Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:36

Кыргызстан-Орусия алакаларында эки чоң жаңылык болду. Биринчиси - Жогорку Кеңеш "Кыргызгаз" ишканасын толугу менен орусиялык "Газпромго" өткөрүп берүү маселесин жактырды. Экинчиси - кыргыз бийликтери улуттук кызыкчылыктар эске алынмайынча, Бажы биримдигине кире албайбыз деп билдиришти.

Бишкектин Бажы биримдигине азыркыдай шарттарда кире албайбыз деген билдирүүсүнөн улам москвалык алдыңкы гезиттердин бири: “Кыргызстан кайда бармак эле, Москва кысым көргөзсө кирет” деген маанайда макала жазды. Андыктан биздин бүгүнкү талкууну шарттуу түрдө “Орусия доспу, же босспу?” деп атап койдук.

Талкуунун катышуучулары: Казакстандан саясат таануучу Айдос Сарым, кыргызстандык бизнесмен Максат Жумабеков, мурдагы тышкы иштер министри, саясий илимдердин доктору Аликбек Жекшенкулов жана көз карандысыз эксперт Мирсулжан Намазаалы.

"Азаттык":
Ушул күндөрү Украинада, Арменияда калктын бир активдүү бөлүгү көчөгө чыгып, Москванын планы боюнча Бажы биримдигине кирүүнү каалабайбыз деген акциялар өткөрүп, айрыкча Киевде чоң митингдер күнү-түнү уланууда. Ушул кырдаал Кыргызстандын бийликтеринин Бажы биримдигине азыркыдай шартта кире албайбыз деп ачык айтышына түрткү болгон жокпу? Же кыргыз өкмөтү айткандай, Бажы биримдигине азыркыдай шартта кире турган болсок, Кыргызстанда социалдык чыңалуу күчөп, бейстабилдүүлүккө алып келеби?

Максат Жумабеков: Менимче, кандай болбосун кызматташуу теңата шарттарда болушу керек. Эгерде Бажы биримдигине кирүү шарттары бизге туура келбесе, Кыргызстан ага кирбей эле турганы оң.

Биз көрүп тургандай, Бажы биримдигинин бардык шарттары Орусия Федерациясынын мыйзамдарына ылайык жазылган. Ушундай шартта кошула турган болсок, азыркы күндө биз өз керектөөбүзгө ылайык сатып алып жаткан товарлардын баары кеминде 15-17% кымбаттайт. Ошого биздин эл даярбы? Турукташып калган биздеги бизнес чөйрөсү, базарларда оокат кылган он миңдеген эл ага даяр эмес.

Максат Жумабеков

Максат Жумабеков

Орусиянын мыйзамдары, иш шарттары бизге туура келбейт, анткени биздин мыйзамдар Орусияныкына караганда кыйла либералдуу. Эгерде бардык шарттар теңтайлаш иштей турган жагдай түзүлүп, ортодогу бир “сары алтынды” тапсак, келечекте барып анан кошулсак болот деген пикирим бар. Азырынча биз ага даяр эмеспиз.

"Азаттык": Кыргыз өкмөтү дагы биздин шарттар эске алынбаса, Бажы биримдигине кошула албайбыз деп айта баштады. Казакстан Бажы биримдигине киргенине 4 жыл болойун деп калды. Пайдасы көп болдубу, же зыяныбы?

Айдос Сарым, алматылык саясат таануучу: Жалпы казак коомчулугунда Бажы биримдигине байланыштуу нааразылык абдан көп жана бизнестин кайсы түрүн албайлы, улам бир тармактын өкүлдөрү “акырындап ушул Биримдиктин айынан кыйла утулушка туш болуп жатабыз” деген пикирлерин кийинки кездери батыл билдирип жатышат.

Тенденциялар ушул тапта кете берсе, Бажы биримдигине нааразы болгондор катарына казак коомунун бардык катмарлары – жалаң казактар гана эмес, орус тилдүү башка жамааттар да кошула турган түрү бар. Дагы бир жолу кайталап айтам, Бажы биримдиги – бул эч кандай экономикалык бирикме эмес, бул болгону Орусиянын империялык дымагынан жаралган саясий бирикме.

“Мурунку Советтер Союзун кайрадан жыйнап алабыз, ага кирген мамлекеттерди уучубуздан чыгарбайбыз, уучтап отурабыз, эч жакка жибербейбиз” деген ниеттен келип чыккан саясат.

Айдос Сарым

Айдос Сарым

Менимче, бүгүнкү күндө Кыргызстандын жакшы да жактары бар, жаман да жактары бар, биз баарын түшүнүп, көрүп отурабыз. Кыргызстан эң алгач өз маселелерин өз алдынча чечүү жагын ойлонушу керек. Кайсы бир бирикмеге кирсек, биздин көйгөйлөр ошол бирикме аркылуу чечилет деп ойлоо методологиялык жактан да, экономикалык жактан да чоң катачылык болмок. Азыркы Кыргызстандагы жагдайды эске ала турган болсок, Кыргызстан Бажы биримдигине кошулса, өлкөдө 3-революцияга алып келиши мүмкүн деп эсептейбиз.

Талкуунун толук вариантын бул жерден угуңуз:





"Азаттык": Казакстандан айырмаланып, Кыргызстанда мигранттар деген чоң маселе бар. Айрым эксперттер негизи Москванын мурдагы постсоветтик өлкөлөргө карата саясаты соңку кездери агрессивдүү, катаал мүнөзгө өткөнүн, дал ошондой саясат азыркы Киев, Еревандагы акцияларга себеп экенин айтышат.

Кыргыз мигранттары Кремлдин катаал саясатын жон териси менен сезип жаткан кез. Кечээ эле Москвада улутчулдар тобу эки кыргыз жигиттин кулагын жырып кеткенин биз кабарладык. “Бажы биримдигине кошулсак, биздин жашообуз жеңилдемек” деп ошол мигранттардын көбү айтып жүрүшөт. Чын эле мигранттар жыргап кетет беле?

Аликбек Жекшенкулов, мурдагы тышкы иштер министри:

- Азыр дүйнө жүзүндө эң чоң үч мамлекеттин ортосунда геосаясий оюндар катуу башталды. Ток этээр жерин ошол жерден айтыш керек. АКШ, Кытай, Орусия – албетте, бул ядердик державалар, дымагы абдан чоң. Дүйнөлүк саясатта ар биринин бир мерчемдүү орду бар. Ошондуктан ачык айтканда, Кыргызстан бардык тараптан абдан кооптуу мамлекетпиз. Чек ара, энергетика, экономика, же сиз айткан мигранттарды – кайсы жагын албайлы, кыргыз эли бүгүн өтө кооптуу абалда. Ошон үчүн биз бир жолду тандашыбыз керек.

Аликбек Жекшенкулов

Аликбек Жекшенкулов

Стратегиялык жактан алсак, негизинен Орусия менен чогуу болгон, менин оюмча, туура багыт. Эмне себептен? Көп нерсени мен түшүндүрө албайм, көп нерсени ачык айта албайм. Өзүңөр билесиңер, мен саясатчы катары туңгуюк гана айта алам. Көп элдер баары бир түшүнөт.

"Азаттык": Анда ушул жерден суроо бере кетели: эксперттер 2005-жылкы жана 2010-жылкы окуяларда Москва чоң роль ойногон, дегеле Кыргызстандагы саясий стабилдүүлүк Москвага көз каранды деп айтып жүрүшөт. Сиз дагы ушул пикирге кошуласызбы?

Аликбек Жекшенкулов: Москвагабы, Вашингтонгобу, Кыргызстан эле эмес, бардык мамлекеттер көз каранды. Бардык жагынан – саясий жана экономикалык жагынан. Ошол эле Грузия менен Украинаны алалы, ал жактагы окуяларды Америка жасады дешет. Бизде да бирөөлөр айтат революцияны АКШ жасады деп, башкасы айтат Орусия жасады деп, дагы башка мамлекеттерди аташат. Ошон үчүн баягы далил болбогондон кийин мен бир тараптуу айта албайм сизге.

Москвадагы кыргызстандыктар

Москвадагы кыргызстандыктар

Бажы биримдигинен ким утканын билесиздерби? Орусия уткан жок ал жерде. Эң негизгиси – экономикалык көрсөткүчтөрдү талдап көрсөңөр, Беларус утту. Анткени ал жакта советтик өнөр жайлардын баары сакталып калган. Беларус ишкерлери айтып атат “бизге аябай жеңилдик болду, товарларыбыз тоскоолдуксуз өтүп атат, экономикабыз өсүп атат” деп. Ошон үчүн биздеги эң башкы эки көйгөй – жумушсуздук жана өндүрүштүн жоктугу. Ушул эки маселени чечип туруп анан киришибиз керек эле. Азыр эми кыргыз бийликтери баягы орус жомогундагы “оңго барсаң атың өлөт, солго барсаң башың ыргыйт” деген абалга келип калды.

"Азаттык": Беларустагы жагдай башка чоң маселе. Бүгүн биз Кыргызстанды талкуулап жатабыз. Мирсулжан, Бажы биримдигине кирсек, мигранттардын жашоосуна кандай таасир этмек деп ойлойсуз?

Мирсулжан Намазаалы: Туура, биздин бир топ саясатчылар айтып жүрүшөт, Бажы биримдигине кирсек эле мигранттар кадимки орус жарандарындай укуктарга ээ болмок деп. Мигранттар маселеси менен Бажы биримдиги – экөө эки башка маселе. Атүгүл Кыргызстанды Бажы биримдигине кошуу боюнча москвалык комиссиянын жетекчиси Бишкекке келгенде да айтыптыр: “Биз мигранттар маселесин карап жаткан жокпуз” деп. Чын эле Кыргызстан үчүн түзүлгөн “жол картасын” карап көрсөк, ал жакта да мигранттар тууралуу сөз жок.

Экинчиден, Орусия чын эле Кыргызстанды жакшы көрүп, кучагына тартып, кыргыз мигранттары үчүн укмуштуудай сонун абал түзүп берсе, анда кандай болот? Азыр эле ар кандай эсептер боюнча 600 миңден 1 миллионго чейинки кыргыз жарандарыбыз Орусияда гастарбайтер (эмгек мигранты) болуп жүрөт деп айтып жатабыз. Аларга карата орус коомчулугунда терс пикир абдан күчтүү азыр.

Мирсулжан Намазалиев

Мирсулжан Намазалиев

Эгерде жашоо бизде кыйыныраак болуп, Орусияга кете турган жарандарыбыз дагы көбөйсө, аларга карата терс көз караш, азыркыдай чабуул коюу, кол салмайлар дагы көбөйөт.

Дагы акыркы айтчу пикирим, мен Орусиядан кайтып келген жаш адамдарыбыз менен көп эле жолугуп жүрөм. Ошондой жарандарыбыз арасында улутчулдук маанай күчтүү болуп жатат. “Бул жакта эмне үчүн башка улуттар ээн-эркин жүрүшөт? Бизди тигил жакта куугунтуктап, жашынтып, жаман абалга алып келген эле. Биз да бул жакта ошентишибиз керек” деп жатышат.

Ошондуктан, менимче, Орусиядай укуктук жактан өнүкпөгөн өлкөгө мигранттарыбыздын санын мындан дагы көбөйтө турган болсок, биринчиден, алардын өмүрүнө, ден соолугуна Орусияда коркунуч жаратуудабыз. Экинчи жагынан, алар кайтып келгенден кийин көз караш, аткарган иштери туура эмес нукка бурулуп кетиши мүмкүн деп ойлойм.

Максат Жумабеков: Мен дагы мигранттар тууралуу кошумчалай кетким келет. Бажы биримдигине киргенде, ортодогу карым-катнаш, мигранттардын Орусияда жумуш табуусу жеңилдейт. Бирок биз Бажы биримдигине кандай максатта кирип атабыз? Биз Кыргызстанды өнүктүрөлү, Кыргызстанда иштеген жарандар өндүргөн товарын эки жакка оңой сатканга мүмкүнчүлүк алсын деген максатты көздөп жатабыз да. Бажы биримдигине киргенде мигранттардын агымы азыркыдан да көбөйөт. Кыргызстанда эл азаят. Бул жакта өнүгүү болбойт. Элдин баары жумуш издеп туш-тушка тарап кетиши мүмкүн. Ошондой жагдай Кыргызстанга өнүгүү апкелеби? Менимче, эч кандай өнүгүү алып келбейт.

"Азаттык": "Кыргызгаз" "Газпромго" берилди. Кыргыз энергетикасындагы башка да маанилүү ири долбоорлор Орусияга берилээри күтүлүүдө. Экономикалык маселелер аркылуу саясий кызыкчылык турмушка ашып аткан жокпу? Кыргызгаз сатылганын казакстандык эксперттер кандай кабыл алышты?

Айдос Сарым, алматылык серепчи: Боордош, коңшулаш элдин жараны катары мени таң калтырган жана ыза кылган бир жагдайды айта кетким келет. Кыргыз коомчулугу жакшылап ойлонуп, өзүнүн улуттук байлыгына, мамлекеттик даражадагы кен байлыктарына, маанилүү маселелерге аяр мамиле жасап, баарына тыкыр көз салып, кийлигишип отурганына ичимден ыраазы болом.

Бирок мунун экинчи жагы да бар сыяктуу. Кыргыздын ичиндеги талаш-тартыштар экономикалык өнүгүүгө кедергисин тийгизип жаткандай. Арийне, "Кыргызгазды" туура иштетип, элди газ менен камсыздоого каражат жетпей жатса, сырттан каражат издөөгө неге болбосун. Бирок ал каражат кыргыздарга алар кыргыз болгон үчүн бекерге берилбейт, ким болсо да өзүлөрүнө пайда табуу үчүн берилет.

Казакстандык жана башка жактык инвесторлордун дарегине бир топ сын-пикир, тоскоолдуктар жасалды Кыргызстанда. Менимче, кыргыз коому өзү ич ара бир мунасага келип, чет элдик инвесторлор кандай шартта иштейт, элге кандай пайда келтирет деген маселени жакшылап чечип алса. "Кыргызгазга" окшогон мамлекеттик, улуттук маанидеги ишканалар тыйынга сатылып кетпей, сөзсүз мамлекеттин өзүндө калуу керек.
  • 16x9 Image

    Венера Сагындык кызы

    Эркин Европа/Азаттык радиосунун Кыргыз кызматынын жетекчиси. 1995-жылдан тарта "Азаттыктын" Кыргызстандагы кабарчысы, IWPR уюмунда журналист болуп иштеген. Кыргызстан жана региондогу окуялар тууралуу макалалары кыргыз, орус жана англис тилдеринде жарыяланган. КМУУнун тарых факультетин, аспирантурасын аяктаган.

     

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG