Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:51

Москвада курулуш материалдары сатылган базарларда иштеген кыргызстандык мигрант жигиттер он айда беш миң доллар иштеп кетишет. Алардын жатаканасы, тамак-ашы жана жол кире чыгымдары жумуш берүүчүнүн моюнунда. Он айда иштеген акчасын жумуш берүүчү атайын банк аркылуу Кыргызстандагы үйүнө салып турат.


Жүк ташысаң 500, сатуучу болсоң 1000 доллар аласың

Москванын сыртындагы курулуш материалдары сатылган Строгино базарында соода кылган ишкерлердин 50-60% кыргызстандык ишкерлер. Базардагы цемент жыйылган контейнер төрүндө, өзүнчө жасалган кеңседе жумушчу жигиттер жана аларды иштеткен ишкер менен сүйлөшүп отурдук.

Курулуш материалдарын саткан Темир аттуу ишкердин колунда учурда жыйырма чакты кыргызстандык жигит иштейт. Алардын алды миң доллардан, арты беш жүз доллардан айлык алат:

- Курулуш базарындагы эң оор иштерди жасагандар – кыргыздар. Цемент, аралашма ташыгандардын баары биздин жигиттер. Анткени орустар, грузиндер, армяндар жана башкалар минтип иштей алышпайт. Менин колумда азыр жыйырма чакты жигит иштейт, баары кыргыздар. Арасында жүк ташыгычы, айдоочусу, сатуучусу бар. Айлык акылары ар түрдүү. Мисалы жүк ташыгычтардын айлыгы азыраак, анткени ал жүк ташып эле жүрө бербей, андан ары өсүүгө аракеттениши керек. Айдоочу, сатуучулардыкы бир аз жогору.

Жумушчу жигиттердин Москвада катталып, мыйзамдуу иштөөсүн шарттоочу документтерине, жашаган жерине, тамак-ашына, утурумдук кийген кийимине кеткен чыгымдары ишкердин моюнунда. Ал эми айлык акысы андан тышкары өзүнчө сакталат:

- Батирдин кожоюндары менен сүйлөшүп, жаткан жеринин акчасын төлөп беребиз. Участкалык полиция да биз менен гана сүйлөшүп, өз “үлүшүн” алып турат. Балдар келишимдин негизинде, эң аз дегени он айга чейинки мөөнөт менен иштейт. Маянасынан тышкары жеген-ичкени, жатканы баары биздин эсептен. Мөөнөтү бүтүп, Кыргызстанга кетем десе, айлыгын банк аркылуу салып жиберебиз же кааласа колуна беребиз.

Биздин маектеш белгилегендей, жумушчу жигиттер менен иш берүүчүлөр көбүнчө оозеки келишим түзөт. Анда жумушчулардын милдети менен бирге эле иш берүүчүнүн да милдети бар, анын ичинде жумушчу ооруп калса же дагы башка бир кырсыкка кабылса, чыгымын толугу менен иш берүүчү көтөрөт:

- Кокус тумоолоп калса, жумушка чыкпай үйдөн дарыланат. Оорусу катуу болсо же жаракат алса, тез жардам чакыртып, ооруканада дарылатабыз. Иш оор, көрүп турасыздар, кээде ар кандай кокустук болот, андай учурларда толугу менен өзүбүз дарылатабыз, балдар биздин моюнубуздагы аманат.

Маектешибиздин айтымында, бул системаны алгачкылардан болуп ыраматылык Бахтияр Амиражанов жана анын жанындагы ишкерлер негиздеген экен. 2000-жылдардын башында, Кыргызстандан Орусияга айылда бош жүргөн эркектерди алып келип, иштеткен кыргызстандык жигиттердин тобу пайда болуптур деген сөздөр айтылчу. Алардын арасында башында түзгөн келишимди жокко чыгарып, жумушчунун айлык акысын бербей койгон ишкерлер да болуптур. Бирок азыр андайлар жок экенин жумушчу жигиттердин бири – Уларбек ырастады.

Аскердегидей тартипке чыдагандар чыдайт

Уларбек башында эл катары ишин жүк ташыгычтан баштаган. Бүгүн ал айдоочу болуп иштеп, курулуш материалдарын ташыйт. Уларбектин айтуусунда, бул жерде келишим бүткүчө чыдап иштеген жигиттер аз:

- Иштесе болот. Жумуш оор деле эмес. Бирок көбүнчө жаш жигиттер тартиптин катуулугуна чыдабай кетип калышат. Анткени аскердегидей тартип, эртең менен 6да уйкудан турасың, 8де иште болуп калышың керек. Кечки саат сегизге чейин ушул жерде жүрөсүң. Үй-иш-үй. Күнүгө ушундай режим, эс алуу жок. Жаңы жылда гана базар үч күнгө жабылат. Ошондо бир аз эс албасак, калган майрамдарды белгилебейбиз.

Келишим мөөнөтү он ай. Кээде гана бир жылдан ашуун убакка түзүлөт. Негизинен оозеки түрдө. Жумушка каалаган киши эле кабыл алына бербейт, көбүнчө тааныш-туугандар тартылат. Жигиттерге ичимдик ичүүгө, тамеки тартууга болбойт. Шаарга чыгып, дос-тааныштары менен жолугушуп келүүгө чанда гана уруксат берилет:

- Биздин Москвада тааныштарыбыз, туугандарыбыз деле бар. Аларга учурашып келейин деп сурансаң, жетекчи уруксат бербейт. Анткени анын колунда мага окшогон жыйырмадай бала иштейт. Мага уруксат берсе, алар да суранат. Баарыбызды чыгарып жиберүүгө болбойт. Ошондуктан баарыбызга бирдей мамиле кылат.

Жумушчу жигиттерге шаарга чыгып, ары-бери басууга көп эле уруксат бербеген себебин ишкер маектешибиз коопсуздукка байлады:

- Майрам түгөнбөйт, бир күнү классташынын, дагы бир күнү таанышынын туулган күнү. Кээде суранышат, жакшы иштесе, алдабаса коё беребиз. Эми ар дем алыш сайын эле уруксат бере берсек, анда ким иштейт? Жат жерде жүрөбүз, иштейм деп келгенден кийин иштеш керек. Балдарын ата-энелери бизге ишенип тапшырган соң, биздин да жоопкерчилик бар.

Үй-бүлөлүү жигиттер кезек менен айылдан келинчегин чакырып, эки жумадан бир айга чейинки мөөнөттө чогуу жашоо укугуна ээ. Андай учурларда келинчектеринин Кыргызстандан келип-кетүүчү жол акысы да жумуш берүүчүнүн капчыгынан төлөнөт.

Мындай келишим менен беш-он жылдан бери иштеп келе жаткан мекендештер да бар. Алардын айрымдары Москвага мектепти бүтөрү менен келип, бул жерде иштеп жүрүп, үйлөнүп, бала-чакалуу болгон. Көпчүлүгү Кыргызстанга “бийлик оңолуп, элдин турмушу оңолгон соң” гана барарын айтышат.

Расмий маалыматтар боюнча, ушул тапта Орусияда 500 миң чамалуу, бейрасмий маалыматтар боюнча 1,5 млн. кыргызстандык иштейт. Өткөн жылы сыртта жүргөн мигранттардын Кыргызстанга которгон акчасынын суммасы 2 млрд. доллардан ашкан.
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG