Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:47

Ош: шарктыктар кышты чатырда тосуп алды


Шарк айылындагы "чатырлар шаарчасы", 2010-жылдын 6-декабры.
Шарк айылындагы "чатырлар шаарчасы", 2010-жылдын 6-декабры.

Июндагы коогалаңда үй-жайсыз калган Кара-Суунун Шарк айылындагы 62 үй-бүлө кычырыган суукта чатырларда күн кечирүүдө.

Кыштын келиши менен июндагы кагылыштар маалында үй-жайларынан ажырагандардын көйгөйлөрү ачыкка чыга баштады. Катуу сууктан улам чатырда жашап жаткандардын көпчүлүгү ооруга чалдыгууда.

Муздак чатыр жана сөөк какшаткан түнкү суук

Ханипа Жороева бул чатырда 5 баласы менен турат. Кечээ жааган кардан кийин алар турган чатырдын алдынан суу өтүп, төшөктөрүнө чейин ным тартып калган. Айрыкча түнкүсүн чыдагыс суук болуп түнү менен уктабай чыгууда. Июндагы коогалаңда өрттөнүп кеткен турак-жайы бүтө электигине байланыштуу бул үй-бүлө азырынча ушул чатырда жашап турууга аргасыз.

Ханипа Жороева сууктан улам баары ооруп жатканын айтат:

- Биздин үйлөр азырынча бүтө элек, чатырларда турабыз. Чатырларыбыз абдан суук болуп жатат. Түнкүсүн тим эле какшап калабыз. Алдыбыздан болсо сыз өтүп жатат. Бул жерде жашагандар четибизден ооруп жатабыз. Бизге кышкы жатакана бергиле десек, беришкен эмес.
12 жаштагы Мухаммед минтип чатырда үшүп-тоңуп отурат.

Түнкү какшаткан сууктун айынан Ханипанын 12 жаштагы уулу сыркоолоп калган экен. Төшөккө оронуп жаткан Мухаммедге микрофон узаттык:

- Сууктан башым ооруп, жөтөлүп жатам. Айрыкча түнкүсүн аябай үшүп атам. Бүгүндөн баштап үкөл алып баштадым. Эми жакшы болуп кетсем керек...

Электр шамынан жылуулук издеп...

Бул жердеги чатырларга электр кубаты тартылгандыктан эптегендери токмеш менен үй ичин жылытууда. Көпчүлүгү алдыларына керебеттерди бийик коюп, төшөктөн калыңдап оронуп таң атырышат. Чатырда күн кечирип жаткан 76 жаштагы Турсун эне болсо электр жарыгынан жылуулук издейт:

76 жаштагы Турсун эне
- Менин мешим жок. Бир гана ушул жарыгым бар. Муну түнкүсүн да өчүрбөйм, күндүзү да өчүрбөйм. Ушул жарык болсо деле үйдү жылытып тураар деп коём. Менин үйүм дагы тополоңдо күйүп кеткен. Мен азыр 76га кирдим. Эч ким жок. Бир чатырда өзүм жалгыз жатам.

Кара-Суу районуна караган Шарк айылындагы бул чатырларда жайкы коогалаңда үйсүз калган 62 үй-бүлө башпаанектеп турат. Эл аралык уюмдардын каржылоосу менен бүткөрүлүп жаткан үйлөрдүн алды пайдаланууга берилип, 7 үй-бүлө гана турак-жайларына киришкен. Биз барган мезгилде да эл аралык уюмдар тарабынан айылдын жашоочуларына көмүр алынып келинген экен.

«HelpAge» уюмунун өкүлү Бахтияр Мирахмедов “Азаттыкка” буларды айтты:

- Биз азыр ушул үйү күйгөн адамдарга жардам берип жатабыз. Шарк айылындагы 307 үй-бүлөнүн ар бирине 1 тоннадан көмүр берип жатабыз. «HelpAge» уюму - пенсионерлерге жардам бере турган уюм.

Жаңы бүткөн үйлөр азырынча жашоого жараксызбы?

Ош жана Жалал-Абадды калыбына келтирүү дирекциясы болсо июндагы коогалаңда өрттөнүп кеткен үйлөрдүн 90 пайызы бүткөрүлүп, ээлери кышка калбай үйлөрүнө кирип алганын айтууда. Дирекция жетекчисинин орун басары Кадамбай Бактыгуловдун айтымында, калган үйлөр дагы жакын арада толук бүткөрүлмөкчү:

- Ош жана Жалал-Абад боюнча 1870 үйдүн ичинен 1620 үй бүткөрүлүп, алардын ээлери азыр үйлөрүнө киришти. Калгандары дагы мына-мына бүтүү алдында турат.
Жаңы курулган үйлөрдүн бири.

Канткен менен коогалаңда жараксыз абалга кептелген турак-жай ээлери салынып жаткан үйлөрдүн шыбагы жок, полдорунан суук кирип, жашоого азырынча мүмкүн эместигин ачыкташууда. Үйлөрү бүттү деп колдоруна тапшырылганы менен көпчүлүгү бул жылы жакын туугандарыныкында кыштап чыгаарын айтышса, кээлери батирлерде туруп жаткандыктарын билдиришүүдө. Ал эми шарктыктар чатырларында көмүр жагып, кыштын суугунан чыгабыз деп турганын айтууда.

- Булардын үйлөрү бүттү дешет, бүтсө кирбейт белек. Дубалдары турган менен, шыбактары, полдору толук бүтө элек да. Кирип тонна көмүр жаксаң деле ысыбайт. Анан эмне кыласың, чатырда олтурабыз да. Чатырда балдарды төшөк менен ороп жаткызабыз. Айла кеткенде алган көмүрлөрүбүздү чатырдын ичинде жагып, түнкү сууктан чыгып жатабыз.
  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG