Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 23:21

Улут аралык чырды кантип чагылдыруу керек?


Кыргызстандык журналисттер улут, этнос аралык мамиле, чыр-чатактарды калыс чагылдыруу тажрыйбасына ээ эмес.

Бишкекте өткөн “Кыргызстандагы этноc аралык жагдайды чагылдырууда маалымат каражаттарын колдоо” аттуу жыйында ушундай тыянак айтылды. Мындай тажрыйбанын жоктугунан өткөн жылдын июнунда болгон улут аралык жаңжалды көпчүлүк кабарчылар бир жактуу чагылдырышканы белгиленди.

Медиа эксперт Жамийла Атыканова кыргызстандык журналисттер улут аралык мамилени жана жаңжалдарды бейтарап чагылдыра албай жатканына көңүл бурду. Анын айтымында, кабарчылардын чынчыл журналистиканын эрежелери боюнча билиминин жана тажрыйбасынын аздыгы, же жоктугу буга себепкер.

- Этностор аралык чырды чагылдырууда журналист ириде өзү жазып жаткан материалына жоопкер болушу керек. Анан дагы башкы максат, бейтараптуулук жана алынган маалыматтардын тактыгы. Бир маалыматты берүүдөн мурун анын чындыгын тактап алышы керек. Бул талаптарга жооп бербей туруп этностор аралык чырды чагылдыруу мүмкүн эмес.

Атыканова чыр-чатактар тууралуу жазылган материал эки тарапка тең залал алып келбеши абзелдигин да кошумчалады.

Тажрыйбалуу журналист Мамат Сабыровдун айтымында, улут аралык жанжалды чагылдыруу кабарчыдан эселеген жоопкерчиликти талап кылат. Анткени, ал робот эмес, кайсы бир улутка таандык.

- Этностук чыр-чатакты ошондой калыс бериш ого бетер кыйын да. Мында каалайсыңбы, каалабайсыңбы журналист же тигил, же бул улуттун өкүлү. Анан миң унутайын дегенде деле өзүнүн улуттук каны, эмоциясы басымдуулук кылып, ээ-жаа бербей, ошол кысым көрсөтүп тура берет да.

Медиа өкүлдөр кыргызстандык журналисттерди эл аралык журналистиканын жакшы салттарын жана тажрыйбаларын өз ишинде кеңири колдонуп, өрнөк алууга чакырууда.

Ал ортодо медиа серепчи Назира Раимкулова айрым чет элдик жалпыга маалымдоо каражаттары деле июнь калабасында окуяларды тактап отурбай, бир беткей чагылдырганын мисал келтирди.

- Учурда дүйнө боюнча массалык маалымат каражаты бизнестин бир түрү десем болот. Андыктан анын журналисттери эң биринчиден маалыматты ыкчам беришсе рейтинги көтөрүлө тургандай, ал эми жетишпегендердин рейтинги төмөндөй тургандай болуп, ошон үчүн маалыматты толук тактабай, жарым-жартылай берип атышкан да.

“Улутчулдук жана улуттук азчылык” темасын изилдеген Кыргыз-Түрк Манас университетинин мугалими Алтынбек Жолдошовдун оюнча, каарманга өңү же тили эмес, адегенде адам катары кароо зарыл. Улуттук тегине басым жасоодон колдон келишинче оолак болгон оң:

- Оштогу болгон окуяларды кыргыз-өзбек этностук конфликти катары кабыл алган сайын бул маселелерди чечүүнүн жолу болушунча татаалдана баштайт. Андыктан биз болушунча улутчулдук көз караштан тышкары чыгып, башкача, адамдык укуктардын негизинде караганга мүмкүнчүлүк түзүшүбүз керек. Кыргыз, орус, өзбек же улуту деген жерге жазылган нерсе бул эң чоң проблема.

Былтыркы июндагы улут аралык жанжал жергиликтүү журналистиканын да алешем жактарын ашкерелеген. Көптөгөн медиа-уюмдар жана изилдөөчүлөр кабарчылар окуяны бир жактуу чагылдырып, натыйжада жарашуу жараянына кесепетин тийгизгенин айтып келатышат.
XS
SM
MD
LG