Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 00:02

Адам укуктарынын абалы тынчсыздандырат


Кыргызстанда 7-апрелден кийин, айрыкча июнь айындагы улут аралык жаңжалдан соң адам укуктары чөйрөсүндө абал начарлады.

Бул тууралуу 2-декабрда Бишкекте адам укуктары боюнча эл аралык федерациянын чакан отчетунда жарыяланды. Отчетко ылайык, милиция, Улуттук коопсуздук кызматынын өкүлдөрү тарабынан кыйноолор, укук коргоочуларга кысым жана көз карандысыз журналисттерге көзөмөл күчөгөн. Бирок Кыргызстандын укук коргоо органдары бул сындарды жүйөөсүз атап, четке кагууда.

Адам укуктары боюнча эл аралык федерациясынын миссиясы апрелдеги жана июндагы кандуу окуялардын адам укуктарына тийгизген таасирин иликтеп, укук коргоочуларга, көз карандысыз журналисттерге ар тараптан кысымдар системалуу мүнөзгө ээ болду деген аныктамасын берди.

Демократия жолундагы тоскоолдуктар

Курамына Беларустун “Весна”, Орусиянын “Мемориал” укуктук борборлорунун өкүлдөрү, Франциянын Борбор Азия боюнча адиси Йохан Бир кирген бул миссия Кыргызстанда июнь окуяларынан кийин келип иштеген.

Аталган отчетто мындан тышкары Бакиев бийлиги кулатылгандан кийин келген Убактылуу өкмөт демократиялык реформа жасоого сөз бергенине карабай, өлкөдө адам укуктарын басмырлоо күч алганы айтылат.

Федерация айрыкча укук коргоочуларды куугунтуктоо, июнь окуялары боюнча өтүп жаткан сот жараяндарында жактоочулардын жана соттолуучулардын коопсуздугу сакталбай жатканын бөлүп көрсөтөт. Мисал катары укук коргоочулар Азиза Абдырасуловага кысымдар жана Төлөйкан Исмаилованын өлкөдөн убактылуу чыгып кеткени белгиленет.

“Жарандар коррупцияга каршы” укук коргоо борборунун жетекчиси Төлөйкан Исмаилова Бакиев бийлигинин тушунда орун алган кыйноолор жаңы бийлик келгенден кийин деле уланып жатканын кеп салууда.

- Ошондуктан биз кайрылат элек. Эң бир негизги нерсе, кыйноолорду токтотуш керек. Ар кандай атайын операцияларда адамдарга так маалымат берилиш керек. Кыйноолор дегенде биз жөн эле сөз менен айткан жокпуз. Анткени бүгүнкү күндө 42ге жакын кылмыш козголгон адамдар кыйноого кабылгандар. Бул боюнча Прокуратура органдарына, эл аралык уюмдарга жана президент Роза Отунбаевага жиберип жаткан маалыматтар бар. Бирок, тилекке каршы, жергиликтүү милиция жана тергөөчүлөр, прокуратура мыйзам ченемдүү иштебей жатат.

Төлөйкан Исмаилова 1-декабрда Ош шаарында “Кылым шамы” укуктук борборунун кызматкерлерин Европа коопсуздук жана кызматташтык уюму тарабынан чыгарылган “Сиздердин үйүңүздөргө тынчтык” деген гезитти таратып жатканы үчүн күч органдары кармап кетип, кийинчерээк бошотулганын мисал келтирди.

Кемчиликтер жана аракеттер

“Эркиндик үнү” коомдук корунун аткаруучу директору Сардар Багышбеков кыйноолор көбүнчө милиция, Улуттук коопсуздук кызматынын өкүлдөрү тарабынан жасалып жатканына көңүл бурууда. Бирок бул фактылар боюнча прокуратура мыйзамдуу аракет көргөн жок деди С.Багышбеков.

- Негизи кыйноо апрель, июнь окуясына чейин деле көп колдонулчу. Кыйноолордун 97% милиция кызматкерлери тарабынан колдонулчу. Июнь окуясынан кийин кыйноо массалык түрдө колдонулуп, ал дагы деле уланууда. Бирок прокуратура мыйзам чегинде кыйноо фактынын үстүнөн иликтөө өткөрүп жана анын үстүнөн кылмыш иш козгоп, милиция кызматкерлерди жоопко тартканга аракет кылбай жатат. Экинчиден, көбүнчө кыйноо көрүп жаткан этникалык өзбектер прокуратуранын аракетсиздигинен улам арыз жазуудан баш тартууда.

Кыргызстанда кыйноолор жана кысымдар кеңири орун алууда деген буга чейинки жергиликтүү жана эл аралык сындарды өлкөнүн тартип коргоо органдары четке кагып келишкен эле. 2-декабрда Кыргызстан Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов сот адилетсиздигине, укук коргоочуларды кысымга алууга жол бербөө аракети көрүлүп жатканын “Азаттыкка” билдирди.

- Жалаң эле бир тараптуу болуп атат, бир этнос, экинчи этнос деген туура эмес. Албетте адам болгондон кийин, баарын көрүп турбагандан кийин арасында анча-мынча болуп жаткандыр. Бирок өкмөт тараптан, жетекчилик тараптан бардык укук коргоо органдарына адам укуктарын сактоого катуу талаптарды коюп жатабыз. Бул багытта жакшы эле көзөмөл кылып жатабыз.

Адам укуктары боюнча эл аралык федерациясынын президенти Суер Булхассен өз отчетун Кыргызстан жеткчилигине жеткирүүнү көздөп турат.

XS
SM
MD
LG