Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:14

ЖКнын “Ата Мекен” фракциясынын депутаты Равшан Жээнбеков паспорт алуу жолдорун жеңилдетүүнү мыйзамдаштыруу демилгесин көтөрүүдө.

“Азаттык”: 2000-жылдары Кыргызстанда паспорт алуу кыйынга туруп, бул боюнча көп талкуулар болду эле. Бирок акыркы үч жылда паспорт тегерегинде ызы-чуу токтоп калган. Бүгүнкү күнү мына ушул паспорт алуу темасы кайрадан актуалдашып атат. Себебин эмнеден көрөсүз?

Равшан Жээнбеков: Себеби Бакиевдин убагында жана андан мурдагы бийлик паспорт берүү системасын коммерцияга, бизнеске айлантып таштаган. Ошондуктан учурда Жогорку Кеңеште бул боюнча атайын мыйзам кабыл алуу чечими кабыл алынып, мен ошол жумушчу топтун башчысы болдум. Бул мыйзамдын үч максаты бар. Биринчиси, бул –жарандарга паспорт алуунун жолдорун жөнөкөйлөтүү. Бул өзгөчө алыскы райондордогу жарандар үчүн багытталган. Азыр алыскы райондогулар паспорт алыш үчүн райондук борборлорго келиши керек. Ал айылдар кээ бир учурларда элүүдөн жүз чакырымга чейинки аралыкта болушу мүмкүн. Келгенде да паспорт алам деген документтери туура эмес болуп калса, бир нече жолу келгенге туура келип, адамдар кыйналат. Биз ушул нерсени жөнөкөйлөтөлү деп атабыз.

Келечекте паспортту дүйнөнүн алдыңкы мамлекеттериндегидей кылып, мисалы, Америкада, Грузияда, Сингапурдагыдай почта аркылуу паспортту берүү жолдорун, экинчиси – Интернет аркылуу берүү жолун карап атабыз. Азыр бизде паспорт берүү үчүн он үч, он төрт документ талап кылынат. Алардын көпчүлүгүнүн кереги жок. Биз ушулардын баарынын керегин жок кылып, келечекте, төрт-беш документ менен гана паспорт берүү жолдорун карайбыз. Биздин мамлекеттин коопсуздугу да биз үчүн абдан маанилүү.

5 миллион адамдын өздүк маалыматы: ким кайсы жерде жашайт, ким ким менен үйлөнгөн, үй-бүлөлүк абалы тууралуу маалыматтын бардыгы бүгүнкү күнү жеке компаниянын сактоосунда турат. Бул дагы туура эмес. Биз муну мамлекеттин коопсуздугу үчүн мамлекеттик уюмга өткөрүп беребиз. Үчүнчү максатыбыз, биз паспорттун баасын өлкөдөгү айлык акынын минималдуу суммасына такаганга аракет кылабыз. Минималдуу айлык акы бүгүнкү күнү - бир жарым миң сом. Тез паспорт алам десең, бул алты миңдин тегерегиндеги сумма. Бул акылга сыйбаган нерсе болууда. Биз ойлойбуз, паспортту тез алгысы келген адам, ашып кетсе минималдуу айлык акынын жыйырма же отуз пайызына паспорт алышы керек.

“Азаттык”: Сиздин оюнузча паспорт берүү системасын ачык кылуу үчүн эмне кылуу керек?

Равшан Жээнбеков: Паспорт алууну ачык кылуу үчүн биз учурда үстүнөн иштеп жаткан мыйзамды бүтүрөлү деп атабыз. Экинчиси, мамлекеттик уюмдар колунан келишинче айкын-ачык иш жүргүзүшү керек. Бүгүнкү күнү биздин коомчулук билбей турган нерсе, эгерде адам ички ID картасын ала турган болсо, бул үчүн Ички иштер министрлигинен уруксат алат. Ал эми чет жакага чыгам деп чет элдик паспорт ала турган болсо улуттук коопсуздук кызматынын уруксатын алышат. Муну эч ким билбейт. Бирок бул азыркы күндө бизде жасалып келе жаткан нерсе. Биз мунун дагы жок кылабыз. Муну дагы өзгөртүп, алар менен эч кандай макулдугу жок эле жарандарга паспорт берчү жолдорду иштеп чыгабыз.

“Азаттык”: Тээ 1999-жылдары Кыргызстанга моджахеддер кирип келгенде, аларда кыргыз паспорттору бар экендиги, алар ага чейин эле Ошко, Бишкекке ошо кыргыз паспорттору менен ээн-эркин кирип-чыгып жүргөнү айтылган. Эми “быйыл да ошондогудай окуя кайталанат, террорчуларда кыргыз паспорттору бар” - деген коркутуулар болуп атат. Бул канчалык негиздүү?

Равшан Жээнбеков: Коррупцияны изилдеген эл аралык уюмдардын баасында, Кыргызстан эң коррупциялашкан мамлекет болуп эсептелет, коррупциялашкан мамлекетте бардык нерсени жасоо мүмкүнчүлүгү бар. Анткени коррупциянын эсеби менен, паранын эсеби менен бардык маселени чечсе болот. Мен азыркы күнү кайсы бир жаман адамдардын колунда кыргыз паспорту жок деп айта албайм. Албетте болушу мүмкүн. Бирок биз алар менен күрөшүүбүз керек. Тилекке каршы, кийинки беш-алты жылдан бери паспорт жаман адамдардын колуна тийип калат деп бир да укук коргоо органдары ушул боюнча изилдөө жүргүзүп, бир да адамды жазалаган жок. Коррупция менне күрөшүү жүргөн жок.

“Азаттык”: Сиз өзүнүз АКШда окуп, ал жерде жашап келдиңиз, ал жерде паспорт системасы кандай жолго коюлган экен?

Равшан Жээнбеков: Ал жерде паспорт берүү системасы аябагандай жеңил, аябагандай жакшы, адам үчүн кызмат кылган система. Бул бир эле Америкада эмес, Европада, Сингапурда, Грузияда ушундай. Биз бул өлкөлөрдүн тажрыйбасын киргизели деп атабыз. Ал жерлерде паспорт алыш үчүн төрт гана документ керек. Биринчиси - жарандыгыңды далилдеген документ. Экинчиси – арыз жазышың керек. Үчүнчүсү – сүрөтүң. Төртүнчүсү – мамлекеттин ошол кызматын көрсөтүп жаткан кызматына төлөнгөн квитанция. Төрт нерсе менен паспорт аласың. Андан тышкары паспорт үчүн паспорттук столго келип отурбайсың. Почтага келесиң, почта аркылуу документ тапшырып, почта аркылуу аласың. Андан да тышкары Интернет аркылуу аласың.

“Азаттык”: Эми азыр Кыргызстанда паспортто жарандын улутун, жашаган жерин көрсөтпөй кою тууралуу ойлор айтылып атат, буга кандай карайсыз?

Равшан Жээнбеков: Биз бул эки нерсе боюнча жалпы коомчулуктун пикирин эске алып, бир жыйынтыкка келдик. Адамдын жашаган адресин жана үй-бүлөлүк абалын паспортко жазбайбыз деп чечим кабыл алып атабыз. Анткени бул адамдарга көбүрөөк кыйынчылык алып келип, кайрадан паспорт алып, көп убакыт кетиргенди талап кылып атат. Ал эми улут маселеси боюнча азырынча так көз карашыбыз жок. Адистер менен кеңешип, андан кийин бир чечимге келебиз деген оюбуз бар.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG