Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 07:27

2-декабрь - Кулчулукка каршы күрөшүүнүн эл аралык күнү. Миграция боюнча эл аралык уюмдун өкүлү Нурбек Өмүров "Азаттыктын" суроолоруна жооп берип жатып, дүйнөнүн ар кайсы өлкөсүндө кулчулукка кабылган 60 миң кыргызстандык болушу мүмкүндүгүн билдирди.

“Азаттык”: Кулчулукка кабылгандардын саны тууралуу Бириккен улуттар уюмунун сонку баяндамаларына караганда, дүйнөдө кулчулукка кабылгандар көбөйүп жатканы байкалат. Азыр маалымат тез тараган учурда, адамдардын аң-сезими жогору деп бааланган мезгилде кулчулукка кабылуу эмне үчүн азайбай жатат?

Нурбек Өмүров: Ага таасир эткен көптөгөн факторлор бар. Башында жанагы эле жакырчылык турат. Адамдар үй-бүлөсүн бага албагандыктан кулчулукка кабылып жатат. Каражаты жок болуп кыйналып турганда жумуш сунуштаса кете беришет. Кылмышкерлер жакшы көрүнгөн сунуштар менен кайрылса жөнөкөй жарандар аны текшербей макул болуп, ушундай абалга туш болушууда. Бул дүйнөлүк тенденция. Бирок “кул болгондор көбөйдү же азайды” деп кесе айта албайбыз. Анткени айтылып жаткан чөйрө жашыруун болгондуктан тактоо өтө кыйын.

“Азаттык”: Бул багытта иликтөө ыкмалары татаал экенине карбай болжолдуу маалымат чыгарылып жүрөт, акыркы статистикалар кандай?

Нурбек Өмүров: Бириккен улуттар уюмунун 2012-жылдагы маалыматы боюнча, дүйнө жүзүндө кулчулукка кабылгандардын саны 2 миллион 400 миң адамга жакын. Ал эми биздин иликтөөлөргө ылайык, кыргызстандыктардын 60 миңге жакыны кулчулукка кабылган болушу мүмкүн. Алардын ичинен 90 пайызы эмгек кулчулугуна туш болгондор. Калган 10 пайызы сексуалдык кулчулукка туура келет.

“Азаттык”: Адам сатуу же кулчулук кенен жайылган өлкөлөр кайсылар?

Нурбек Өмүров: Бул тууралуу дүйнө жүзүндө так маалымат жок. Биз калкынын саны көп болгон өлкөлөр деп божомолдойбуз. Ага жараша Кытайдын, Индиянын элинин саны көп болгондуктан кулчулукка кабылгандардын көпчүлүгү ушул өлкөлөргө туура келсе керек деп эсептейбиз. Ал эми адамдарды тескерисинче кулга айландыргандар – бай өлкөлөр. Алар салыштырмалуу кедей мамлекеттен келгендерди кул кылышат.

“Азаттык”: Кыргызстандагы тенденция кандай?

Нурбек Өмүров: Тилекке каршы Кыргызстанда көрүлүп жаткан чараларга, алдын алуу иштерине карабай көбөйүүдө. Мисалы биздин уюм ушул жылы маалымат таратуу боюнча 300дөн ашуун өнөктүк уюштурдук. Анда 40 миңдей адам бул маселе тууралуу биле алды. 2002-жылдан 2013-жылга чейин кулчулукка кабылган 1600 кыргызстандык кишиге жардам берип келдик. Бул биз көмөктөшкөн эле жарандардын саны, башкалар аркылуу табылып жаткандар да көп, белгисиз болуп жүргөндөрү андан да көп деп божомолдойбуз.

“Азаттык”: Башка өлкөлөрдө кулчулукка кабылып, быйыл кайтып келгендердин саны канча?

Нурбек Өмүров: Мен өзүбүздүн уюм боюнча гана айта алам. Жылына 200дөн 300гө чейин жарандарга жардамдашабыз.

“Азаттык”: Быйыл да ушунча кишиби?

Нурбек Өмүров: Болжолдуу быйыл да ушунча. Тилекке каршы абдан эле көп.

“Азаттык”: Кайтып келгендердин жашоосу кандай уланып жатат?

Нурбек Өмүров: Ар түрдүүсү бар. Сексуалдык кулчулукка кабылгандарды жакындары кабыл албай койгон учурлар болот. Биз үй-бүлөлөр менен да түшүндүрүү иштерин жүргүзөбүз. Сексуалдык кулчулукка көбүнчө аялдар кабылат. Үй-бүлөсүнө, ата-энесине ал кыз күнөөлүү эмес экенин, ошондой кыйын кырдаалга тушугуп калганын айтып, психологдорду ортого салабыз. Айрым учурда кул болуп бошонуп келгендер эч кимге айтпоону өтүнүшөт, анда маалыматты жашыруун сактайбыз. Көпчүлүгү үй-бүлөсү менен жашап кетүүдө.
XS
SM
MD
LG