Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 07:14

АКШнын "Манас" аба майданындагы жүк ташуучу борбору Бишкекте кайрадан талкууга түштү.

Жамааттык коопсуздук келишим уюму жана Борбор Азияда коопсуздукту камсыздоо маселеси мүчө мамлекеттердин эксперттеринин жана уюмдун баш катчысы Николай Бордюжанын катышуусунда Бишкекте талкууланды. Бир күн мурда ушул эле эксперттер “Манас” аба майданындагы АКШнын транзиттик борборунун тагдырын, кыргыз-орус алакаларын талкуулашты.

Орусиялык эксперттер дээрлик Кыргызстан транзиттик борборду чыгаруу боюнча өз чечимине бекем туруп, стратегиялык өнөктөштөр алдында аброюн сактап калышы керек деген пикирди карманышты. Ушундан улам “Азаттык” Вашингтон-Москва атаандаштыгынын шартында Кыргызстан аброюн жана экономикалык пайдасын бирдей сактап калууга кудурети жетеби, Орусия транзиттик жүк ташуучу борбордун ордуна Кыргызстандын экономикалык өксүктөрүн толтуруп бере алабы, Кыргызстан АКШ менен аскерий эмес багытта кызматташуунун башка жолдорун макулдаша алабы деген өңдүү суроолорго жооп издеди.

Талкууга Жогорку Кеңештин депутаты Равшан Жээнбеков жана экономика илимдеринин доктору Жумакадыр Акенеев катышты.

“Азаттык”: Бишкектеги талкууда орусиялык эксперттер, негизинен Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаевдин “Манас” аба майданында АКШнын аба-аскерий борбору 2014-жылдан кийин болбойт деген убадасын логикалык чегине жеткириш керек, өлкө өзүнүн жүзүн сактап калышы керек деген маанайда болушту.

Муну жергиликтүү бир топ эксперттер Кыргызстанга карата басым деп да жатышат. Чын эле басым жасалып жатабы, сиздер кандай ойдосуздар?

Равшан Жээнбеков: Мен буга кошулам. Чынында эле бүгүн база чыгат-чыкпайт деген маалда атайын ушундай тегерек үстөл, айрыкча Орусиянын белдүү эксперттеринин катышуусунда өткөн конференция бир жагынан басым, “чыгаргыла” деген сигнал болуп эсептелет биздин коомубузга. Мен конференцияда болгон жокмун, бирок Князевдин, Власовдун, Бордюжанын көз караштарына, айткан сөздөрүнө тереңирээк карай турган болсок, кандайдыр бир деңгээлде бул президент Атамбаевге, кыргыз бийлигине бир топ күчтүү басымды жасап, кандайдыр бир деңгээлде келечеги жөнүндө да сөз болуп атат.

Князевдин “чыгара турган болсо Акаевдин, чыгарбай турган болсо Бакиевдин тагдыры күтүп турат” деген сөзүнө караганда Атамбаевге карата бир топ чоң коркутуу да болуп атат.

Жумакадыр Акенеев: Кечээ орусиялык эксперттер сүйлөгөндөн кийин мен да өз сөзүмдө айттым. Чынында Алмазбек Атамбаев президент катары биринчи жолу Москвага барганда ошол эле Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун кеңешине катышып, анда чоң протоколго кол коюлган. Жамааттык коопсуздукка кирген мамлекеттердин (Орусия, Казакстан, Беларусь, Кыргызстан, Тажикстан) макулдугусуз бөлөк аскер күчтөрү ошол мамлекеттерде жайгашпаш керек деген протоколго бардык президенттер кол коюшкан. Ошонун негизгисин жарыялап келип Атамбаев 2014-жылы 1-июндан баштап, мурда кол коюлган келишим мөөнөтү бүткөндөн кийин аскерий тарабы чыгып кетиши керек, ал жер башка борборго айланыш керек деп айткан. Ошону азыркыга чейин айтып жүрөт.

Мындайча айтканда, Кыргызстан кол коюлган протоколду аткарбаса, анда Коопсуздук жамааттан чыгышы керек. Анан эксперттер алдын ала эле президент, Кыргызстан милдетин аткарыш керек деп айтып атышат. Чынында 2014-жылдын 1-июну али келе элек да. Бирок негизи президент базанын аскердик бөлүгү чыгыш керек деген ойдо бекем туруп атат.


Талкууну толугу менен бул жерден угуңуз

  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG