Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:42

Москва: маркумдардын жакындарына жардам берилет


Өрт чыккан цех, Москва
Өрт чыккан цех, Москва

Москвада 30-январда тигүү цехиндеги өрттөн каза болгон он жарандын сөөгү Баткенде жерге берилет.

Жергиликтүү бийлик каза болгондордун жакындарына кабарды угузуу үчүн аксакалдардан жана бийлик өкүлдөрүнөн топ түзүп, алар айылдарга жөнөп кетишти.

Москвадагы тигүү цехинде чыккан өрттөн 12 адам каза тапса, алардын ичинен сегиз киши Кыргызстандын жарандары экендиги жана даректери толук такталып бүттү. Орусия жарандыгын алган эки адамдын сөөгү да кичи мекенине жеткирилет.

Ушул тапта каза болгондорду жерге берүү зыйнатына даярдыктар жүрүп жатат. Мамлекет тарабынан кандай жардам болору азырынча белгилүү боло элек. Облус жетекчисинин орун басары Бакир Жолчуев Москва шаарынын бийлиги менен да сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын айтты:

- Албетте чоң кырсык болду. Бизге президенттин каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө көнүл айткан кабарын жеткирүү тапшырмасы берилди. Биз бул окуя боюнча бүгүн эки жолу жыйын куруп, каза болгондорду тактадык. Басымдуу бөлүгү Баткен районунун тургундары экени такталды. Аксакалдардан, айыл аймак, жергиликтүү бийликтен, дин кызматкерлеринен атайын топ түзүлүп, жер-жерлерге жөнөп кетишти. Москва шаар бийлигинен да байланышка чыгышты. Жардам сунуштамай болду.

Өрт чыккан цех
Өрт чыккан цех

Окуя болгон тигүү цехинин ээси да баткендик болгондуктан ал жерде иштегендердин басымдуу бөлүгү анын жакын туугандары экен. Бир үй-бүлөдөн эже-сиңди болсо, дагы бир үй-бүлөдөн келини, балдары, жээндери болуп төрт киши өлгөнү такталды. Каза тапкан дагы бир жарандын үч кызы айылда чоң ата-чоң энесинин колунда болгон.

Жергиликтүү бийлик азырынча жакындарын жоготкон үйлөрдүн абалы менен таанышып, каза болгондорду акыркы сапарга узатуу үчүн отун-суу маселесин чечүү аракетин баштаса, цехтин ээси да жардам болоорун убадалаптыр. "Мындан тышкары өлкө жетекчилиги тарабынан да жардам берилет" деп кошумчалайт Бакир Жолчуев.

- Албетте бул адам өмүрү эч кандай материалдык баалуулук менен эсептелбейт. Бирок жетиштүү жардамдар берилет. Мамлекет башчысы, өкмөт башчысы жанан жергиликтүү бийлик да колдоого алат. Бул оор кайгыны эл-журт менен чогуу жеңилдетүүгө аракет кылабыз.

Өлкөнүн башка аймактарына салыштырмалуу Баткен облус аймагында экономикалык абал оордугунан четке жумуш издеп, анын ичинде үй-бүлөсү менен чыгып кеткендер да арбын.

Москва
Москва

Укук коргоочу Хаитали Айкынов миграциянын санын жаап-жашыргандан көрө бул көрүнүштү моюнга алып, алардын маселесин чечүү менен алектенүү зарыл экенин айтты:

- Биз миграциялык агымдын абалына кайдыгер карабай, алардын көйгөйүн чечүү жолдорун карашыбыз керек. Ар бир жараныбыз биз үчүн баалуу. Так малымат, атайын система иштеш керек. Азыркы абал миграцияга карата кандай мамиле болуп жатканынан кабар берет.

Расмий маалыматтарга караганда, Баткен облусу боюнча чет өлкөдө иштеп жүргөндөрдүн саны 30 миңдей киши деп айтылат. Мындан төрт жыл мурда облус боюнча Орусиядан ар кандай себептерден каза болгондордун саны бир жылда 27 киши экени айтылган.

Өрттөн каза болгондордун тизмесин бул жерден таба аласыз.

Москвада тигүүчү цех өрттөндү
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:23 0:00

XS
SM
MD
LG