушка катышып жатат деген кезектеги жалган ушактардын бири болуп саналарын, Канттагы аскердик күчтөрдүн башкы максаты - Борбор Азиядагы туруктуулукту сактоо милдети болорун, андыктан ал жердеги самолеттор Канттагы базадан башка эч кайда учпай тургандыгын жазып чыкты.

Бүгүн ошондой эле “Комсомольская правда” гезити да жарык көрдү. Гезит Кыргызстандын мектеп окуучуларынын кышкы каникулу үстүбүздөгү жылдын 31-декабрынан келаткан 2016-жылдын 24-январына чейин же 25 күнгө созуларын, мектеп окуучулары бир айга жакын эс алышарын сүйүнчүлөдү.

“Комсомольская правда” муну менен бирге эле өткөн жума күнү өлкө белгилеген Маалымат жана басма сөз күнүндө журналисттер 2009-жылы Бакиевдин бийлиги тарабынан Алматы шаарында өлтүрүлгөн журналист Геннадий Павлюкту эскеришкенин, бул күнгө байланыштуу президент Алмазбек Атамбаев каза болгон журналисттер Айзада Абазованын, Геннадий Павлюктун, Алишер Саиповдун үй-бүлөсүнө материалдык жардам бергенин жазып чыкты.

Кыргызстанда эки күндүн ичинде таш көмүрдүн исине ууланып жети киши каза тапты. Бул кайгылуу окуя өлкөнүн түштүк аймагында болгонун, Ош облусуна караштуу Нариман айылындагы Абулахатовдун үй-бүлөсү төрт небереси менен, андан эки күндөн кийин ушундай эле каргаша Ак-Колот айылында кайталанып, жаш келин алты жана төрт жаштагы кыздары менен ууланып каза болгонун кабарлады.

Саламаттык сактоо министринин орунбасары, Кыргызстандын башкы санитардык врачы Олег Горин гезит аркылуу айтымында, көмүрдүн иси–коркунучтуу уулуу заттардын бири болуп эсептелет. "Эң эле жаман жери анын жыты да, түсү да болбойт. Жыттанбайт дагы, көзгө көрүнбөйт дагы. Ошондуктан уктап жаткан адамдар уктап жаткан бойдон гана кете берерин, айыл жергесинде үйлөрүн печка же меш менен жылыткандар өтө сак болуулары зарылдыгын, ис мештердин жарылып кеткен жерлеринен, түтүн чыкчу мордун жакшы көөлөнбөгөндүгүнөн, туура эмес жасалган мештерден чыгарын, жаккан көмүр акыр-аягына чейин күйүп бүтмөйүнчө уктабаш керектигин, отту жагып салып жаш балдарды үйгө калтырып кетүү опурталдуу экендигин, адамды ис урганда адегенде эле башы айланып ооруй баштарын, окшуп, кузгусу келерин, кулагы чуулдарын, деми кысылып, көздөн жаш чыгарган жөтөл пайда болорун, ошондуктан жер үйдө жашагандар, үйлөрүн көмүр менен жылыткандар айрыкча этият болуулары керек" деп эскертти Олег Горин.

XS
SM
MD
LG