Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 08:39

Чынара Эсенгул: Путиндин баркы түшүп жатат


Москвада 24-декабрда болгон митинг.
Москвада 24-декабрда болгон митинг.

Орусияда 24-декабрда өткөн ири нааразылык акциялары тууралуу эл аралык байланыштар боюнча адис Чынара Эсенгул ой бөлүшөт.

- Орусиянын шаарларында он миңдеген адамдар катышкан соңку митинг биринчисинен эмнеси менен айырмаланды?

- Туура айтасыз, бул экинчи жолку митинг болду. Мында ураандардын мааниси башкача болуп, келген кишилердин көптүгү менен айырмаланды деп ойлойбуз.

- Бул нааразылык акциясы өзүн актадыбы?

- Менимче, актады. Себеби азыр көптөгөн башка мамлекеттерде да бул митингди талкуулап жатышат. Биринчиден, чындап эле өзгөрүүлөргө социалдык негиз бар экен деген пикирде болуп жатышат. Эл өзү чыгып, “биз ойгондук” деп айтып жатканы Орусиянын үмүтү бар деген ойду билдирип жатат.

- Сонку митингде өкмөт башчы Путиндин дарегине өзгөчө көп сын айтылды. Бул жагдай Путиндин жаздагы президенттик шайлоодо жеңип чыгуу мүмкүнчүлүгүн кыйла эле азайтып койгон жокпу?

- Түздөн түз таасирин тийгизет деп эсептейм. Анткени бул болуп жаткан жараяндар Путиндин бийликке кайра шайланып келүү аракетин бөгөттөөнү көздөөдө. 2008-жылы Конституцияга өзгөртүү киргизилип, президенттик мөөнөт төрт жылдан алты жылга чейин көбөйгөн болчу.

Бул 2012-жылкы шайлоодо жеңген президент алты жылга шайланат дегенди билдирет. Андан кийин Путин дагы бир нерсе кылып туруп, дагы экинчи мөөнөткө калса, 12 жыл Путиндин авторитардык режиминде жашаган туура болбой калат го, келечегибизге балта чабабыз го деп элдер көтөрүлүп жатат. Путинди келтирбөө аракети болуп жатат.

Албетте соңку жагдайлар Путиндин рейтингин түшүрүүдө. Анын кадыр-баркы 2011-жылдын башынан эле түшкөндүктөн, парламенттик шайлоолор бурмалангандыктан элде ушундай маанай болуп жатат.

- Эми дүйнө коомчулугу да, Орусия эли да мындан ары эмне болот деген суроону берип жатышат. Эми окуялар кандай өңүттө өнүгөт?

- Саясий арена дайыма оппозиция жана позициядан турат. Оппозиция кандай аракет кылса да, ага бийликтин аракети таасир берет. Мисалы азыр митингге чыккандар алдыдагы президенттик шайлоолор таза өтсүн, парламенттик шайлоо кайра өткөрүлсүн деп талап коюп жатышпайбы. Эгер бул шарттарды бийлик аткарууга барса, тынч түрдө эле саясий өзгөрүүлөр болушу мүмкүн.

Бирок бийликтегилер өздөрүн күчтүү сезип, ага барбашы да мүмкүн. Элге карата куугунтукка алуу өңдүү куралдар колдонула турган болсо, нааразылык акциялары уланып, туруктуулук жок болгон абал пайда болот.

- Оппозиция өз талаптарында аягына чейин турууга кудурети жетеби?

- Менимче, кудурети жетет болушу керек. Анткени азыркы ураандарын карап көрсөк, өтө тапкычтык менен чыгармачыл мамиле жасашыптыр. Энергиясы бар экени көрүнүп жатат. Алар мамлекеттик департаменттен акча алган жокпуз деп айтып жатышат.

Алып жатабы, албай элеби, аны ким билет? Бирок чындыгында жүз миңдеген адамдардын чыгып жатканы, ураандарды жазып, ушундай маанайда болуп жатканын көрүп, алар келечекте бир топ эле кадамдарга барат деп эсептейм.

- Ай башында орус өкмөт башчысы Путин, Орусия эли Кыргызстан менен Украинадагыдай ыңкылаптарды каалабай турганын айткан. Социалдык жарылууларды алдын алуу үчүн орус бийлиги эмне кыла алат?

- Жүз миңдеген элдер чыгып, суранып жаткандан кийин алардын шарттарын аткарса жакшы эле болот го. Мисалы, парламенттик шайлоолор өтө эле бурмаланды. Административдик ресурс катуу колдонулду. Эл көрүп эле жатат да. Алар абдан ыза болуп жатышат. Бул ызаны кетиргенге азыркы бийлик шарт түзүп берсе, алардын да ийгилиги бар чыгаар.

XS
SM
MD
LG