Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 01:52

Орусияда сот органдарынын акыйкатсыздыгы мигранттардын массалык түрдө депортациялануусуна себеп болууда. Айрым учурларда мыйзамдуу жүргөн мигрант дагы катаал сот системасынын курмандыгына кабылып жаткандыгын укук коргоочулар белгилешет.

Кыргызстандык Зуура Айтикеева Москвадагы соттордун иштери менен жакшы тааныш. Анын уулун Орусияга келген биринчи күнү эле полиция көчөдөн кармап, ошол түнү соттоп, 5 миң рубль айыпка жыгып, колуна Орусиядан чыгып кетүү боюнча чечимди карматып койгон.

- Баламды алып барып эле камаган. Москвага келгенине бир күн болгон. Жанында документтери, телефону дагы жок болчу. Аны колундагы авиабилетте жазылган фамилия жана аты боюнча соттоп туруп, Орусиядан чыгып кетүү боюнча токтомду карматып койгон. Соттогондо да 20 адамды чогуу алып кирип, эч нерсе териштирбей эле бир түндө жаза чегерип коюшкан. Башында “мейли, Кыргызстанга кетире берели” дегенбиз, кийин адвокат таап, сотко кайрылдык.

Бир топ чыгымдарга карабай Зуура баласы менен адвокат жалдап, күтүүсүз соттун чечимин жокко чыгарууга жетишкен. Москвада мигранттын депортация боюнча соттун чечимин жокко чыгарганы сейрек кездешчү көрүнүш.

Мыйзамсыз мигранттарды кармоо операциясы, 14-октябрь, 2013

Мыйзамсыз мигранттарды кармоо операциясы, 14-октябрь, 2013

Рашид Токтобаев Кенже аттуу тууганы сотто мындай акыйкаттыкка жете албай, мыйзамдуу иштеген жеринен Кыргызстанга чыгып кетүүгө мажбур болгонун айтат.

- Иштеп жатканына эки ай болгон. Иши жакшы болчу, документтерин мыйзамдаштырып, эмгек келишиминин негизинде иштеп жаткан жеринен депортация болду. Соту болгон, сотто ошол Орусиядан чыгып кетүү боюнча токтомду карматып коюшкан.

Москвадагы соттордун мигранттарга карата акыйкатсыз мамилесине “Жарандык көмөк” комитети жарыялаган доклад дагы далил. Докладда айрым сот өкүлдөрү бир күндө мигранттарга байланыштуу 94 ишти карап, дээрлик бардыгында чет элдик жаранды айыппулга жыгып, анан Орусиядан депортациялоо чечимин кабыл алганы тастыкталган. Сот жараянында бир мигранттын иши беш мүнөттө каралары белгиленген.

“Жарандык көмөк” комитетинин кызматкери Константин Троицкий андан тышкары мигранттарды жоопко тартууда бир катар мыйзам жана укук бузуулар болоруна токтолду.

- Биздин иликтөө Москвадагы соттор мигранттардын ишин караганда бир топ мыйзам жана укук бузууларга барарын тастыктап турат. Биринчиден, мигранттардын сот ишине байкоочулардын катышуусуна бөгөт коюп келишкен. Экинчиден, мигранттардын өздөрүн сотко алып барбай эле колуна соттун чечимин карматып коюшкан да учурлар болгон. Үчүнчүдөн, сот ар бир мигранттын иши жеке карабастан, 20га чейин кишини топ-топ кылып сотко чогуу киргизилип, бардыгына бирдей чечим чыгарылган. Кээде чет элдик жарандын аты-жөнү расмий талап кылынган процедура боюнча такталган дагы эмес.

Казан вокзалы

Казан вокзалы

Троицкий Орусиянын сотторунда мигранттардын укуктарын бузуу боюнча иликтөө коомчулукта резонанс жаратканы менен бийлик өкүлдөрүнөн эч кандай реакция сезилбегенин белгилейт.

Кыргызстан былтыр Евразия экономикалык биримдигине киргенден кийин эмгек мигранттары үчүн жеңилдик алып, Орусияга кирүүгө тыюу салынган 200 миң жарандын 76 миңи “кара тизмеден” чыгарылган.

Кыргызстандын миграция боюнча мамлекеттик кызматынын башчысы Бакыт Адылов учурда “кара тизмеде” калган 120 миң жаранды чыгаруу боюнча Москва менен сүйлөшүүлөр уланып жатканын айтат.

- Орусиянын миграциялык кызматы ИИМдин курамына өтүп кетти. Ошон үчүн биз мурунтан сүйлөшкөн иштер токтоп калды. Эми ИИМдин алдындагы жаңы Миграция башкармалыгы менен “кара тизме” боюнча жолугушуу демилгесин көтөрүп жатабыз. Бирок орус тарап жооп бере элек. 30-майдан 4-июнга чейин Орусиянын бир катар чоң шаарларында кыргыз диаспоралары менен дагы жолугушабыз. Албетте, Орусияда миграциялык мыйзам бузуп, “кара тизмеге” түшкөн адамды андан чыгаруу бизге деле оор болуп жатат.

Адылов жыл башынан бери Орусияда эмгектенген канча жаран депортацияга туш болгону, канчасы административдик мыйзам бузуулар боюнча “кара тизмеге” кабылганы белгисиз экенин айтат.

Чет элдик жарандар Орусиянын Административдик кодексинин 18-беренесине ылайык миграциялык мыйзамдарды бузгандыгы үчүн айыппул төлөп, 3-10 жылга чейин Орусиянын аймагына кире албагыдай шартта депортацияланат.

  • 16x9 Image

    Лазат Жаныбек кызы

    "Азаттык" радиосунун Москвадагы кабарчысы. Орусиядагы Улуттук изилдөө университетинин Экономика жогорку мектебинде окуйт. К.Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетин бүтүргөн. 

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG