Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:20

Орусиянын Сахалин облусунда Кыргызстандан баргандар негизинен курулуш жана балыкчылык тармагында иштейт.

Базарда, тейлөө тармагында алектенгендер, унаа менен жүк, эл ташыгандар да арбын.

"Кыргызстан көздөн учат..."

Өткөн ай этегинде Орусиядагы Кыргызстандын элчиси Болот Жунусов аталган аралдагы кыргыздардан кабар алды. Жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен жолугушуулар өттү жана анда мигранттардын түйшүгүн жеңилдетүү, ардактуу консул дайындоо маселеси тууралуу сөз болду.

Сахалиндин борбору Южно-Сахалинск шаарынын базарындагы кыргыздар негизинен кытайлардын товарын сатып берет экен. Алардын бири Дина айымдын Орусияда жүргөнүнө баш-аягы 20 жылдан ашыптыр:

- Бала-чакамдын баары Орусиянын жарандыгын алган. Ушунча элге мүмкүнчүлүк берип, жан сактатып атканына бир чети Орусияга рахмат. Орусия болбосо эмне кылат элек?.. Иштеп жатабыз. Кыргызстанды сагынабыз. Илгери туулган жердин топурагы алтын дегенге көп маани берчү эмес элем. Азыр Кыргызстан көздөн учат. Жакында барам. Бул жакта кыргыздар кыйналганы кыйналып атат, бутка турганы ирденип, ишкана ачып жакшы иштеп жатат. Сахалинде кыргыздар абдан көп деп айтышат. Чынында эле ошондой болсо керек, Кыргызстанда жүргөндөй эле болобуз. Автобуска түшсөк кыргыз, дүкөнгө кирсек кыргыз, базарда бүт кыргыз...

Базарда отургандардын баары Орусиянын жарандыгын алган. Арасында Замира аттуу айым да бар:

- Эки баламды Орусиянын Сургутунда төрөгөм, кичинекейим бул жакта төрөлдү. Кыскасы үчөө тең Орусияда жарыкка келди. Балдарымдын баары бул жакта, кызым 6-класс, уулум болосо 2-класс, кичинекейим болсо бала бакчага барат. Күйөөм бул жакта айдоочу болуп иштейт. Мен болсо убактылуу базардамын. Эми жакшы эле, “кыбыраган кыр ашат”, болуп кыймылдасаң тыйын түшө берет. Балдарга жакшы эле жөлөк пул алам. Балдарды жакшы эле колдошот. Бир жылда бир жолу бекер лагерге барышат. Кичинекейим бала бакчага бекер барат.

Иштеп жакшы акча тапканын айткандар менен кошо кыргыздардын минтип чачырап жүргөнүнө кейигендерди да жолуктурдук:

- Кыргыз өкмөтү элге бир иш кылып жатабы? Эч нерсесинин, карыз акчасынын да кереги жок. Элге жумуш берсинчи, Кыргызстанды чачпасынчы... Кыргызстан минтип чачылып жатса, эртең эмне болот? Мына биз азыр баарыбыз Сахалинден үй алып жатабыз. Кыргызстанда ким калат? Мына мен Союз ыдырагандан бери Орусияда жүрөм. Эптүүлөр эптеп атат, эптей албаганы кыйналып эле жүрөт, канчалары кете албай жүрөт, дагы канчалары түрмөдө жатат.

Иши жүрүшкөн мигранттар

Сахалинде курулуш ишканасын ачып, ийгиликтүү иштеп жаткан кыргыздар да бар. Алардын бири 27 жаштагы Максат Мураталиевдин курулушчулары азыр Поронайск шаарында 3 кабаттуу, 200 орундуу бала бакча куруп жатат:

- Бул жакка 2010-жылы ноябрда келгем. Төрт ай иштеп, төрт билетке акча таап, мурда мени менен иштеген балдарды чакырып, чоңураак объект алып иштеп, улам-улам балдарды чакырып көбөйтүп отуруп 1,5 жылдан кийин фирма ачышка туура келди. Бул жакта кыргыз диаспорасы бар. Ал жакта Адыл деген досубуз бар. Ошол адамдар менен таанышып, алар аркылуу бул жактагы таасирдүү адамдар менен таанышып, фирма ачып, учурда ушундай чоң объекттерди салып атабыз. Бул 15-16-чоң объект. Мобул бала бакча губернатордун долбоору. Жалпы баасы 206 миллион рубль. Бул жерде 60тан ашык кыргызстандык иштейт. Жөнөкөй эле курулушчу чыгымынан сырткары айына 1,2-1,3 миң доллар табат. Жакшы усталар 2 миң долларга чейин алат.

Мигранттардын арасында искуство адамдары да бар экен. "Жүк ташуучу унаанын айдоочусунун арманы" аттуу ырдын автору Бакыт Пирматов шаарда эл ташыйт:

-Убагында 91-жылдары Рыспай Абдыкадыров агайдын колунда окугам. Анда музыкалык институт болчу. Өзүмдүн кесибимде иштеш мага татаал болду. Иштей албай калдым. Орусияда курулушчу, жүк ташыган, эл ташыган унаа айдадым. Охотскийде турабыз. Ушул жерден 700 чакырым алыскы шаарга ушул жерден кум ташыдым. 20 тонна кумду бир сутка дегенде араң жеткирем, жолдору өтө начар. Ал жумуштан чыктым. Андан кийин автобуска кирдим. Кыргызстанда автобус айдаган эмесмин да. Ишке кирип жатканда ооба, союздун тушунда узун Икарус автобустарды айдап жүргөм деп койдум. Линияга чыктым, автобусту бурганда эсептей албай, арткы дөнгөлөктөрү жолдон чыгып кетет. Ошентип араң үйрөнүп, көнүп кеттим...

Кыйналган кыргыздар

Сахалинде негизинен документтери жөндүү эмес мигранттар аябай кыйналат экен. Турарбек аттуу бул жигит документинин айынын Кыргызстанга кете албай жүргөнүн айтып берди:

- Бул жакка 2011-жылы келгем. Келгенден кийин үч айдан соң документ жасата албай калдым. Документтен өтө кыйналып, анын-мунун документтери менен иштеп жүрдүм. Мен эле эмес, көп эле адамдар ушинтип иштейт. Азыр мен Кыргызстанга кетишим керек болуп жатат. Кандай кылаарымды билбейм. Билет алып аэропортко барсам, кармап камап коёт. Билетим күйөт жана 3-4 айга камалам. Бир фирмага кирип, андан чыккандан кийин бир жылга каттоого туруш керек экен. Мен ошол нерсеге жетише албай калдым. Эгер мен азыр кете турган болсом, мени андан кийин беш жылга бул жакка киргизбейт. Мен эми кайра келиш үчүн чоң чоң атамдын фамилиясына катталып, жаңы документ алышым керек. Бирок менде азыр бул жакта бармак басым изди алып калып жатышат.

Орусия соңку мезгилде миграциялык мыйзам-эрежелерин катаалдантып, анын айынан Кыргызстанга депортациялангандар да көп. Жамалдин Ашимовдун туугандары да ушундай абалга туш болгон:

- Документи жок жүргөн карындашым менен күйөө балам колго түштү. Кармалаары менен бара албай калдым. Сот болгондо сот мага билет алып келгенге бир саат убакыт берди. Мен ал убакытта үлгүрө албай калдым. Үч күндөн кийин билет алып келейин деп кайрылсам, аларды коё бербей койду. Эки айдан кийин депортация кылышты. Алар бир жыл мурун келген эле. Убагында акчалары жок каттоодон өтө албай калышкан.

Улутуна күйгөндөр

Сахалинде жүрүп кыргызстандыктар спортту көнүл сыртына калтырбаганына күбө болдук. Биз барганда Южно-Сахалинск шаарынын борбордук аянтында күрөш боюнча мелдеш өттү. Аны уюштуруучуларынын бири Үмүт Мурзамуратов спорт менен кошо тартип маселеси караларын айтып берди:

- Балдарыбыз жаман жолго түшпөсүн деген эле ниет. Спорт менен ар дайым машыгып жүргөн жакшы да. Ошондуктан спорттук иш-чараларды такай уюштуруп турабыз. Бул жакта өзүбүздүн спорт залдарыбыз бар. Балдар эрежесиз мушташ боюнча мелдештерге чыгат. Футболдон биринчи орунду алышты. Волейбол ойногондору да бар. Спорт менен машыккыла, жакшы иштегиле деп турабыз. Арак-шарап ичпей жакшы жүрсө өзүбүздүн элибиз, улутубуз үчүн эле жакшы да. Тарбияга чакырып, чогулуштарды өткөрүп турабыз. Жаман жолго барбагыла деп ынтымакка чакырып, акыл-насаатыбызды айтабыз. Тартип коргоо органдары деле бул жакта кыргыздар арасында олуттуу кылмыш жасагандар дээрлик жок экенин айтышат. Эгер өзүбүздүн арабызда кандайдыр бир маселе чыкса өз ара эле чечебиз. Бирок орчундуу кылмыштар жок.

Эшимбет Толбаев Сахалиндеги кыргыз диаспорасынын башчысы. Ал журтташтарга колдон келген жардам берилип жатканын кеп салууда:

- Диаспора расмий түрдө 2008-жылы ачылган. Ага чейин деле мекендештерибиз менен чогулуп, чогуу-чаран жүрчүбүз. Бир ирээт чогулуп алып расмий каттоодон өткөрүп, бир уюм ачышыбыз керек деп чечтик. Биздин негизги максат - жаңы келгендерге мисалы документ жактан каралашуу. Эрежелерди түшүндүрүп беребиз. Мигранттарга Орусиянын мыйзамдары, эрежелери тууралуу эскертме бар, ошолорду таратабыз.

Элчилик мигранттарга кол сунууда

Өткөн ай этегинде Кыргызстандын Орусиядагы элчиси Болот Жунусов Сахалинде болду. Ал жактагы кыргыздар менен жолугуп, миграциялык мыйзамдардагы өзгөрүүлөр, эрежелер тууралуу айтып берди. Южно-Сахалинск шаарынын мэри Андрей Лобкин менен жолукту. Анда маданий борбор түзүүгө кол кабыш кылууну өтүндү, ардактуу консул ачуу жактарын сүйлөштү:

- Кайсы жер болбосун, диаспора өкүлдөрү менен жолукканда жашап жаткан жердин маданиятын, мыйзам-эрежелерин сыйлагыла деп айтып келем. Биринчи кезекте биз биздин эл тууралуу жакшы пикирлер гана болушун каалайт элек. Ар кандай жолугушууларда биздин эл тууралуу пикирлер негизинен жакшы экенине күбө болуп жатам. Биздин кийинки максат ушул абалды сактоо. Бул жактагы кыргызстандыктардын көпчүлүгү Орусиянын жарандыгын алышты. Алар бул жакта орус коомчулугуна жакшыраак аралашуусуна кам көрүү керек деп ойлойм. Менимче, бул Орусияга, андагы жеригиликтүү бийликтерге деле пайдалуу.

Кыргыз элчиси ушундан улам шаар башчысынан Маданий борбор ачуу үчүн жер же имарат бөлүп берүүнү өтүндү. Элчинин айтымында, ал жерде кандайдыр бир маданий иш-чараларды өткөрүп, анын ичинде социалдык адаптация боюнча да иштер өткөрүлүп турмак. Ошондой эле орус тилин жакшылап үйрөнүүгө да шарт түзүлмөк.

Расмий маалымат боюнча, Сахалинде азыр 8 миңдин тегерегинде кыргызстандык жарандар бар. Бейрасмий маалыматтарга караганда, алардын саны 15-20 миңге чейин барышы ыктымал.

Тасмада: Сахалиндеги кыргыз куруучулары

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG