Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:00

Муслим Магомаев - доордун алтын үнү


Советтик сахнанын жылдызы Муслим Магомаев тирүү болгондо быйыл 70 жашка чыкмак. Бул датага утурлай азербайжан элчилиги, ТURKEL гезити менен бирге ырчынын күйөрмандары үчүн борбор калаада ачык каалга күнүн өткөрдү.

Муслим Магомаевдин сахнадагы доору 40 жылдан ашуун убакытка созулуптур. Ушул мезгил аралыгында 600гө жакын ар кандай чыгармаларды аткарган экен. Өзү композитор болгондуктан, 20га жакын музыкалык чыгарма жазууга үлгүрүптүр.

Советтик доордун алтын добушу аталган Магомаевдин чыгармачылык чыйыры эрте башталган. 1962-жылы Москвада өткөн азербайжан фестивалында ырдап чыкканда ал болгону 19 жашта эле. Бир жылдан кийин ал “Бухенвальд коңгуроосун” аткарып, зор өлкөнүн жылдызына айланган.

Дал ушул ырдан соң Муслим Магомаев советтик артисттерден биринчи болуп Миландагы Ла-Скала театрына тажрыйба алмашууга жөнөп кеткен.

Аккан арыктан суу агат

1942-жылы 17-августта Бакы шаарында жарык дүйнөгө келген Муслимдин ырчы болуп калышы жөн жерден эмес. Апасы Айшет Магомаева актриса, чоң атасы Муслим Магомаев белгилүү композитор болгон. “Аккан арыктан суу агат” деген чын белем, бир аз бой тартканы небереси ата жолун улаган.

Азербайжандын Кыргызстандагы элчисинин милдетин аткарып жаткан Ильгар Жабарзаде ырчынын элине кылган кызматынын салмагы эскерүү кечесинде белгиледи:

- Ал артында бай тарыхты калтырып кетти. Советтик маданиятка албан эмгек өтөгөн уникалдуу, көп кырдуу талант эле. Мыкты ырдагандан тышкары сүрөт тартып, бедизчилик кылган. Мындан тышкары мыкты композитор да болгон. Эң башкысы - жөнөкөй, адамкерчиликтүү инсан эле. Биринчи жубайынан бир кызы бар. Небере көргөн. Экинчи жубайы - СССРдин Эл артисти Тамара Синявская. көө узак жыл бирге ынтымактуу өмүр сүрүштү.

Операны да, эстраданы катыра ырдачу

Жаштыгы 60-70-жылдарга туура келген бир катар кыргыз инсандары Муслим Магомаевди кумир туткан. Алардын бири - Кыргыз маданиятына эмгек сиңирген ишмер Рафаил Зарлыков 1966-жылдан бери Муслим Магомаевдин ырларын сүйүп угуп келет. Ал Муслим Магомаевге опера менен эстраданы айкалыштыра билген өнөрүн белгилейт:

- Муслимдин мектеби классика да. Италядагы "Ла-Скала" опералык театрынан сабак алган. Бирок анын деңгээли бийик болчу. Ошол себептүү эстрада менен классиканы бирдей алып жүргөн. Муслимди бүт классиктер сыйлачу. Азыр классиктер Николай Басковду анчалык жактырышпайт. Эстрадник болуп кетти деп жамандап коюшат. Бирок Муслим жөнүндө андай сөз жок.

Рафаил Зарлыков ырчынын Советтик доордо төрөлүп калганы да анын бактысы болгон деп эсептейт:

- Кээ бир таланттарды Советтер Союзу басып, шоруна калса, Муслим Магомаевдин, тескерисинче, багын ачкан. Мамлекет бардык шартты түзүп беришкен. Биринчи жолу Муслим твист ыргагы менен ырдап чыккан. Ага чейин антип ырдаганга эч кимге уруксат беришкен эмес. Муслимге гана уруксат беришкен. Анткени Муслим ошондой ырчы болчу. Ырдагандан тышкары музыкант да болгон. Консерваториядан пианино боюнча сабак алган да. Үндү кай жерден көтөрүп, кай жерден жайлатышты билчү. Мындай сапат бардык эле ырчыда боло бербейт.

Муслимдин ырлары карыбайт

Муслим Магомаев белгилүү ырчы, Кыргыз Эл артисти Анарбек Ибраевдин да кумири болгон экен. Азыр ал устатынын ыр куржунундагы “Москва шаары” деген ырын аткарып жүрөт.

- Өзүм веб-вокалды кошуп, ретро стилде ырдап жүрөм. Албетте өзүндөй кылып аткаруу кыйын. Композиторлор мунун үнүнө ылайыктап, музыка жазышкан да. 60-жылдары Муслим Магомаевдин ырлары хит эле. Советтер союзунун кайсы бурчуна барбасын стадион толо эл тосуп алчу. Союз учурунда бизде “Ала-Тоо жазы” деген фестиваль болчу. 60-жылдары ага Муслим Магомаев келип, аншлаг болгону далайга аңыз болгон.

Абдылас Малдыбаев атындагы опера жана балет театрынын жетекчиси Тимур Саламатов да студент кезинде ырчынын үнүнө арбалып, концертине тынбай барган күндөрүн минтип эскерди:

- Бетме-бет келген учурум болгон жок. Бирок Москвада окуп жүргөн кезде концертине тынбай барчубуз. Өнөрдүн туу чокусунда турган кези эле. Опералык арияларды да, элдик ырларды да, эстраданы да майын чыгара аткарчу. Көп кырдуу, профессионал талант болчу. Анын жубайы Тамара Сиявская дагы зор талант. Москвадагы чоң театрдын жылдыздары эле.

Муслим Магомаев бу жалганда ичээр суусу аз калганын сезгенсип, 1998-жылы сахна менен биротоло кош айтышат. Чакырган жерлерден баш тартып, болгон убактысын жакындары менен өткөрөт. Музыка алпы сахнадан кеткенине туура 10 жыл толгондо, 2008-жылы 25-октябрда 66 жашында жүрөк оорусунан көз жумат. Бирок анын ырлары али карыйын деп ойлобойт.
XS
SM
MD
LG