Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 01:01

"Азыркы кыргызстандык" рубрикасынын бул жолку коногу - Москва шаарындагы “Мигранттарды колдоо борборунун” башчысы, ишкер, меценат Чолпон Осмонова.


Миграциядан башталган жол

- Мен бул ишкананы жаап кетсем, көп мигранттар жардамсыз калышат. Анткени алардын жергиликтүү адвокаттарга бир эле кирип чыкканы жүз доллар. Ал эми биздин укуктук жардам бекер. Жалаң эле кыргызстандыктар эмес, өзбек, тажик, молдован мигранттары да жардам сурап кайрылышат. Аларга да каттоого туруудан тартып, жарандык алуунун мыйзамдуу тартибин түшүндүрүп, кеп-кеңеш беребиз, - деген Чолпон Осмонова менен биз мигранттарды мыйзамдуу түрдө каттоого тургузуу, жумушка уруксат алып берүү маселесин иликтеп жүргөн учурда тааныштык.

Чолпон айым качандыр бир өзү мигрант болуп жүргөнүн, ошондо тарткан азап-тозогу азыркы кесибине түрткөнүн эстеп отурду:

- Мектепти жакшы окуп, андан кийин жогорку окуу жайын ийгиликтүү аяктадым. Бирок артыкчылык диплом болгону менен жумуш жок. Болсо да тааныш, акча керек. Ошондуктан башкаларга жалдырагым келбей, мигранттардын катарына кошулдум. Түштүк Кореяга баргандардын биринчи агымында элем, ал жакта үч жыл иштеп, тил үйрөндүм. Бош жүрбөй Samsung компаниясына ишке орноштум. Тил үйрөнүп алган соң, атайын ишкана ачып, Кыргызстанга товар жибере баштадым. Андан кийин Москва, Түркия, Кытай, Германия, Дубайга чейин барып, түрдүү жумушта иштедим. Кореяда иштеп жүргөндө ата-эне, туугандан, мекенинен алыста жүргөн мигранттардын кыйналганын көп көрдүм. Бирок ал жердеги кыйналуу менен Москвадагы кыйналууну салыштырып болбойт. Түштүк Корея кантсе да өнүккөн өлкө эмеспи, бирок миң жакшы болсо да өз элиңе, өз жериңе жетеби. Ошондо эле жанталашып чуркап, көп кишиге жардам берчүмүн. Азыр мага бул жердеги мигранттардан тышкары Бишкектен да жардам сурап кайрылышат. Оорулуу балдардын операциясына, түрмөдө жаткандарга көмөктөшкөн учурлар болгон. Бишкектеги балдардын олимпиадалык айылынын ардактуу президентимин, ар кандай иш-чараларын өткөрүүгө колдоо көрсөтүп турам.

Союз таркагандан кийин замандын агымына жараша өзгөрүү зарылдыгын түшүнгөн Чолпон эки-үч жогорку окуу жайын окуп, бир нече тил үйрөнүүгө жетишет. Бул кийин дүйнө кыдырып, ишкердик кылууга чоң жардам берет.

Өзгө жерде өзгө жардам бергим келди

Чолпон айым бала кезинде эле бирөөнү бирөө ак жеринен күйгүзүп атса жөн карап тура албачу экен. Ошол адилеттик үчүн күйүп-жанган мүнөзү бир убакта чет жердеги ишкерлигин таштап, мекенине кайтууга аргасыз кылган. Алгачкы акыйкатчы Турсунбай Бакир уулунун тушунда акыйкатчынын Жогорку Кеңештеги өкүлүнүн милдетин да аркалап калат:

- Кыргызстанда акыйкатчынын Жогорку Кеңештеги өкүлү болуп иштегем. Ошол кездеги акыйкатчы Турсунбай Бакир уулу да мигранттардын маселесин көп чечти, менин ишим да Кыргызстандан сыртта иштеп жүргөн мекендештерибизге көбүрөөк байланыштуу болчу. Ошондон уламбы өзүмдү кээде мигранттар үчүн жаралгандай сезем. Себеби эки жактын баарын кыдырып, Москвага келгенден кийин бул жердеги мигранттардын абалын көрүп, ар тараптуу жардам бергим келди. Анткени аларга орус полициясынын кылган мамилеси: акча алганы, кармаганы, депортация кылганы, скинхеддердин коркутканы деги койчу баары мага ушунчалык өөн учурады. Ушундам улам аларга укуктук жактан сабатын ача турган, мыйзамдуу документ жасоого көмөктөшүүчү ишкана ачтым.

Кыргызды сызга отургузган кыргыз

Жакшы турмуш издеп, Орусияга келген кыргыздарды кайра эле кыргыздар алдап, сызга отургузуп кетишет. "Көп учурларда буга алданган жердештерибиз өздөрү күнөөлүү"-дейт Чолпон айым:

- Бири-бирин алдаган эле кыргыз. Көп, абдан көп. Өзгөчө кыргыз элчилигинин алдына туруп алып, “элчиликте иштейбиз, мыйзамдуу бүтүрүп беребиз” , -деп акчаларын алып, жасалма документти колуна карматкан соң жылт коюшат. Аларга алдангандарды полиция кармаганда Федералдык миграция кызматынын базасында жок болуп чыгат да, жок жерден эле жоопко тартылып, депортация болушат. Андай алдамчылар менин ишканамдын атын да сатып, иштеп жүрүштү. Көп учурда кадимкидей суранчумун, койгула, мындай кылбагыла деп. Бир жагынан көчөдө турган эле кишилерге документтерин, акчасын ишенип кармата койгондорго таң калам. 100-200 рубль арзан болсо эле тобокелге бара беришеби? Мисалы жумушка орношууга уруксат кагазын биз аркылуу алып жаткан жаран ФМКнын кеңсесине барып, ошол жерден паспортун көрсөтүп, анан алышат. Ал эми жалган уруксат кагаз жасагандар көчөдөн деле таратып коё беришет деп угам. Бирок айрым мигранттар өздөрү “жасалма документ барбы?” деп сурашат, анткени оригиналын алууга акчасы жетпейт. Биз андайларга мүмкүн болсо акча таап, оригиналын алуусун сунуштайбыз.

- Жасалма менен оригинал документтин баасында канча айырма бар?

- Көп деле эмес. Мисалы өткөндө бирөө 15 миң рублге жасатыптыр, текшере келгенде миграция кызматынын базасында жок болуп чыкты. Бизде 18 миң рубль турат. Ал эми каттоого туруу 800 рублден өйдө. Мыйзамдуу ишканалардан документ алгандар сөзсүз түрдө миграция кызматынын каттоосунда болот, биз аркылуу документ жасаткандардын ичинен бир гана жаран депортация болуптур, аны дагы ичип алып полицияга кол көтөргөнү үчүн жолго салышкан экен.

- Каттоого тургузууда кандай шарттар эске алынат? Мисалы мигранттарды каттоого койуучу бир турак-жай, дарек болушу керек да...

- Албетте. Биз каттоону сөзсүз түрдө юридикалык дарекке коёбуз. Орусиянын мыйзамдары боюнча бул жакка келген жаран бир жумага чейин каттоого турбай жүрө алат, андан кийин сөзсүз турууга тийиш. Дагы бир белгилеп кетүүчү нерсе – каттоого турган эле күнү базага киргизилбейт, үч күн күтүү керек. Ошону полициялар же билбейт, же атайын акча талап кылышабы айтор, жаңы эле каттоодон чыгып келе жаткан жарандарды кармап алып, кыйнай беришет.

Ошондой учурларда бизге кайрылган жарандарга укуктук жактан жардам берип, ар бир мигранттын таламын талашып, чыгарып алабыз. Кийин алар көп учурда келип, же жок дегенде телефон чалып, ыраазылык билдирет. Мен булардын мыйзамсыз иштеген полициясына да, миграция кызматкерлерине да каршымын, анткени кээде биздин мигранттарды ушунчалык ыйлатышат.


Думага жөнөтүлгөн долбоор

Акыркы убактарда орус өкмөтү тарабынан мигранттарга карата уламдан-улам күчөтүлүп жаткан шарттарды ашыкча санаган Чолпон айым Мамлекеттик Думага өзүнүн сунушун да киргизиптир:

- Жумушун берип, акысын төлөп атканы үчүн Орусияга бир жагынан ыраазы болсом, бир жагынан нааразымын. Анткени ар кандай документ үчүн байкуш мигранттар итапкан акча төлөшөт. Мисалы, орус тилинен экзамен тапшырсын деп атат, бул маселе деле акча менен чечилет. Азыр жумушка иштөөгө уруксат берген кагазды алуу үчүн мигранттар кан тапшырууга милдеттүү, манжасынын тагы да тартылып алынат. Мунун баары бекер эмес. Орто эсеп менен биздин мигранттар мына ушунун баарына миң долларга чукул акча сарптайт. Ошондуктан мен мигранттарга байланыштуу атайын мыйзам жазып, Мамлекеттик думага сунуштагам. "Кыргызстандык мигранттарга үч жылдык паспорт бергиле, Орусиянын жарандары катары иштесин, убактысы бүтсө аны дагы үч жылга узарталы" деп. Эгер ал иштеп калса, жакшыраак айлык төлөөчү ишке орношуу үчүн орус жарандыгын алуу жараяны да токтойт эле. Өткөн жылдын аягында президент Атамбаев Москвага келгенде да бул тууралуу кулак кагыш кылгам. Азырынча эки тараптан тең эч кандай реакция жок.

Ар бир жардам - Мекенге кошкон салым

Күнүмдүк оокат үчүн мекенин таштап келип жаткан мигранттардын агымын азайтуу үчүн бийлик, парламент жакшы иштеши керек деген Чолпон Осмонова 2007-жылы парламенттик шайлоого “ЭрК” партиясынын тизмесинде катышкан. Бирок жалаң көз боёмочулук менен өткөн шайлоодон көңүлү калып, кайра Москвага кайткан Чолпон айым андан көрө бул жерде туруп, мигранттарга жардам берсе, пайдасы көбүрөөк экенин сезет:

- Кеминде туулуп-өскөндүктөн мен да Кеминден өзүмдүн талапкерлигимди Жогорку Кеңештин депутаттыгына койууну туура көрдүм. Анткени ошол аймактан мурунку президенттин уулу менен кызы коюп аткан, алардын атасы президент болсо, менин атам Абдурасул Осмонов жазуучу болгон. Ошентип шайлоого да катыштым. Бирок анын акыйкатсыз, жасалма өткөнүн көрүп, көңүлүм калды. Мурдараак акыйкатчынын парламенттеги өкүлү болуп иштеп жүргөндө өз көзүм менен көрчүмүн: айрым депутаттар трибунада туруп бирди сүйлөп, мындай чыгып алып таптакыр башка иш кылчу. Акыйкатсыз шайлоодон адилеттүү депутат деле шайланбайт тура. Андан көрө чет жердеги мигранттарга жардам берсем, Кыргызстанга көбүрөөк пайдам тиерин түшүндүм. Аларга укуктук жана башка жактан колдоо кылсам, алар иштеп, үйлөрүнө көбүрөөк акча жибере алат.

Кыргызстан эртерээк ирденсе экен

- Азыр өкмөт бир аз туруксуз болуп аткансыйт. Президент өз ишин аткарып атат, премьер-министр деле жан үрөп аткансыйт. Бирок ар ким өз командасына тартып эле, “сен Акаевдин адамысың, сен Бакиевдин кадрысың” деп жектей берсе, анда иш жүрбөйт. Ошондуктан улам-улам митинг, нааразылык кыла бербей, бийликке иштөөгө мүмкүнчүлүк берүү керек. Мен ишенем, Кыргызстан оңолот. 2002-жылы Түштүк Кореяда мигрант болуп иштеп жүргөнүмдө ал жактын президенти өлкөсүнүн эгемендүүлүк майрамында сүйлөгөндө айткан эле: “Кореяны жыйырма жылда көтөргөндөр –чет мамлекеттерде мигрант болуп иштеп жүрүп, кайра мекенине кайткан жарандарыбыз” деп. Ошондуктан мен да үмүттөнөм, кудай буюруса бир убакта биздин бакыт издеп, жакшы жашоо издеп, дүйнө жүзүнө чачыраган мекендештерибиз туулган жерге кайтат. Азыр алардын көпчүлүгү иштин көзүн билип, мыкты адис болуп калышты. Качандыр бир убакта алардын Кыргызстанды көтөрөрүнө үмүтүм чоң.
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG