Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:17

Бишкек - Москва: темир жолдогу азап


Бишкектен Орусияга поезд менен жол жүрүү азабын билесизби?

Кабарчыбыз Бишкек-Москва каттамындагы поездде жүргүнчүлөргө кыргызстандык, казакстандык жана орусиялык чек арачылар, бажычылар кандай мамиле жасашарын өз көзү менен көрүп, жон териси менен сезди.

Кылкылдап поюз баратса...

Бишкек-Москва каттамындагы поезд Кайыңдыга жеткенде 40 мүнөткө токтойт. Анткени бул бекеттен кыргызстандык чек арачылар бир сыйра паспортторду текшеришет, алардын артынан атайын үйрөтүлгөн иттер менен экинчи бир чек арачылар вагондо маңзат бар-жогун текшеришет. Алардан соң бажы кызматынын жашыл формачан кызматкерлери товар бар-жогун карашат.

Чек арачылар Кайыңды чек ара бекетинен айрым жүргүнчүлөрдү поездден түшүрүп калышты. Арасында балдарын жетелегендери да бар эле. Вагондун узатуучусунун айтуусунда, алардын документтери так эмес болгондуктан түшүрүлдү, эми аларга билетинин акчасы кайтарылып, өздөрү Бишкекке жеткирилет:

- Кээ бир жүргүнчүлөрдүн документинде так эместиктер болот, Орусияга чогуу алып бара жаткан балдардын тиешелүү документтери толук болбошу ыктымал. Эгерде энеси менен баратса, атасынын макулдугун билдирген ишеним каты, атасы менен баратса, энесинин ошондой эле каты, эгер алар менен эмес, башка туугандары менен бара жатса, ата-энелеринин макулдугун билдирген кат керек. Мына ушулар толук болбосо, жакшысы бул жерден эле түшүп калышканы туура. Анткени бул жерден түшсө, биринчиден белетинин акчасы бир бөлүгүнөн башкасы кайтарылат да, өздөрү Бишкекке жеткирилет.

Уккан сөздөргө караганда, кээ бир жүргүнчүлөр чек арачыларга акча берип, сапарын улантууга аракет кылышат. Бирок бул өтө тобокелдүү иш, анткени казактын же орустун чек арачылары так эмес документ үчүн кылмыш жоопкерчилигине чейин тартышы ыктымал.

Документиң так болбосо түшүп кал

Казакстандын чек арасындагы Мерке станциясында поезд дээрлик эки саатка токтоду. Бул жерде да алгач чек арачылар кирип, паспортторду текшеришти. Казак чек арачылар паспорттогу сүрөт менен анын ээсин узагыраак үңүлө салыштыраары байкалды, керек болсо кошумча документтериңди да сурап, салыштырып көрүшөт. Мисалы, менин паспорттогу сүрөтүм менен өзүмдү көпкө салыштырды, анан айдоочулук күбөлүгүм менен ID карточкамдагы сүрөттөрүмдү да салыштырган соң гана паспортума “Казакстанга кирди” деген мөөрүн басып, колума карматты. Бул жерде да чек арачылар ит ээрчитип, колдоруна бургу (дирель) кармап келишип, поезддин ар бир бурчун өтө дыкаттык менен текшерип чыгышат. Ал эми бажы кызматкерлери жүргүнчүлөргө тиешелүү сумка-баштыктарды бирден аңтарып чачтырышат. Айрым жаңы, иштетиле элек буюм-тайым, салмагы көбүрөөк тамак-аш болсо, товар катары эсептеп, ал үчүн акча талап кылышарын жүргүнчүлөр айтып жатышты.

Мындан тышкары казак чек арачылары поездде ата-энелери менен бара жаткан балдарды өзүнчө бөлүп суракка алышат. Чек арачылардын түшүндүргөнү боюнча, бул башка бирөөлөрдүн балдарын жасалма документ менен алып өтүү аракетине бөгөт коюу. Ошондой сурак учурунда кыргызстандык эне менен казак чек арачыларынын ортосунда чыр чыкты.

Өзүн Рахат деп тааныштырган айымдын кийинчерээк “Азаттыкка” айтканына караганда, чек арачылар анын 11 жаштагы кызын сөзүнөн адаштырууга аракет кылышкан:

- Сырттан тыңшап турсам, 10 жаштагы кызымды ар бир сөзүнөн адаштырууга аракет кылып атышты. Ата-эне, бир туугандары тууралуу бардык маалыматтарды так айтып бергенден кийин, “мамаңдын фамилиясы ким?” деп сурашты. Кызым “Адамбекова” деп жооп берсе, алар атайын адаштырып, “Паспортунда фамилиясы Абылдаева деп жазылып турат го” деп кайра-кайра айтышты. Бул туура эмес да, мындайга мыйзам да жол бербейт.

Көз жашка сугарылган Илецк

Казакстандын учу-кыйыры көрүнбөгөн бозоргон талааларын аралап жүрүп отурган поезд бир суткадан кийин Орусиянын чек арасына кирип, айтылуу Илецк темир жол бекетине келип токтойт. Бул бекетте Бишкектен товар ташыган миңдеген кыргызстандыктын көлдөгөн көз жашы калган. Анткени ушул станцияда “документи жок, ашыкча жүк жана башка” деген шылтоо менен орусиялык бажычылар миңдеген долларлык товарларды түшүрүп, бербей койгондуктан күйүп кеткен кыргызстандыктар көп болгон дешет.

Чынында эле орустар казактарга караганда кеп-сөзгө келе беришпейт, казактардай болуп сумка-баштыктарды аңтарбаганы менен, булар белети жок жүргүнчүлөрдүн баарын Илецкиден түшүрүп калышты. Жетелеген кичинекей балдары, көтөргөн оор баштыктары менен жыйырма чакты кыргыз жүргүнчү станциянын шаар жак сыртына заматта чыгарылды. Ошондо темир жол бекетиндеги “алты миң сомго Москвага жеткиребиз” деп шуулдаган жигиттердин азгыруусуна көнбөй, 10 миң сомго плацкарт вагонго белет сатып алганыңа ыраазы болосуң. Ал эми купедеги бир орун үчүн белет -15 миң сом турат. Бишкектен чыгып, үч суткада Москвага кирип баруучу поезд менен төрт-беш саатта аба аркылуу учуп жеткирүүчү учактын белет баасында чынында айырма аз, ушундан улам кийинки убактарда учак менен каттаган жүргүнчүлөр арбып, поезддердин вагондору бошоп баратат.

Жол улаш бараткандардын айтуусунда, Илецкиден түшүрүлгөн жүргүнчүлөр буга чейин “зайчик” же колунда белети жок эле, вагондун узатуучулары менен сүйлөшүп алып келишкен да, Илецкиден аларга Москвага чейин белет алынып, андан ары мыйзамдуу, белети бар жүргүнчү катары кете беришмек. Микрофонго сүйлөп берүүнү каалабаган сапарлашымдын сөзүнө караганда, бул жолу андай белетти эртелеп алып, даярдап турчу киши кечигип калган имиш. Эми белети жоктугу үчүн поездден түшүрүлгөн жүргүнчүлөрдү ошол киши өз чөнтөгүнөн төлөп, кийинки бекет –Оренбург шаарына чейин автобус менен алып барат, андан ары кайра поездге отуруп кете беришет экен. Кызыгы, минтип жол жүрүүгө арзаныраак акча менен Москвага жетип алсам экен деп тилеген жүргүнчүлөр өздөрү ыраазы. Алардын бири Рахат деген маектешибиз:

- Бир жагынан карасаң узатуучу албай койсо белеттин жарым акчасына кыргыздар бара турган жерине жете да алмак эмес. Ошол акчанын баарын эле узатуучулар чөнтөгүнө салып алышпайт, мына мен канча жылдан бери жолдо жүрүп жакшы билем, ал акчанын жарымынан көбү жолдогу чек арачы, бажычы, текшерүүчүлөрдүн чөнтөгүнө кетет. Ошондуктан мен узатуучулардын белети жок адамдарды поездге салганына каршы эмесмин. Мындан кыйынчылык убактарды башыбыздан кечиргенбиз, азыр бир топ оңой болуп калды. Ошол оор мезгилдерде да узатуучулар бизди колдоп турушчу.

Узатуучулар болсо бул маселе тууралуу кеп кылууну жактырышпайт.

Айрым маалыматтар боюнча, жыл сайын Кыргызстандан Орусияга агылгандардын саны 10-15% өсүүдө. Поезд, учак менен келген кыргызстандык мигранттар Орусиянын Москва баш болгон шаарларына кумга сиңген суудай сиңип кетишүүдө. Алардын арасында кайрадан Мекенине кайтып барууну каалагандарга караганда, барбай эле бул жактан оокат кылууну каалагандар арбыныраак. Бул тууралуу сөз өзүнчө болсун..
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG