Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 11:31

Бишкекте насыячылар Өкмөт үйүнүн алдына чыгышты


Насыя алуучулардын укугун коргоо кыймылынын өкүлү Кубан Чороев.
Насыя алуучулардын укугун коргоо кыймылынын өкүлү Кубан Чороев.

Ар кайсы кредиттик мекеме, банктардан насыя акча алып, аны кайтара албай калган 50 чакты киши өкмөттөн өздөрүнүн маселесин карап, чечип берүүнү талап кылышууда. Алар банктар жана үстөк пайыз менен насыя акча берген мекемелер алдоо жолу менен элди сызга отургузуп, күрөөгө коюлган буюм-тайымдарын, үй-жайларын алып коюп жатышат деп күнөөлөштү. Насыя алуучулардын укугун коргоо кыймылынын өкүлү Кубан Чороевдин “Азаттыкка” билдиришинче, алардын өкүлдөрүн өкмөттүн акча саясаты боюнча бөлүм башчысы Азиз Алиев, Улуттук банктын өкүлдөрү кабыл алып сүйлөштү:

-Жалпысынан 250 адамдын тизмеси берилди. Алардын баары кредиттик мекемелерге алданып калгандар. Атайын комиссия түзүлүп каралсын деген талап койдук. Беш саатка жакын сүйлөшүүдөн кийин, расмийлер комиссия түзүү үчүн убакыт сурашты.

Кубаныч Чороевдин айтуусунда, насыячылар менен кредиттик мекеме өкүлдөрүнүн жолугушуусу 30-сентябрда Улуттук банкта улана турган болду.

Статистикалык маалыматтарга ылайык, Кыргызстанда 536 миң активдүү насыя алуучу бар. Насыя алгандардын ар бир бешинчиси кредитин төлөй албай кечиктирип жүрөт. Булардын 70 пайыздан көбү аялдар, 60 пайыздан ашыгы жаш үй-бүлөлөр.(ZKo)

XS
SM
MD
LG